Кылмыштуулук — келечекке кедерги

  • 17.05.2026
  • 0
Кылмыштуулук — келечекке кедерги

Дыйканбай  кызы  Бурулбүбү, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №6 Бирдик жалпы билим берүү    мектебинин тарых мугалими

Тарбиялык сабак, 10-класс

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Колдонулуучу усулдар: Интерактивдүү баяндоо, «Мээге чабуул», Кейс-стади (турмуштук кырдаалдарды талдоо), эксперт менен диалог, символикалык моделдөө (Боз үй усулу).

Сабактын жабдылышы: Ноутбук, проектор, боз үйдүн макети (түндүк, кереге, ууктар), арча, таркатма материалдар.

«Биздин максат — Бийиктик!»

Сабактын максаты: Окуучуларга кылмыштуулуктун укуктук кесепеттерин түшүндүрүү менен бирге, аларды улуттук намыс, адеп-ахлак аркылуу терс жолдордон оолак болууга чакыруу.

Сабактын жүрүшү:

I. Уюштуруу жана жагымдуу маанай: Сабактын башталышында класс ичине арча түтөтүлүп, комуз күүсү жаңырып турат. Мугалим окуучуларды өзгөчө маанайда тосуп алат.

Мугалим: Саламатсыңарбы балдар, маанайыңар жакшыбы? Арчанын жыты менен дилибиз тазарып, комуздун күүсү менен демибиз жаңырып турган ушул мүнөттөрдө биз бүгүнкү тарбиялык сабагыбызды ачык деп жарыялайбыз.

Окуучулар: Саламатсызбы, рахмат эжеке, маанайыбыз эң сонун!

Мугалим:  Келгиле, балдар, анда сабагыбызды баштаардын алдында топторго бөлүнүп алалы, бул жерден  өзүңөргө жаккан фигураларды  тандап, кайсы топ чыкса ошол топко барып отурсаңар. Анан топ башчы шайлап, тобуңардын аталышын жана урааныңарды айтасыңар.

Окуучулар тандаган геометриялык фигуралары боюнча үч топко бөлүнүшөт:

  1. «Улутмандар» тобу. Урааны: «Улуттук намыс — кылмыштан коргоочу калкан».
  2. «Мыйзам сакчылары» тобу. Урааны: «Тартип бар жерде — коопсуздук бар».
  3. «Бийиктикке умтулуучулар» тобу. Урааны: «Билим менен дүйнөнү багындырабыз».

Азаматсыңар балдар!  Эми экранга көңүл буруп, жогорудагы силер тандаган фигуралардын жана түстөрдүн маанисин  билип алалалы.

  1. Негизги бөлүм: тандоо жана жоопкерчилик

Мугалим: Кымбаттуу балдар, бүгүн биз сабагыбызды мына ушул экрандагы сүрөт менен баштайбыз. Карагылачы, бул жөн эле сүрөт эмес — бул эки башка тагдыр. Бир тарабында — темир тор, өкүнүч жана жабык келечек. Экинчи тарабында —  билимдүүлүк,  бийиктик жана эркиндик. Бул эки жолдун ортосунда болгону бир эле кадам, бир эле «ооба» же «жок» деген тандоо турат.

Эми силерге суроо: Бул эки жолдун ортосундагы чек ара кайсы жерде?

1-окуучу: Чек ара — бул биздин ички уят сезимибиз. Адам качан уятты унутканда, ал мыйзамды да бузууга даяр болуп калат.

2-окуучу: Чек ара — бул биздин «ооба» же «жок» деп айткан чечимибизде. Бир эле туура эмес кадам сол тарапка өткөрүп жибериши мүмкүн.

3-окуучу: Чек ара — бул башка бирөөнүн укугу башталган жерде. Качан биз бирөөнүн мүлкүнө же ден соолугуна кол салганда, биз бул чек араны бузган болобуз.

Адам кайсы учурда байкабай туруп сол тарапка өтүп кетиши мүмкүн?

4-окуучу: Досторуна  намыссыз  көрүнбөйүн деп, куру намыска алдырган учурда  байкабай  сол тарапка өтүп кетиши мүмкүн.

5-окуучу: Башка бирөөнүн кылмышын көрүп туруп унчукпай койгондо, биз өзүбүз да кылмышка ортоктош болуп, сол тарапка өтүп кетишибиз мүмкүн.

6-окуучу: Ачууга алдырганда, ачууну токтото албай, кимдир бирөөнү уруп жибергенде, адам өмүр бою өкүнө турган жолго түшүп калышы мүмкүн.

Жана силердин тандооңор кайсы?

7-окуучу:  Албетте, эжеке, менин тандоом — оң тарап. Мен өзүмдүн гана эмес, ата-энеме жана улутума сөз тийгизбеген, намыстуу жаран болгум келет.

8-окуучу: Мен билим жолун тандайм. Себеби билимдүү адам өз укугун билет жана эч качан сол тарапка барбайт

Мугалим: Балдар, силер туура айтасыңар. Чек ара — бул биздин намысыбыз. Кыргызда “Уят өлүмдөн  катуу” деп бекеринен айтылган эмес. Эгер ичибизде улуттук намыс болсо, биз сол тарапка эч качан кадам таштабайбыз.

Демек, бүгүнкү сабагыбыздын темасы: Кылмыштуулук — келечекке кедерги. Биздин максат — Бийиктик!

 Биздин максат — кылмыштан коркуу эмес, андан намыс аркылуу бийик болуу.

Урматтуу окуучулар жана коноктор! Бүгүнкү биздин сабагыбызга өзгөчө коноктор  келишти. Алар биздин аймактык тескөөчүбүз Чотуров Билимбек жана милициянын капитаны Ормонкулов Кенжебек. Бул инсандар бизге жөн эле конок эмес, эксперт катары жардам беришет.

Презентация: Балдар, экранда өспүрүмдөр билиши керек болгон эң маанилүү маалыматтар бар. Бул маалыматтар силердин кийинки тапшырманы аткарууда куралыңар болот. Андыктан жакшылап көңүл бурабыз!

Кылмыштуулук деген эмне? Негизги аныктамалар:

Кылмыш — бул коомго коркунуч туудурган, мыйзам тарабынан тыюу салынган аракет же аракетсиздик.

Укук бузуу — коомдук тартипти бузган жосун (мисалы: коомдук жайда сөгүнүү, тамеки чегүү).

Эсиңерде болсун мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен куткарбайт!

Өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөр.

Мектеп рэкети: Күч колдонуу же коркутуу аркылуу акча, буюм суроо.

Киберкылмыштуулук: Интернет аркылуу бирөөнү мазактоо же алдоо.

Вандализм: Мектеп мүлкүн, коомдук жайларды талкалоо.

Зыяндуу адаттар: Спирт ичимдиги, баңгизат жана электрондук тамекилер.

Жоопкерчилик кайсы курактан башталат?

Кылмыштуулук — келечекке кедерги

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык:

14 жаштан баштап: Оор кылмыштар үчүн (уурулук, тоноо, опузалоо, киши өлтүрүү, мүлктү атайылап жок кылуу) жоопкерчилик.

16 жаштан баштап: Бардык кылмыштар үчүн толук жоопкерчилик.

18 жашка чейинкилер: Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын (ИДН) каттоосуна алынат.

Кылмыштын кесепеттери (Келечекке кедерги)

Юридикалык: Соттуулук фактысы өмүр бою базада сакталат.

Карьералык: Укук коргоо органдарына, банктарга жана мамлекеттик кызматтарга жумушка орношууга тыюу салынат.

Социалдык: Үй-бүлөнүн аброюна шек келтирүү жана коомдун терс көз карашы.

Психологиялык: Эркиндиктен ажыроо жана моралдык басым.

Күнүмдүк жашоодо конкреттүү аракеттер: жок  деп айтууну үйрөнүү. Эгер кимдир бирөө кылмышка же бейбаштыкка чакырса, чечкиндүү түрдө баш тартуу.

Маалымат берүү: Эгер мектепте же көчөдө кылмыш болуп жатканын көрсө, унчукпай койбостон, мугалимге, ата-энеге же инспекторго билдирүү (бул «сатуу» эмес, бул коопсуздукту камсыздоо).

Санариптик маданият: Социалдык тармактарда бирөөнү мазактоодон же фейк маалыматтарды таратуудан качуу.

III. «Билерман ордо» — Кейстер менен иштөө

 Мугалим: Кымбаттуу окуучуларым! Башыңарды өйдө көтөрүп, классыбыздын төрүндө илинип турган түндүккө карагылачы. Түндүк — бул кыргыздын үйүнүн гана эмес, ааламдын, биримдиктүүлүктүн жана жарыктын белгиси. Азыр биз улуттук ордонун ичинде уюшулган  “Билерман ордого” айланабыз. Ар бир ордодо  бирден кейс (окуя) бар. Силердин максатыңар — бул окуяны талдап, анын кесепеттерин жана “Улуттук дем” бизди мындай кадамдан кантип сактап кала турганын талкуулоо.

УЛУТМАНДАР” ордосуна:  Намыс жана чөйрө

Окуя: 10-класстын окуучусу Эмир мектептеги «авторитет» балдардын тобуна кошулгусу келет. Топтун башчысы ага: «Эгер биздин катарда болгуң келсе, тигил кошуна класстагы баладан күнүнө 100 сомдон ‘салык’ жыйнап келесиң. Эркекче сөз бердиңби, аткар!» — дейт. Эмир ичинен коркуп турат, бирок балдардын алдында «намыссыз» көрүнгүсү келбейт.

Талкуулоо үчүн суроолор:

  1. Бул жерде «намыс» түшүнүгү туура колдонулуп жатабы? (Улуттук намыс башканы кордоо эмесин талкуулоо).
  2. Эмир «жок» деп айтса, чын эле намысын жоготобу же сактап калабы?
  3. Бул окуянын арты кандай кылмышка алып келиши мүмкүн? (Рэкетчилик, опузалоо).

Кылмыштуулук — келечекке кедерги

«МЫЙЗАМ САЯКЧЫЛАРЫ» ордосуна:

«Бир заматта талкаланган кыял»

Окуя: 16 жаштагы Азамат IT-адиси болууну кыялданат жана чет өлкөлүк чоң компанияда иштөөнү максат кылат. Бир күнү достору менен кетип жатып, көчөдөгү бейтаныш адам менен сөз талашып, аны катуу уруп жиберет. Натыйжада тигил адам оор жаракат алат. Азаматка карата «Бейбаштык» жана «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголот.

Талкуулоо үчүн суроолор:

  • Азаматтын «дүйнөлүк бийиктикке» болгон кыялына эмне болду?
  • Соттуулук (судимость) Азаматтын келечектеги карьерасына кандай таасир этет? (Эл аралык компаниялар жана виза маселеси).
  • Бир мүнөттүк ачууну токтотууга «Улуттук дем» (сабырдуулук, токтоолук) кандай жардам бермек?

«БИЙИКТИККЕ УМТУЛУУЧУЛАР» ордосуна: 

«Кайдыгерлик — кылмышка шериктештик»

Окуя: Гүлай өзүнүн жакын досу Саматтын башка бир баланын телефонун уурдап алганын көрүп калат. Самат: «Гүлай, эч кимге айтпа, биз досбуз го! Досуңду сатпашың керек!» — дейт. Гүлай достукту баалайт, бирок Саматтын кылганы туура эмес экенин билет. Мектепте бул окуя боюнча териштирүү башталды.

