«КЫРГЫЗ ДЕСЕМ ЧЫҢГЫЗ КЕЛЕТ ЭСИМЕ, ЧЫҢГЫЗ ДЕСЕМ КЫРГЫЗ КЕЛЕТ ЭСИМЕ»
- 20.11.2023
- 0
Асылын ойдун тургузган,
Акылы аалам сыйгызган.
Алабыз дүйнө таанымды,
Атабыз Улуу Чыңгыздан.
Чыгыштан чыкты Чыңгызхан,
Чыгаан көп кытай, индустан.
Чынында бирок чыккан жок,
Чыңгыздай болуп кыргыздан.
(Мундузбек Кунасов)
Гульзат Абыкаева, Бишкек шаарындагы И.В. Панфилов атындагы №6 Автордук окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, билим берүүнүн мыктысы
(Чыӊгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган класстан тышкаркы сабак, 9-11-класстын окуучулары үчүн)
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз элинин белгилүү жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры — Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы жөнүндө маалымат алышат жана чыгармалары менен таанышат;
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар оозеки кебин, адабият жана тил боюнча билимдерин өнүктүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк: Ч.Айтматовдун көркөм чыгармалары аркылуу кыргыз элин, жерин, Мекенин сүйүүгө үйрөнүшөт, сахнада тартынбай өзүн алып жүрүүгө көнүгөт.
Сабактын формасы: сабак-театр
1-алып баруучу:
Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме,
Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме.
Кыргызым деп, Чыңгызым деп эргисем,
Кубангандан жаш кылгырат көзүмө.
2-алып баруучу:
Бабам Манас бардык жерде даңкталып,
Аккуласы аалам жарып өтсө экен!
Агам Чыңгыз бардык элде баркталып,
Алп таланты калат элдин эсинде.
1-алып баруучу: — Урматтуу мугалимдер жана окуучулар, бүгүнкү ааламдын алп жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эскерүү кечесине кош келиңиздер!
2-алып баруучу:
Өткөрбөй иштөө керек иштээр маалдан,
Алп жумуш кайда качмак иштермандан.
Арийне, Айтматовдун «обонуна»
Ауэзов Мухтар ага куштарланган.
1-алып баруучу:
Бул «обон» чын сүйүүнүн бу күндөгү
Эң сонун баяны деп дүйнөдөгү,
Парижден Луи Арагон кол булгады,
Билсин деп бүт жер жүзүн үндөгөнү.
2-алып баруучу:
Жаралган жер сорусу улуу тоодо,
«Махабат ыры» деген бул обонго.
Жүрөгү миң миллион адамдардын
Жамийланын так өзүңдөй жалындоодо.
Жазуучунун «Жамийла» повестинен инсценировка (11-кл. окуучулары)
Жамийла: Шай оромол бир байлам,
Жанымда жүрсөң садагам. (андан ары обон салып ырдайт)
— Ой, сустайган неме, ырдап койсоң болбойбу? Жигитсиңби өзүң, же өлүксүңбү?
Данияр: — Ырдай бер, Жамийла, кулак сенде.
Жамийла: — Башка эл эмне кулагын шыпыртып салыптырбы? Ырдабасаң жөн кой, бой көтөргөнүн мунун!
Сейит: — Ырдай турган кишини тапкан экенсиң!
Данияр: Ой, Ала-Тоо-о, Ала-Тоо-о,
Ата-бабам өскөн жер!
Ой, Ала-Тоо-о, Ала-Тоо-о,
Ак булут калкып көчкөн жер! (үнү каргылданып токтоп калат да, бир аздан кийин кайрадан жаңы күч менен ырдайт)
Даниярдын ыры:
Сейит: — Мына ошондо биринчи жолу менин жүрөгүмдө кандайдыр жаңы бир нерсе ойгонуп, көкүрөктү дегдеткен эңсөө кыстап, мен дагы ушул жер келбетин, жер көркүн Даниярча сезе билип, сүйө билип, мен дагы ага окшоп сүрөттөр аркылуу көрсөтүүгө аракеттене турганымды анда билген экенмин. Жамийла, Жамийла! Сен кайдасың, Жамийла?
2-алып баруучу:
Көркөмдүктүн дүйнөсүндө сандаган,
Көп чыгарма болсо дагы, баамдаган.
Оюм менин Толгонайга топтолгон,
Кандай болсо дыйкан деген жаамы адам.
1-алып баруучу:
Чындыгында, биз эле эмес, аны чет,
Элдери да билгендиги канимет.
Бул чыгарма — бүткүл кыргыз дыйканын,
Даңазалап турган улуу монумент.
«Самынчынын жолу» повести боюнча инсценировка (10-кл.окуучулары)
Толгонай: Амансынбы, куттуу талам?!
Жер-Эне: Аманчылык, Толгонай. Былтыркыдан да карый түшүпсүн го? Чачың куудай – колунда таяк.
Толгонай: — Өмүр өтүп жатпайбы.
Жер-Эне: — Билем күтүп жаткам, Толгонай, бул жолу баланы да ээрчите келмек эмес белең?
Толгонай: — Ооба, бирок бул сапар да жалгыз келдим.
Жер-Эне: — Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсин да,Толгонай.
Толгонай: — Жок айталбадым.
Жер-Эне: — Айтар, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да. Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби?
Толгонай: — Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. Мен билген, элдин бары билген чындыкты жалгыз гана ал билбейт. Апасын тарткан …
Толгонай: — Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык парзымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле.
Жер-Эне: — Айткандарың туура, Толгонай. Отурчу бери, ташка, бутуң оорулуу эмеспи, бир акылын табарбыз. Алгачкы жолу ушунда келгениң эсиндеби, Толгонай.
Толгонай: — Андан бери нечен замандар өтпөдүбү, эстей албасмын.
Жер-Эне: — Жок, сен ошону эстеп көрчү, Толгонай.
Толгонай: — Эсимде жакшы калбаптыр, кичинемде орок маалында ата-энем мени чамаланын түбүнө отургузуп коюшчу.
Жер-Эне: — Ооба, колуңа бир сындырым нан берип коюшчу
Толгонай: — Кийин чоңойо түшкөндө, эл жайлоого көчкөндө, эгин коруп чуркап жүрчү элем.
Жер-эне: — Ырас, Толгонай кандай сонун кыз элен, бой жеткенде.
Толгонай: — Анда мен он жетидеги кезим. Субанкулга жолукпадымбы. Жигиттин азаматы эле.
Жер-Эне: — ЭсимдеТолгонай.
Толгонай: — Жер, анан жараткан жер, сен бизге таалай бер, тилектеш бол.
Жер-эне: — Ооба, Толгонай сенин бүт өмүрүң ушунда өттү.
Автор: Субанкул менен Толгонайдын бактылуу күндөрү. Касым, Майсалбек, Жайнак аттуу уулдары жигит болуп жетилет. Алиман бүлө болот. Согуш башталат.
Толгонай: Оо, касиеттүү талаа, менин башыма түшкөн жакшылык, жамандыгымдын баарын кордуң.
Жер-Эне: Ооба, Толгонай.
2-алып баруучу:
Көк деңизде маңкайып аппак болуп,
Кеме барат алдыга максат коюп.
Жете элекке дагы да жетмек үчүн,
Таба элегин дагы да тапмак болуп.
1-алып баруучу:
Сүз Ак кеме, төш тосуп эркин элге,
Толкун жерип тоскоолго эркиң бербе.
Улам таштап артыңа маралдарды,
Умтула бер көз жеткис мейкиндерге.
«Ак кеме» повести боюнча «Нургазынын монологу» (5-кл. окуучусу)
Эжеке, мен эмне болгум келет билесиңби?
Балык. Денем балык болуп башым гана калса дейм,
Ошондо таятам таң калып, Бекей эжем, Орозкул абам дагы. Таенем болсо коркуп, жээкте турушмак.
“Кошкула, мен Ысык-Көлгө сүзүп кеттим, Ак кемеге барам. Анда матрос атам бар!” — деп кыйкырмакмын.
Кемедеги элдин баары таң калып карап турмак. Ошондо матрос атама “Салам ата, мен сенин уулуңмун. Сага сүзүп келдим демекмин. Атама таятам жөнүндө, Орозкул абам жөнүндө, Бекей таежем жөнүндө, таенем жөнүндө айтып бермекмин.
Таятам эң сонун киши, бирок баары эле шылдыңдай беришет.Таятам Орозкулдун жумуштарын бүт өзү иштейт. Орозкул аба мас болуп бир жактан келгенде атын алып, жөлөп-таяп түшүрүп, үйүнө киргизет. Ушунун баары Бекей эжемдин төрөбөгөндүгүнөн.Таенем, сен көргөн таене эмес, башка. Өз таенем кичинемде эле өлүп калыптыр. Ал кээде көпкө чейин тултуюп унчукпай жүрө берет. Бирок ачуусу бир келгенде токтотуп көр. Анда таятам экөөбүз унчукпай отура беребиз. Таятам мага дайыма жомок айтып берет. Бизде кыш узак болот. Таятамдын жомогу болбосо мен чыдай алмак эмесмин.
1-алып баруучу:
Энесай, сендей жайкын өзөн барбы,
Энесай, сендей жаркын мекен барбы?
Энесай, сендей кыйын азап барбы,
Энесай, сендей ыйык азат барбы?
2-алып баруучу:
Энесай, сендей жайкын өзөн болбос,
Энесай, сендей жаркын мекен болбос
Энесай, сендей кыйын азап болбос,
Энесай, сендей ыйык азат болбос.
Ак кеме повести боюнча «Бугу эне» инсценировкасы (9-кл. окуучулары)
— О улуу дайра, Энесай! Эгер сага тоо омкоруп кулатса, муштумдай таш сыяктанып түбүңө чөгөт. Кылым турган карагай кесип кулатса, чабындыдай толкунуңа кетет. Эмесе эки көзүңдүн эки чечекейиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал. Жер үстүндө экөөнө орун жок. Аны сага айтып-айтпай эмине, өзүң көрүп турасың. Жылдыздар адам болсо көккө батмак эмес, балыктар адам болсо сууга батмак эмес. Аны сага айтып-айтпай эмине! Эмесе, ач койнуңду, ал эки наристени, алып кет. Бу жексур дүйнөдөн экөө чырымталында кетин, абийири таза, дили ак, арамдыкты биле элек, арам ойго кире элек периште чагында кетсин. Ач койнуңду, ал эки периштени, улуу дайра Энесай!
— Кана коштошуп алгыла, балдарым кучакташкан бойдон кеткиле.
— Мени жаман көрбөгүлө, менде эмне айып. Бешенеңерге жазылганы ушул экен. Менин эрким болсо кантер элем ким билет, бирок ушу бойдон кеткениңер өзүңөргө жакшы.
— Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба!
— Сен кимсиң? Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың?
— Мен Бугу-Эне болом. Адамча сүйлөбөсөм. сен кайдан түшүнмөксүн да, собол укмаксың.
— Каалаганың эмне, Бугу-Эне?
— Балдарды коё бер, акылман эне. Сенден сураганым ушул эки чүрпөнү мага бер.
— Буларды эмне кыласың?
— Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.
— Ушу балдарды эмизип, багып алайын дейсиңби?
— Ошентем, акылман чоң эне.
— Жакшылап ойлондуңбу, Бугу-Эне?. Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлондуңбу?
— Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт. Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?
— О кең пейил Бугу-Эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы! Адамдар кайберен эмес, бирин-бири аябайт. Сөзүмдүн актыгын көзүң менен көрөсүң, өз мойнуң менен тартасың деп, бул эки жетимди сага берип коёр элем, борок, башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. Анда булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди?
— Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бу балдарды. Аясаң, акылман чоң эне коё бересиң. Өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн. Желиним сүткө толуп, ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм.
— Кантейин, болуптур. Сурап калдың, бирок тез кет бул жерден. Жетимдерди алыс жерине аман жеткир. Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүндү унутуп, адамдын арамдыгына кетсе, өзүңөн көр.
— Ыракмат акылман чоң эне. Сиз дагы үйүңүзгө барыңыз. Балдарым, мына эми мен силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу, алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир-Тоосу бар, бордо токой чери бар, ортосунда Көк-Теңирдин жерге тамган көз жашындай мөлтүр Ысык-Көлү бар жерге алып барам. Кыргыз тукуму курут болуп кетээрде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын, укум-тукумуна мекен болсун деп мен ал жерден теңирден сурап алдым. Жүрүгүлө, балдарым биз кетели!
1-алып баруучу:
Бул ырлар чын көнүлдөн болсун белек,
Жазууга чыгармалар болду себеп.
Шурудай тизмектелген көп тагдырлар,
Тынч койбой жан-дүйнөмдү алды ээлеп.
Каармандар сүйлөйт (Окуучулар)
Толгонай:
Түбү түшүп, кан жуткан кара согуш,
Булгай албайт канга жууп ынтымакты!
Өзүн-өзү өлтүрүп тынса эмне,
Адамды жеп, кан кусуп тургучакты.
Кан жыттанып каңыл жылыр жарган согуш,
Табиятты тыптыйпыл кылгычакты.
Өзүн-өзү жок кылып алса эмне,
Жүрөгүндө душмандын сыйгычакты.
Наристенин оюна келбес согуш!
Жакшылыкты адамга бербес согуш!
Колдон алып балдарын, жар, тууганды,
Жеңе албасын адамды сезбес согуш!
Титиретип дүйнөнү болгун, болбо,
Титиребей көтөрчү жүрөгүм бар!
Кол салбастан мекендин гүл багына,
Канын катса, куу согуш, бир өзүмдү ал!
Жамийла:
Саябан бактын, Салкынын күтсөм.
Данияр тура, Өзүмдү күткөн.
Мелжиген көлүм, Көк майсан төрүм.
Өзүңсүз жерийм, Өзүмдү өзүм.
Канатым болсоң, Кайрылбай учам.
Дүйнөнү кезем, Кангыча кусам.
Өмүрүм болсоң, Өзүнчө көчөм.
Өкүттө калбай, Дүйнөдөн өтөм.
Ак сүйүүм болсоң, Отуна жанам.
А булак болсоң, Сүйүүңө канам.
Ашыгың болсом, Айылыңда калам.
Ай, күндөй жанып, Көнүлүн табам.
Данияр:
Күлкүмдүн тең жартысы,
Өмүрдүн бал тамчысы.
Өзүнсүң бир Жамийлам,
Махабаттын жарчысы.
Сагынычтын түнөгү,
Таалайымдын жүрөгү.
Өзүң болдуң Жамийлам,
Ак сүйүүмдүн мүрөгү.
Кайратыма тирөөчсүң,
Канатымдын бирөөсүң.
Кантем сенсиз Жамийлам.
Дүйшөн:
Кайрылып келбес жылдарда,
Карт тарыхтын изи бар.
Тарыхыңды билип ал да,
Заманга ылайык билим ал.
Заман-октой атылган,
Сыры ичине катылган.
Замандан өткүр, эстүү бол,
Билим алып жашындан.
Алтынай:
Кылымды кылым женген замандан,
Калышпай акылдуу, өткүр болсо адам.
Дүйнөгө түбөлүктүү из калтырып,
Өкүнбөй, о дүйнөгө таштайт кадам.
Билимди билим жеңген замандан,
Жеңилбей, жеңиш менен кала алса адам.
Жемиштүү, келечектүү эртеңине,
Кейибей, ишеничтүү таштайт кадам.
Акылга акыл кошуп билим берген.
Келечек, өмүр жүгүн ийиндеген.
Жан сабап таалим берген-мугалимдер,
Арада жүрсө баркы билинбеген.
2-алып баруучу:
Каармандай өзү да каарман Чыңгыз,
Ааламга чыйыр салып эч жан бузгус.
Каарман болуп кайра-кайра,
Жашоодо түбөлүккө калган Чыңгыз!
1-алып баруучу:
Аттанды «кылымдарды карытуу» үчүн,
«Гүлсарат» жоргосуна минип алып.
Толгонай кол булгалап Чыңгызына,
Жер эне улам жаңы жолго салып.
2-алып баруучу:
Дүйшөнү Алтынайды колдон алып,
Кылымдын чокусуна чыгып алып,
Күтүшөт-Жамийласы чайын демдеп,
Данияр Чыңгызга арнап обон салып…
1-алып баруучу:
Ушуну менен кыргыз элинин алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу кечебизди аяктайбыз. Көңүл бургандарыңыздарга ырахмат!
Комментарийлер