Компьютер менин жашоомдо

  • 21.04.2025
  • 0
Компьютер менин жашоомдо

“Эгерде балдарды кечээгидей окута берсек, анда биз алардын эртеңин уурдаган болобуз”

(Джон Дьюи)

 Сабактын максаты:

Билим берүү максаты:  Окуучулар турмушта компьютердин кандай мааниге ээ экендигин жана аны күнүмдүк жашоодо кандайча колдонсо болорун үйрөнүшөт. 

Өнүктүрүү максаты:  Балдар компьютерди туура колдонуу жөндөмдөрүн, андан алуучу пайдасын жана коопсуздукту сактоо көндүмдөрүн калыптандырышат.

Тарбиялык максаты: Компьютердин пайдалуу жана зыяндуу жактарын түшүнүшүп, окуучулар компьютерди туура пайдаланууга, убакытты натыйжалуу колдонууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, компьютердин негизги бөлүктөрү, батман, маркер, клей, проектор, ноутбук, телефон, геоборд, обруч жана таттуулар.

Сабактын методу: «Окуу керемет» долбоору боюнча “Сөздөн сүйлөөгө” стратегиясы. Маалымат берүү жана жаңы технология менен тааныштыруу.  STEM билим берүү.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу
  2. Жагымдуу маанай
  3. Жаңы тема
  4. Тапшырма 1-2
  5. Эс алуу көнүгүүсү   
  6. 3-тапшырма
  7. Бышыктоо
  8. Үйгө тапшырмасы
  9. Баалоо

Сабакка киришүү: Кутмандуу күнүңүздөр менен,  урматтуу жүргүнчүлөр! Талас Бишкек учуу каттамы даяр! Сиздерди 36- катар күтүп турат.

Мугалим:  Саламатсыңарбы  балдар!

Окуучулар: Саламатсызбы!

Мугалим: Бүгүнкү сабак өзгөчө, самалет борборубуз Бишкек шаарына ийгиликтүү конуш үчүн тапшырмаларды так, туура аткарып, сабакка активдүү катышуу керек. Силер макулсуңарбы? Мен силерге“Мен жана дүйнө” сабагынан кызыктуу жана жаңы маалыматтарды берүүгө даярмын!

Жагымдуу маанай: Көнүгүү

Анда эмесе сабагыбыз жемиштүү жана ийгиликтүү өтүү үчүн бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулап алалы. Азатсыңар, орундуктарга жайгашабыз!

Мугалим: Балдар, сүрөттөн кимдерди көрүп турасыңар?

Окуучулар: Чоң атаны, чоң апаны, атасын, апасын, кызын, баласын, почточуну.

Мугалим:  Бул үй-бүлө маалыматтарды кайсыл  тармактардан  алып жатышат?

Окуучулар: Телефон, радио, китеп, кат, газета, компьютер.

Окуучу: Эжеке, мен компьютер жөнүндө ыр билем, айтып берейинчи! (атайын даярдалган плакатка сүрөттөрдү чапташып, компьютер жөнүндө ыр айтат)

Мугалим: Камила компьютер жөнүндө ыр айтты. Компьютер бизге эмне үчүн маанилүү, аны кандайча колдонуу керек деп ойлойсуңар?

Окуучу: Эжеке, компьютер бизге көп маалыматтарды алууга, дүйнө таанууга жардам берет.

Жаңы тема. Мугалим: Азаматсыңар балдар, эң кызыгы, бүгүн биз сабакта компьютер жөнүндө сүйлөшөбүз. Себеби сабагыбыздын жаңы темасы “Компьютер менен жашоомдо” деп аталат.

Слайд: Сабактын максаты.

Жаңы тема түшүндүрүү:  “Сөздөн сүйлөөгө” стратегиясы

  • Сөз менен тааныштыруу . “Компьютер” 
  • Сөздөрдү түшүндүрүү жана чечмелөө.

 Компьютер ( англ. computer) — бул эсептөөлөрдү жүргүзүүчү машина. Программа боюнча маалыматты кабыл алуу, сактоо, иштетүү жана чыгарууну аткарат. 

  • Эрксиз эс- тутумга сөздү бекемдөө. КОМПЬЮТЕР деген сөз.

3-муун

  • тамга
  • тыбыш
  • үндүү
  • үнсүз
  • белги

4.Сүйлөөгө кошуу. 

Компьютер — бул маалымат менен иштөө үчүн түзүлүш.

Слайд: Компьютер бизге маалыматты издөөгө, билим алууга, оюндарды ойноого жана дагы көп нерселерди жасоого жардам берет. Компьютер менен интернет аркылуу окуп, дүйнө жүзүндөгү башка адамдар менен байланышууга болот.

Компьютердин негизги бөлүктөрү.

  1. Системалык блокто процессор менен эс тутум жайгашкан. Процессор маалыматты иштеп чыгат. Компьютердик эс тутум маалыматты сактайт.
  1. Монитор-бул тексттерди жана сүрөттөрдү экранга чыгаруучу түзүлүш.
  1. Клавиатура- бул текстти терүүдө кызмат кылат.
  1. Ал эми чычкан аркылуу компьютерге команда берилет.

Компьютерди колдонуудагы коопсуздук эрежелери: 

1.Компьютерде суу же кир кол менен иштебейбиз.

2.Компьютердин жанына ашыкча буюмдарды койбойбуз.

3.Электр зымдарын кармабайбыз.

4.Монитордун экранын кол менен кармабайбыз.

5.Компьютер алдында тамак жебейбиз.

6.Мониторду жакындан карабайбыз.

7.Компьютерде көпкө отурбайбыз. 

Мугалим: Азаматсыңар, сабагыбыз өз максатына жетип, силерге толук түшүнүктүү болуш үчүн, биз топто, жупта жана жекече тапшырмаларды аткарабыз!

Мугалим: Бүгүнкү сабакта силердин ар бир жооп берген жоопторуңар үчүн телефонуңарга мен WhatsApp жана TikTok тон силерге лайк басып турам.

Тапшырма. Компьютер эмнеге керектелет: Сүйлөмдөргө сүрөттөрдү дал келтирип, чаптамалардын жардамы менен таблицаны толтурасыңар. Тапшырмага даяр болгондо коңгуроону басып белги беребиз.

1-топ: Текст терүүгө, сүрөт тартууга, мультфильм көрүүгө, ойногонго, музыка укканга.

2- топ: Кат алышууга, интернеттен маалымат издегенге, онлайн окуганга, музыка укканга.

9. Эс алуу көнүгүүсү: (бий музыка сабагы камтылган)

Мугалим: Сүрөттөрдөн компьютерди тапкыла.

Балдар 1-Б класстын окуучулары калькуляторду компьютер деп көргөзүштү го, силер макул болосуңарбы? Албетте, алар жаңылышкан, бул компьютер көтөрүп жүргөнгө ыңгайлуу. ошондуктан алар жаңылып калышкан ээ.

Бышыктоо. Мугалим:

Системалык блокто жайгашкан  процессор кандай милдет аткарат экен?

-Монитордун кызматы?

-Клавиатура кандай кызмат кылат экен?

-Чычкан  кандай милдет аткарат?

(таттуулар илинген обруч менен суроо берем)

1-топко «Менин досум компьютер» деген сөздү окуп көчүрүп жазышат (жүгүрүп жат жазуу жазасыңар)

2-топко (Самолёттун бортунан темага байланышкан буюмдарды алып  чыгышат) 

Мугалим: Бүгүнкү сабакта эмне маанилүү болду, эмнени үйрөндүңөр?

Балдар: тест иштегенди үйрөндүк, компьютердин негизги бөлүктөрү менен тааныштык, компьютерде туура иштөөнү, туура отурууну үйрөндүк.

Мугалим: Азаматсыңар балдар, силер чоң класс болгондо атайын компьютерге тиешелүү информатика деген сабак окуп, ал жактан компьютер боюнча дагы кенен маалымат алып, көптөгөн программаларды жана оюндарды үйрөнөсүңөр. Сабагыбыз силерге кызыктуу жана түшүнүктүү болуп, көп маалыматтарды алсаңар анда биз сабагыбыздын максатына жеттик.

 Үйгө тапшырма:

-Компьютерде кантип туура иштөө керектиги тууралуу пайдалуу кеңештерди ойлоп таап, аны жазып келебиз. 

Баалоо: Кайсы топтуку канча белек болду?

Азаматсыңар балдар, силердин сабакка активдүү катышып, тапшырмаларга туура, так жооп бергениңер үчүн борборубуз Бишкек шаарына ийгиликтүү келип калдык.

Талас — Бишкек  учуу каттамы 35 мүнөттө ийгиликтүү конду!

Бөлүшүү

Комментарийлер