КЕЛЕЧЕК БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН  КОЛУНДА!

  • 29.08.2022
  • 0
КЕЛЕЧЕК БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН  КОЛУНДА!
  1. Коңурбаева Гүлшан,

 Чоң-Алай районунун,

 Нажимидин Кармышев атындагы орто мектебинин

математика  мугалими

Сабактын максаты:  Бүтүрүүчүлөр  келечектен туура жолду табууга, максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзүүгө, абийирдүү,  ыймандуу  болууга тарбияланышат

Сабактын жабдылышы:  ватман, маркерлер, учкул сөздөр, банка, чоң таштар,  майда таштар, шагыл, суу, топурак,  ж.б

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу

Атым –пейилим оюну менен жагымдуу маанайда сабагыбызды баштайбыз.КЕЛЕЧЕК БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН  КОЛУНДА!

Мен  Гүлшан- гүлдөймүн…

Класстагы окуучуларды топторго бөлүү үчүн түстүү галстуктар таркатылат.

Галстуктардын түсүнө карап балдар 3 топко бөлүнүшөт.

Мугалим:   1- топко Ватман, түрдүү маркерлерди

2- топко Бөтөлкө, кашык, суу

3- топко  Банка, суу,  боёк

берип,  ватманга маркерлер менен түрдүү сызыктарды сызууну,

бөтөлкөгө сууну кашыктап куюуну,боёктор менен сууну арлаштырууну сунуштайт.

Суроо: Кана балдарым.көргөнүбүздөн жана жасаганыбыздан эмнени байкадык?

Окуучулардын ойлорун угуп, комментарий берет:

1-топко Таза барак бул силердин келечегиңер , Келечекте силерди ар түрдүү жолдор күтөт. А ошол жолду түз сызуу силердин колуңарда.

2-топко   Жашоодо  абийир , ыйман  деген аз- аздан  чөйчөккө  куюлган  суу сыяктуу. Аны олдоксон  кыймыл ,  эби жок жүрүм- турум менен төгүп алууга болот.

3-топко   Ал эми боёктор силердин  мүнөзүңөр, жүрүм турумуңар . Таза суу болсо  силердин  жашооңор.

Демек, балдарым жашоону жалаң жакшы  түстө  алып жүрүүңөр керек.Келечекте  жашооңордо  жалаң жакшы  сызыктар  , абийир, ыйман, жаркын  маанай, жакшы түс силерди ар дайым  жандап  жүрсүн  деген  аруу  тилек максат менен  мен  бүгүнкү  сабагымды  баштаймын.

Жаңы тема:  Келечек билимдүү  жаштардын  колунда!

Мугалим:  Сабакты баштоонун алдында, ар бириңер бактылуу балалыгыңарды окуучулук  күндөрдөгү кызыктуу  окуяларды  эстегилечи? (балдар айтып беришет).

  • Мына ошол кайталангыс көз ирмемдей  болгон  бала чагыңар менен коштошуу алдында турасыңар. Силерди  алдыңарда  жаркыраган  келечек   күтүп  турат.  Мына  ушул  учурда  ар бириңердин  алдыңарда  белгилүү  бир максат  мүдөө  болуш  керек.  Келгиле  чогуу ойлонуп , талкуулайлы.

Топторго  талкуу үчун  суроолор  берилет:

  1. Максатты кантип туура коёбуз?
  2. Максат ишке ашуу үчүн эмне кылуу керек?
  3. Жаркыраган келечекти кантип элестетебиз?

Окуучулар  топто талкуулап,  презентация  кылышат. Мугалим толуктап турат.

Мисалы :

  • 1-топко  — ишке аша турган максатты коюу керек

-талантына , жөндөмүнө  карап,    ж.б

  • 2-топко   — аракет,   план,   мүмкүнчүлүк

-үйрөнүү  ж.б

  • 3-топко -жакшы жашоо,чың  ден- соолук

-жакшы  жумуш, үй-бүлөлүк  бакыт,  ж.б

Мугалим  жыйынтыктайт:

  1. “Максатты туура коё албаган кемеге эч кандай  шамал  жардам  бере  албайт”,- деп Конфуций  айткандай  эң  оболу  максатты  туура  коюуга  үйрөнөлү.
  2. Инсан ар дайым максатын акылында  жана  жүрөгүндө  туя  алганда  ал  аткарылат.
  3. Жаркыраган келечек адамдагы  асыл  сапаттар  менен  толукталат.

Сабакты бышыктоо:  Мугалим 3 топко  бирдей  тапшырма берет.

Окуучулага  бош банка,  чоң таштар, майда таштар,  шагыл,  суу,  топурак берилет жана банканы  толтурууну  сунуштайт.

Мугалим: Кана балдарым  жасаганыбыздан жана көргөнүбүздөн  эмнени  түшүндүк?

Балдардын оюн угуп, толуктайт:

-Балдар бул банканы  силердин өмүр  жолуңар  деп  элестетели,  чоң таштор  болсо  чоң  максаттар,  өмүрүңөрдөгү  чоң  таштарды  аныктап  алгыла,  банканы  майда  таштар,  шагылдар , суу  менен  толтуруп  алсаңар өмүрдү  майда  иштер  менен өткөрүп  жибересиңер, чоң иштер аткарылбай калат. Силердин  алдыңарга койгон максаттарыңар,  аруу тилек үмүттөрүңор  ылайым  эле  аткарылсын  деген  тилек  менен мен бүгүнкү сабагымды  аяктаймын.

Көңүл  бурганыңар үчүн  рахмат!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                               

Бөлүшүү

Комментарийлер