Талкуулоо үчүн суроолор:

  • «Досту сатпоо» деген түшүнүк кылмышты жашырууга негиз боло алабы?
  • Гүлай унчукпай койсо, ал Саматка чындап жардам берген болобу же аны ого бетер кылмыш жолуна түртөбү?
  • Бул кырдаалдан чыгуунун «заманбап жана намыстуу» жолу кандай? (Мугалимге же ата-энеге билдирүү «сатуу» эмес, алдын алуу экенин түшүндүрүү).

       Балдар, кейсти талкуулап жатканда  алдыңардагы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНИН окуучулар үчүн кыскартылган маалымдамасын колдонуп, түшүнбөгөн же күмөн санаган жериңер болсо, жаныңардагы экспертке — инспектор мырзага кайрылсаңар болот.

5 мүнөт убакыт берилет, убакыт бүткөндөн кийин ар бир ордодон окуучулар чыгып, талдаган окуяларын жактап беришет.

Азаматсыңар, “Билим ордонун” чыныгы эксперттери! Силер ар бир кылмыштын артында турган кедергини туура таап, андан чыгуунун жолун — мыйзамды жана намысты көрсөтө алдыңар. Силердин чечимдериңер жөн эле сөз эмес, бул силердин келечектеги туура кадамыңардын башталышы. Инспектор мырза, биздин эксперттердин юридикалык сабатына кандай баа бересиз?

Инпектор мырза өз баасын берип, кошумча маалымат берет.

Мугалим:   Рахмат, инспектор мырза! Демек балдар мыйзам — бул биздин коргообуз, ал эми тартип — бул биздин эркиндигибиз экенин дагы бир ирет тастыктадык. Биз кылмыш аттуу кедергини  акыл менен жеңишибиз керек! Бүгүн биз “Билим ордодо” маанилүү чечим кабыл алдык. Кылмыштуулук — бул жөн эле берене эмес, бул биздин дүйнөлүк бийиктикке учкан канатыбызды кайрып коюучу кедерги. Биз бул кедергини  акыл менен жеңишибиз керек!

  1. Бышыктоо: «Түндүктү бекемдөө» усулу

      Мугалим: Келгиле балдар эми, ушул алган билимибизди, ички намысыбызды жана мыйзамга болгон урматтообузду убадага айландыралы. Ар бир ордонун алдында ууктар  турат. Ошол жерге өзүңөрдүн келечектеги максатыңарды же кылмыштуулукка каршы чечимиңерди бир сүйлөм менен жазып, биздин Боз үйүбүздү — мамлекетибиздин символун бекемдөөгө чакырам!

Алгач инспектор мырзалар бирден уукка «Мен силердин коопсуздугуңарга кепилдик берем!», «Тартип бар жерде — келечек бар!» деп жазып, алгачкы уукту бекитет. Андан кийин окуучулар бекемдешет.

Мугалим:  Карагылачы, балдар! Биздин Боз үйүбүз кандай бекем жана кооз болду! Ар бир уук — бул силердин намысыңар. Эгер ар бирибиз мыйзамды сактап, намыстуу болсок, биздин мамлекетибиздин түндүгү ар дайым бийик, келечегибиз жарык болот. Кылмыштуулук бизге кедерги боло албайт, анткени биздин тандоо — БИЙИКТИК!

  1. Жыйынтыктоо:

Мугалим: «Балдар, кылмыштуулук — бул эмне?»

Окуучулар (хор менен): «Келечекке кедерги!»

Мугалим: «Биздин жолубуз — кайсы жол?»

Окуучулар (хор менен): «Намыс, Тартип, Бийиктик!»

Үйгө тапшырма: Өзүңөр тандаган бир кесиптин (мисалы, дарыгер, IT-адис) мыйзамдык жоопкерчилиги тууралуу чакан эссе жазып келгиле.

Бөлүшүү

Комментарийлер