КАНАТТУУЛАРДЫ КОРГОЙБУЗ!

  • 23.03.2022
  • 0
КАНАТТУУЛАРДЫ КОРГОЙБУЗ!

Сабактын максаты:

Куштардын жашоо тиричилиги менен кеңири таанышат.
Окуучулар жуптарда иштөөгө, оюн кеңири айтып берүүгө көнүгүшөт.
Канаттууларга аяр мамиле жасоо, аларды коргоо керектигин түшүнүшөт.
Сабактын жабдылышы:  Куштардын сүрөттөрү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Сабактын максаты менен тааныштыруу.
2). Жаңы тема:
Чакыруу этабы: Суроолуу алмадан тапшырмаларды алышат. Алманын артында:
1.Кандай келгин куштарды билесиң?                                                                            2.Кышында кыштаган куштар кайсылар?

3.Эмне үчүн куштар уя салышат?

4.Эң уккулуктуу, мукамдуу сайраган куш кайсы?

КАНАТТУУЛАРДЫ КОРГОЙБУЗ!

Түшүнүү этабы: Мугалим канаттуулар жөнүндө айрым маалыматтар менен тааныштырат.

-Балдар,  канаттуулар мекенибизге көрк берип турат. Алардын кээ бирлери жылуу жактарга учуп кетишет, кээ бирлери ушул жерде эле жашашат. Биздин мекенибизде сейрек учуроочу жана жоголуп бара куштарга:
Жырткычтардан: Кара жору, күйкө, турумтай, бүркүт.
Карга сымалдуулардан: Кара карга, кузгун, чөкө таан, сагызган.
Тоок сымалдуулардан: Көк көгүчкөн, бактек, ак куйрук, аска көгүчкөнү. Андан башка боз чулдук, тоо казы, кар таш торгой, талаа, үй таранчылары ж. б.

КАНАТТУУЛАРДЫ КОРГОЙБУЗ!

— Балдар, кээ бири уясын жерге, даракка жар бооруна, аскага, адамдардын уйунө салышат. Уя салуу жагынан куркулдай кушуна эч бир куш жетпейт деп калышат. Бекеринен элибизде жакшы салынган үйдү “куркулдайдын уясындай” деп айтышпаган. Торгой жерди казып уя салат, көп учурда ит-кушка жем болот. Ал эми бүркүттөр адам жеткис аскага уялайт.

КАНАТТУУЛАРДЫ КОРГОЙБУЗ!

Чабалекей уясын жарга же үйгө салат. Уя салып убара болбогон куштардын бири — күкүк.

-Кызыл китеп деген эмне? Демек, бул китепке жоголуп бараткан жан-жаныбар, канаттуулар жазылат жа аларды коргоо, аларга тийбөө милдети жуктөлөт. Биздин Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген канаттуулардын 32-40тан ашык түрү бар. Алар жаратылышка көрк берет, зыяндуу курт-кумурска, чиркейлерден тазалайт.
Биздин ата-бабаларыбыз куштар менен достошуп, мунушкөрлук кылышкан, аларды таптап багышкан. Азыр дагы ата-бабанын салтын улантып келе жаткандар аз эмес. Мунушкөр деген ким? Мүнүшкөр буркутту таптап үйрөткөн адам).
Ата-бабаларыбыз барктап келген куштар жөнундө да сөз кылып кетели. Туйгун — куштун төрөсү. Анын кооз келбети өзгөчө. Туйгун көзүнө көрүнгөндү ала бербейт. Тажрыйбалуу мүнүшкөрлөр таптаган, кыраандары чоң илбээсиндерди алат деп айтышат.
Шумкар — коооздугу менен айырмаланат. Өңү — ар түрдүү, ак, кара, көк. Бүркүт томогосу жок болсо, алы жетпесе да жутуна берет. Мүнүшкөрлөр бул канаттууларды таптаганда күчтүү тамак берет. Алар жөнүндө дайым кам көрүшөт.

Сабакты бышыктоо: Эми балдар, буга чейин билген жана бүгүн алган маалыматтарды текшерүү үчүн төмөнку суроолорго жооп берип көргүлө:

Кайсы канаттууларды жакшы  көрөсүңөр?
Кыргызстанда Кызыл китепке кирген канаттуулардан атап бер.
Силер келгин куштарга кандай жардам бере аласынар?
Канаттууларды коргоодогу сенин салымын кандай?
Канаттууларга ырайымсыз мамиле кылган балдарга эмне деп айтасың?

КАНАТТУУЛАРДЫ КОРГОЙБУЗ!

Жыйынтыктоо:
Канаттууларсыз жашоону элестетүү кыйын. Анткени биз эс тарткандан бери эле алар менен чогуу жашап келебиз. Эртең менен куштардын сайраганын угуп ойгонобуз. Алар дагы биз сыяктуу эле жаратылыштын, Жер Эненин балдары. Биз сыяктуу эле жерде жашоого укуктуу. Канаттуулардын жашоо-тиричиликте өз- орду, пайдасы бар экенин айтып өттүк. Ошондуктан аларды атып ойноп, уяларын бузуп, жөн эле өлтүргөн учурларда адамдар жаратылышка кыянаттык кылып жатканын ойлонуусу керек. Ата-бабаларыбызда мындай учурларда илгертен эле “Кой –убал болот! Аны да кудай жараткан”- деп канаттууларды коргоп келишкен. Балдар, бизда канаттуулар менен дос бололу жана өз досторубузду дайыма коргойлу.

Үйгө тапшырма берүү: Куштар жөнүндө маалымат топтоп, жазып келүү.

ТУРГУНБАЕВА Самара, Аксы районундагы №21 Ыман Акылбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер