Кумар оюну – коркунучтуу илдет 

  • 12.06.2026
  • 0
Кумар оюну – коркунучтуу илдет 

Дискуссия-сабак, 9-класс 

Методдору жана ыкмалары: топто иштөө, талкуулоо.

Ресурстар: кумар оюндары боюнча сүрөттөр, кыска видео же анимация компьютер, сүрөт тартуу үчүн кагаз жана боектор, проектор, ватман кагазы, маркерлер, макал-лакаптар, интернет булактары. 

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.

Сабактын формасы: аралаш сабак.

Сабактын методу: Маалымат берүү, түшүндүрүү, аңгемелешүү, практикалык.

Максаты:

Окуучуларга кумар оюндарынын зыяндуу кесепеттерин түшүндүрүү жана туура жол тандоо жасоого тарбиялоо.

  • Окуучуларга кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө түшүнүк берүү;
  • Жоопкерчиликке, туура тандоо жасоого тарбиялоо;
  • Окуучулардын өз оюн эркин айтуусуна шарт түзүү.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу бөлүгү

Мугалим окуучулар менен саламдашып, теманы жарыялайт. 

Мугалим: — Балдар, бүгүнкү биздин темабыз: «Кумар – жашоонун тузагы».

Азыркы учурда көптөгөн жаштар телефон аркылуу ар кандай оюндарга, ставкаларга, акча утуштарына кызыгып жатышат. Бул көрүнүш айрым адамдардын жашоосун бузуп жатканын да көрүп жатабыз. Бүгүн ушул тууралуу ачык сүйлөшөбүз.

  1. Киришүү сөз

 Кумар оюну дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

Окуучулардын жооптору:

  • Акча коюп ойноо;
  • Казино, карта, букмекерлик;
  • Интернет аркылуу ставка ойноо;
  • Бат эле акча табууну каалоо.

Мугалим:  Туура. Кумар оюну башында кызыктуу көрүнгөнү менен, акырында адамды көз карандылыкка алып келет.

III. Дискуссия бөлүгү

1-суроо: «Эмне үчүн жаштар кумар оюндарына кызыгышат?»

Окуучулардын мүмкүн болгон жооптору:

  • Тез байыгылары келет;
  • Досторунун таасири;
  • Кызыгуу;
  • Интернет жарнамалары;
  • Бош убакыттын көптүгү.

Мугалим жыйынтыктайт:  Ооба, кумар көбүнчө кызыгуу менен башталат. Бирок ал адамдын убактысын, акчасын, келечегин жоготушу мүмкүн.

2-суроо: «Кумар оюндары адамга кандай зыян алып келет?»

Окуучулардын жооптору:

  • Акчасын жоготот;
  • Сабактан артта калат;
  • Ата-энеси менен уруш чыгат;
  • Карызга батат;
  • Жаман жолго түшүшү мүмкүн.

Мугалим:
 Туура айттыңар. Кумар адамдын психологиясына дагы таасир берет. Адам улам утам деп үмүт кылып, токтой албай калат.

3-суроо: «Кумарга көз каранды болбоо үчүн эмне кылуу керек?»

Окуучулардын жооптору:

  • Спорт менен машыгуу;
  • Китеп окуу;
  • Пайдалуу хобби табуу;
  • Убакытты туура пайдалануу;
  • Жакшы досторду тандоо.

Мугалим:  Адамдын максаты, сүйгөн иши болсо, ал жаман адаттардан алыс болот.

  1. Кырдаалдык суроо

Мугалим:  Элестеткиле, досуңар силерди интернет аркылуу акча коюп оюн ойноого чакырды. «Бир жолу эле көр» деди. Силер эмне кылат элеңер?

Окуучулар пикир алышат.

Мугалим жыйынтык чыгарат:  Чыныгы дос жаман жолго үндөбөйт. Ар бир адам өз келечеги үчүн жооптуу.

  1. Жыйынтык

Мугалим:  Балдар, кумар оюну адамды акырындык менен өзүнө тартып, чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн. Чыныгы жеңиш  бул адал эмгек, билим жана туура жашоо жолу.

  1. Акыл сөз

«Кумардан табылган байлык узакка барбайт,
адал эмгек менен келген ийгилик гана бакыт алып келет.»

VII. Рефлексия

Окуучулар сүйлөмдү улантышат:

  • Бүгүн мен түшүндүм…
  • Мен үчүн маанилүү болгон ой…
  • Мен келечекте…

VIII. Жыйынтыктоо

Мугалим:
 Ар дайым туура жолду тандагыла. Силердин келечегиңер  өзүңөрдүн колуңарда.

Алымбаева Б.Б., КББАнын Тарбия жана  

социалдаштыруу лабораториясынын

 башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер