Китептин тарыхы
- 18.05.2026
- 0

Сабактын тиби: Тарбиялык саат.
Сабактын методу: Интериактивдүү метод, акыл чабуулу, кластер, концептуалдык карта, “Тарция” ыкмасы, “Улак тартыш” оюну, “Кубик “ оюну, “STEAM” методу.
Колдонулуучу каражаттар: проектор,презентация, плакат, куржун, пазл, телефон,чүкө, сүрөттөр, баалоо баракчалары, топурак, пергамент,чопо, резина кол кап, ж.б.
Сабактын максаттары:
- Билим берүүчүлүк: Китептин пайда болуу тарыхы менен таанышышат.
- Өнүктүрүүчүлүк: Эске салуу, ой жүгүртүү, анализдөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
- Тарбия берүүчүлүк: Китепке болгон кызыгуусу артып, билимдин баалуулугун түшүнүшөт жана бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ. Уюштуруу: саламдашам. “Китеп“ ыр саптары менен. Жагымдуу маанай түзөм. “Додекаэдр” ыкмасы менен. Топко бөлүнүшөт сүрөттөр аркылуу.
- 1 топ: Папирус
- 2 топ: Пергамент
- 3 топ: Кагаз
Баалоо үчүн окуучуларга баракчаларды берем (жекече). Топторду баалоо үчүн “Куржун” оюнун уюштурам. Алтын эрежени эске салам.

Жаңы тема: Окуучуларга суроо берүү менен жаңы теманы ачам. Жаңы теманы слайд аркылуу түшүндүрөм.
Китеп — адамзат ойлоп тапкан эң улуу табылгалардын бири. Байыркы замандардан бери эле адам баласы өзүнүн тажрыйбасын, билимдерин, сезимдерин жана ойлорун башкаларга жеткирүү үчүн кагаз бетине түшүрүп келген. Ошентип, китеп- кылымдарды карыткан акыл-эстин казынасы, элибиздин улуу мурасы болуп калды.
Бышыктоо: Теманы изилдөө максатында 3 топко тапшырма берем.
1-топко: Байыркы китептер
2-топко: Орто кылымдардагы китептер
3-топко: Азыркы заман (Регламент 3 миню)
Практикалык иш: Изилдөө жүргүзүшөт:
1-топ: Ылайдан китеп жасоо
2-топ: Археологиялык казуу
3-топ: Папирустан кагаз жасоо
Жыйынтыктоо: “Улак тартыш” оюну аркылуу суроо берүү. “Кубик” оюнун уюштуруу. Топторго пазл берилет.
Баалоо: Окуучулардын иш-аракеттерин комментарий жасап, топтук жана жекече баалоо жүргүзөм.
Үй тапшырма: Китеп тууралуу кызыктуу маалыматтарды билип келүү.

Жунаналиева Дамира, Талас облусу, Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы, Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектеби.
Комментарийлер