Кычкылтектин мезгилдик системада алган орду, жаратылышта тарашы жана алынышы

  • 15.04.2025
  • 0
Кычкылтектин мезгилдик системада алган орду, жаратылышта тарашы жана алынышы

Толубаева Толкунай, Баткен облусу, Кадамжай  району, №8 М. Горький атындагы орто мектебинин химия мугалими

Химия, 8-класс

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Сабакта колдонуучу усулдар: Интерактивдүү. Кahoot платформасы.

Сабакта колдонулуучу каражаттар: Топторго бөлүү үчүн элементтер (металлдар жана  металл эместер) таркатмалар, проектор, ватман, маркерлер, додокаэдр, PISA тапшырмалары, лабораториялык штатив, тыгыны бар газ түтүкчөсү, пробиркалар, темир кашык, спирт шамы, ширеңке, куйгуч, чычала, шам, тарелка, банка, марганцовка КMnO4

Cабактын максаты:

  • Окуучулар кычкылтектин мезгилдик системадагы ордун, жаратылышта таралышын жана алынуу жолдорун изилдеп, анын адам үчүн маанилүүлүгүн, балуулуктарын жана колдонулушун түшүнүшөт.

1. Кызыктыруу (Engage). Сабактын катышуучуларына КРкод коюлган баштыктарды берүү (сабакка катышкан мугалимдерге)

  1. Алтын эрежени кабыл алуу.
  2. 3-2-1

А) Сабакта үйрөнгөн 3 маалымат

Б) Сабактагы 2 жагымдуу учур

В) Тема боюнча 1 суроо же сунуш

4. Жекече баалоо боюнча бриллиант таштарын белгилөө боюнча таркатмалар таркатылат.

5. Окуучулардын көңүлүн доскага буруп, математикалык амалдарды (кошуу, айырмалоо) катыштырып теманы ачып алуу.

КЫТ-Т+Ч+КЕТ-ЕТ+ЫЛЫК-ЫК+ТЕК-ТЕ

6. Окуучулардын көңүлүн буруу, ойлорун бир жерге топтоо, нейрогимнастика жасоо.

7. ВАТМАНДАГЫ САБАКТЫН ТҮЗҮМҮ ЖӨНҮНДӨ баяндап берүү.

— Стол үстүндө эмнелерди көрүп турасыңар, эмнени байкадыңар, кычкылтектин катышуусунда кандай процесстер жүрөт экен, балдар, мага жардам бергилечи?

Чирип кеткен банан, ачыган тамак, адамдын дем алып жаткан сүрөтү, фотосинтез процесстеринин сүрөттөрү. Ошондо окуучулар ойлонуп өз пикирлерин айтышат.

2. Окуучуларга видеоролик  көрсөтүлөт. Видеороликте кычкылтектин адам үчүн маанилүүлүгү көрсөтүлөт.

https://www.youtube.com/watch?v=Bv6e7OqMwXU

Окуучуларга суроо: ”Кычкылтек адам өмүрү үчүн эмне үчүн маанилүү”? Кычкылтек кандай процесстерге катышат? Окуучулардын ойлорун жана билдирүүлөрүн угуу.

2.Изилдөө (Explore). Окуучулар эки топко бөлүнөт. Эки топко тең банка, ширеңке, шам, тарелка, лабораториялык штатив, тыгыны бар газ түтүкчөсү, пробиркалар, темир кашык, спирт, марганцовка КMnO4 берип, кандай тажрыйба жүргүзө аласыңар деген суроо беребиз.

(Окуучулар аткарган тажрыйбаларын ватманга  жазып түшүндүрүп беришет)

3.Түшүндүрүү (Explain). 

https://www.canva.com/design/DAGcYFxl0YM/Q7bPnM1rrnxPhwZ0OomR5Q/edit (ссылка аркылуу кирип презентациялар менен тааныштырат)

Кычкылтекти ойлоп тапкан окумуштуулар:

  • Карл Вильгелм Шееле (1742-1786) швед химиги, ал кычкылтекти 1771-жылы биринчи болуп ачкан. Бирок ал ачылышы жөнүндө 1777-жылы гана жарыялаган. Шееле кычкылтекти ар кандай заттарды ысытуу менен алган жана анын күйүүгө жардам  бере тургандыгын аныктаган.
  • Дзозеф Пристли (1733-1804) анг.химик, ал 1774-жылы кычкылтекти көз карандысыз түрдө ачкан. Пристли сымаптын оксидин ысытуу менен кычкылтекти алган, анын абадан айрымаланып күйүүгө жардам берерин аныктаган. Бул газды “дефлогистикалык аба” деп атаган.
  • Антуан Лавуазье (1743-1794) француз химиги, ал 1775-жылы Пристлинин эскперименттерин кайталап, бул газдын абанын  курамына кирерин жана күйүү процессинде мааанилүү роль ойноорун аныктаган.Лавуазье бул газды “кычкылтек” деп атаган, анткени ал кислоталардын курамына кирет деп эсептеген.

Алынышы:

1.Кычкылтекти лабораторияда кээ бир татаал заттарды ажыратуу менен алышат.

Кычкылтекти көп өлчөмдө алуучу негизги лабораториялык ыкма сууну туруктуу электр тогунун таасиринде ажыратуудан алынат: туруктуу ток

2H2O          =               2H2O   + O2

2.Калий перманганатын ажыратуудан:

t

2KMnO4_————————-   K2 MnO4 +   MnO2        +       O2

Калийдин                             калийдин          марганецтин     кычкылтек

перманганаты                 манганаты         (IV) оксиди

3. Кээде суутектин өтө оксидин ажыратуудан:

MnO2

Н2О  =     Н2О + О         2О=О2

Суутектин өтө оксиди

Бул реакциялардан убагында бөлүнүп чыгып жаткан кычкылтекти абаны сүрүп чыгаруу жолу менен жыйноого болот, анткени кычкылтектин тыгыздыгы абанын тыгыздыгынан чоң. Кычкылтек сууда жакшы эрибегендиктен сууну сүрүп чыгаруу менен да жыйноого болот. Идиште кычкылтектин толгондугун чычаланын от алып күйүп кетишинен билүүгө болот, анткени кычкылтек күйүүгө жардам берүүчү газ. 

Көп реакциялар айрым заттардын катышуусу менен тездейт же басандайт. Мисалы, марганецтин (IV) оксиди MnO2, суутектин  өтө кычкылы (H2O2) ажыроо реакциясын тездетет. Реакция бүткөндөн кийин аралашманы чыпкаласак, чыпкада реакцияга чейин марганецтин оксиди канча болсо, ошончо калат. Реакциядан кийин калган марганецтин (IV) оксидин кайрадан пайдаланууга болот, анткени реакция учурунда ал заттын курамы жана касиети өзгөргөн жок.

Өнөр жайда  кычкылтекти абанын курамынын -40о С жана 40 атмосфералык басым астында суюктукка айлантып ректификациялоо менен алышат. Техникада кычкылтек металлды ширетүү, кесүү, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде жана медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундар, күкүрт, азот кислоталарын, сода жана башка химиялык заттарды алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.

  1. Кеңейтүү (Elaborate)

1.PISAга багытталган тесттер

1.Төмөндө кычкылтек менен озон жөнүндө туура берилген варианттарды тапкыла?

А)  Кычкылтек менен озон бирдей химиялык касиеттерге ээ.

Б)  Озон кычкылтекке караганда активдүү жана күчтүү оксиддөөчү  зат.

В)  Озон туруктуу зат жана узак убакыт сарпталат.

Жообу: Озон кычкылтекке караганда активдүү жана күчтүү оксиддөөчү зат.

2.   Кычкылтек  жана озон бир элементтен турат. Бирок озон атмосферанын жогорку катмарында  кун нурунун таасири менен пайда болот. Эмне үчүн озон атмосферанын жогорку катмарында пайдалуу, ал эми төмөнкү катмарында зыяндуу болуп саналат.

Жообу: ОЗОН жогоруда күндүн ультрафиолет нурларын өзүнө кармап калып адамдарды коргойт. Ылдыйда төмөнкү катмарда өзүнөн зыяндуу газдарды бөлүп  чыгарат.

3. Абанын курамында  78% азот (N2) кездешет, 21% кычкылтек (О2) кездешет, эмне үчүн азот менен дем албайбыз?

Жообу: Азот кычкылтекке караганда массасы боюнча жеңил болгондуктан азот менен дем албайбыз.

 Кычкылтек жөнүндө кызыктуу фактылар

  • Бул элемент адам жашоосунда маанилүү жана ал дайым бизди курчап турганына карабастан 18 кылымда гана ачылган.
  • Заттардын күйүүсүнө шарт түзөт бирок өзү күйбөйт.
  • Жер үстүндөгү бактар жана өсүмдүктөр биздин планетабыздагы абанын жарымын гана чыгарат. Калган жарымын, окумуштуулардын ою боюнча фотосинтезге мүмкүндүгү бар дүйнө океандарындагы балырлар, фитопланктондор чыгарат.
  • Бул газ көпчүлүк жандыктардын салмагынын үчтөн экисин түзөт. Анткени, тирүү организмдер, анын ичинде адам, көп көлөмдөгү суудан турат эмеспи, а суунун 88,9 % салмагы кычкылтек.
  • Эл ташыган учак орточо 9 сааттык учууда 50-75 тонна кычкылтек сарптайт. Ушул эле убакта, ушундай көлөмдөгү кычкылтекти 25000-50000 гектар токой иштеп чыгат.
  • Жердеги бардык өсүмдүктөр бир жылда 3 триллион тонна кычкылтек бөлүп чыгарат.
  • Бир бак жылына орточо 125 кг кычкылтек иштеп чыгат. Бул эки адамды таза аба менен камсыз кылууга жетет.
  • Адамдын мээси кычкылтексиз 4-6 мүнөт жашайт, андан соң өлүмгө учурайт.
  • Көмүр-таш доорлорундагы кычкылтектин көп болуусуна байланыштуу, ал мезгилдеги курт-кумурскалар гигант болушкан.
  • Адам  баласынын мээси организмдеги жалпы абанын 20% талап кылат. Ошондуктан мээ жакшы иштөөсү үчүн  кере-кере  дем алууну сунуштайбыз.   

5. Баалоо (Evaluate). Окуучулардын сабак учурунда берген жоопторуна жана сабакка катышуусуна, топто иштөөсүнө ылайык Kanoot сайтынан тест, додекаэдр, өзүн-өзү баалоосунун жыйынтыгы менен окуучулар бааланат.

https://create.kahoot.it/details/80527b63-c80e-49d5-bbc7-98a6336eab7c

Үй тапшырма: Өтүлгөн тема боюнча дептерге кошумча адабияттардан маалымат жазып, окуп, реакциялардын жазылышын эске сактап келүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер