Квадраттык үч мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратууда алгебра менен геометриянын интеграциясы
- 09.09.2026
- 0
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк (STEAM): Окуучулар квадраттык үч мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратуу формуласын колдонууну үйрөнүшөт. Абстракттуу алгебралык теңдемени конкреттүү геометриялык аянтка айландыруу аркылуу визуалдаштырышат.
Көрсөткүчтөр: Квадраттык теңдеменин тамырлары менен анын көбөйтүүчүлөрүнүн ортосундагы логикалык байланышты түшүнүшсө жана алгоритм боюнча мисалдарды катасыз чыгара алышса.
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын инженердик-архитектуралык ой жүгүртүүсү, мейкиндикти элестетүүсү жана математикалык моделдерди турмушта колдонуу көндүмдөрү өсөт.
Көрсөткүчтөр: Абстракттуу алгебралык туюнтманы (квадраттык үч мүчө) конкреттүү геометриялык фигурага (тик бурчтуктун аянтына) айландыруу аркылуу математикалык логикасын тереңдетишсе.
Тарбия берүүчүлүк: Топто биргелешип изилдөө жүргүзүүгө, бири-биринин пикирин сыйлоого жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр: Математикалык билимдердин турмуштук кырдаалдарда (курулуш, дизайн, пландоо) маанилүүлүгүн сезип, сабакка болгон кызыгуусу жана ишеними пайда болсо.
- Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.
- Сабактын форматы: STEAM-практикум (Изилдөө сабагы).
- Жабдылышы: «Алгебралык конструктор» топтомдору (жагы х ка барабар болгон чоң квадраттар, тик бурчтуктар жана бирдик болгон кичине квадрат плиткалары)
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
- Уюштуруу: (5 мүнөт)
Саламдашуу, «Математикалык пазлдардын» жардамы менен окуучуларды «Комуз», «Боз үй», «Көөкөр» топторуна бөлүү. Үй тапшырмасы слайд аркылуу өз ара текшерилет. Мээге чабуул жасоодо «Тамырларын тап» оюну ойнотулат.
- Кызыгууну ойготуу (STEAM-кырдаал) (5 мүнөт)
Мугалим: «Балдар, Конфуций айткандай: “Мага айтып берсеңиз — унутуп калам, жазып көрсөтсөңүз — эстеп калам, ал эми өзүм кол менен жасасам — өмүр бою түшүнөм”. Бүгүн биз кургак формулаларды кол менен кармап, фигурага айлантабыз!
Маселе: Мектеп бакчасына аянты
болгон гүлзар жасайбыз. Тосмо сатып алуу үчүн анын узундугун жана туурасын кантип табабыз? Бул бүтүн туюнтманы узуну менен туурасынын көбөйтүндүсү түрүндө кантип көбөйтүүчүлөргө ажыратабыз?»
Изилдөө: Геометриялык конструктор (10 мүнөт)
Ар бир топко картон плиткалар берилет. Тапшырма: бөлүктөрдөн боштуксуз бир бүтүн тик бурчтук куруу.

Математикалык далилдөө (10 мүнөт)
Мугалим доскага аналитикалык формуланы киргизет:

STEAM-Кейстер менен иштөө (10 мүнөт)
Топтор улуттук жана турмуштук кырдаалдагы маселелерди конструктор жана формула менен чечишет:

Китептен №632 мисалдар өз алдынча чыгарылат.
Санариптик баалоо жана рефлексия (5 мүнөт)
Окуучулар уюлдук телефондору аркылуу «Санарип кампа» платформасында онлайн тест аткарышат (stem.edu.gov.kg).
Рефлексия: 1. Мага эң кызыктуу болгону… 2. Дагы эмнени үйрөнгүм келет?
Үй тапшырмасы: Деңгээлге жараша дифференциацияланып берилет (№634 же №635, №636).
Жыйынтыктоо. Упайлар боюнча «Эң билимдүү», «Эң ынтымактуу», «Эң чыгармачыл» топтор аныкталат.
Мугалим: «Бүгүн ката кетирген окуучу — эң тажрыйбалуу окуучу. Анткени ал катасы аркылуу туура жолду тапты. Ар бириңер өзүңөрдүн “билим гүлзарыңарды” тиктиңер!»
Абдирайимова Каныкей, Бишкек шаарындагы Ленин районунун
№50 жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими