КАЛЫГУЛ АКЫЛМАН МЕНЕН ДААНЫШМАН АКЫН АРСТАНБЕКТИН НАКЫЛ КЕПТЕРИ

  • 06.08.2026
  • 0
КАЛЫГУЛ АКЫЛМАН МЕНЕН ДААНЫШМАН АКЫН АРСТАНБЕКТИН НАКЫЛ КЕПТЕРИ

Аңгемелешүүнүн багыты: Улуу инсандардын өрнөктүү өмүрүнөн.

Максаты:  Нарктуу инсан, анын улутка калтырган үлгүлүү руханий мурастары тууралуу аңгемелешүү..

  • Калыгул акылман менен даанышман акын Арстанбектин нарктуу накыл кептери. Калыгул жана Арстанбектин нагыз элдик акылман экендиги, элди жакшылыкка, руханий тазалыкка, татыктуу жашоого чакырган ырлары менен казалдарын окуу, талдоо, алардагы адеп-ахлактык таалим-тарбиялык саптарын. Нарктуу жүрүм-турум идеяларын, моралдык-этикалык мурастарын үйрөнүү, окуучулардын жан дүйнөсүнө сиңирүү.

Практикалык иш:  Калыгул менен Арстанбектин термелеринен, казалдарынан кыргыздын акылмандыгын, даанышмандык сапаттарын алып талдоо, алардагы моралдык-этикалык идеялары тууралуу презентацияларды, долбоорлорду жасоо.

Методдору жана ыкмалары: топто иштөө, талкуулоо.

Ресурстар: Керектелүүчү материалдар:

  • Слайд же сүрөттөр
  • Макал-лакаптар жазылган карточкалар
  • Видео (эгер мүмкүн болсо)
  • Доска, маркер 

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.

Сабактын формасы: аралаш сабак.

Сабактын методу: маалымат берүү, түшүндүрүү, аңгемелешүү,практикалык.

Максаты: Окуучуларга Калыгул жана Арстанбек сыяктуу даанышман инсандардын накыл кептерин тааныштыруу, алардын маанисин түшүндүрүү жана жашоодо колдонууга үйрөтүү.

Милдеттери:

  • Окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү
  • Улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу
  • Адеп-ахлактык тарбия берүү

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу бөлүгү (2-3 мүнөт)
  • Саламдашуу
  • Окуучулардын көңүлүн сабакка буруу
  1. Киришүү сөз (5-7 мүнөт)

Мугалим: Кыргыз эли илгертеден акылмандыгы, сөз байлыгы жана терең ойлору менен айырмаланып келген. Эл ичинде акылман адамдар өзүнүн накыл сөздөрү аркылуу элге жол көрсөтүп, тарбия беришчү. Ошондой инсандардын катарына Калыгул акылман жана Арстанбек акын кирет. Алардын айткан накыл кептери бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, жаштарды туура жолго багыттап келет.

  1. Негизги бөлүк (20-25 мүнөт)

Калыгул акылмандын накыл кептери:

  • «Жакшы сөз – жан азыгы»
  • «Ынтымак бар жерде ырыс бар»
  • «Адамдын көркү – адеп»

Талкуу: Бул сөздөр эмнени түшүндүрөт? Окуучулар өз ойлорун айтып беришет.

Арстанбек акындын накыл кептери:

  • «Эл менен бол, элден чыкпа»
  • «Адамдык касиет – эң чоң байлык»
  • «Билим – адамды бийикке жеткирет»

Талкуу: Окуучулар бул накыл кептердин маанисин турмуш менен байланыштырсын.

  1. Топтук иш (10-15 мүнөт)

Окуучулар 3 топко бөлүнөт:

1-топ: «Жакшы сөз – жан азыгы» темасында мисал келтирүү

2-топ: «Ынтымак бар жерде ырыс бар» боюнча чакан көрүнүш даярдоо

3-топ: «Билим – адамды бийикке жеткирет» темасында кыскача баяндама

Окуучулардын жообу:

1-топ: «Жакшы сөз – жан азыгы» деген темага мисал:

Бир күнү мектепте Жанарбек аттуу окуучу сабактан начар баа алып, маанайы түшүп отурду. Ал өзүн жаман сезип, «мен эч нерсеге жарабайт окшойт» деп ойлоду. Ошол учурда анын мугалими жанына келип:
– Жанарбек, сен аракетчил баласың. Бүгүн болбой калды, бирок сен сөзсүз жакшы окуй аласың, –  деп жылуу сөз айтты.

Бул сөздөр Жанарбекке күч-кубат берип, ал өзүнө ишене баштады. Кийинки сабактарга көбүрөөк даярданып, жыйынтыгында жакшы бааларга жетишти.

Жыйынтык: Жакшы, жылуу сөз адамдын көңүлүн көтөрүп, ишеним берип, аны жакшы жакка өзгөртө алат. Ошондуктан «Жакшы сөз – жан азыгы» деп айтылат.

2-топ: Чакан көрүнүш: «Ынтымак бар жерде ырыс бар»

Каармандар:

  • Ата
  • Эне
  • Үйдүн улуу баласы
  • Кичүү баласы

Көрүнүш: (Үйдүн ичинде. Балдар урушуп жатышат)

Улуусу:
— Бул оюнчук меники! Сен тийбе!

Кичүүсү:
— Жок, мен ойнойм! Сен дайыма өзүң эле аласың!

(Экөө урушуп, оюнчукту тартышат)

Эне (капа болуп):
-Эмне үчүн урушасыңар? Бир туугандар ынтымакта болуш керек да!

(Ата кирет)

Ата:
— Эмне болду бул жерде?

Эне:
— Балдар урушуп жатат, ынтымак жок.

Ата (балдарды жанына чакырып):
— Келгиле, балдарым. Мен силерге бир мисал көрсөтөйүн.

(Ата бир нече таяк алып келет)

Ата:
Муну сындыргыла.

(Балдар бирден таякты оңой сындырышат)

Ата:
Эми бул таяктарды чогуу кармагыла да сындырып көргүлө.

(Балдар аракет кылышат, бирок сындыра алышпайт)

Улуусу:
Сынбайт экен!

Ата:
— Көрдүңөрбү, жалгыз болсоңор – алсызсыңар. Бирге болсоңор – күчтүүсүңөр. Ошондуктан ынтымактуу болгула.

Кичүү бала (уялгандай):
Кечирип койчу, байке. Кел, чогуу ойнойлу.

Улуусу:
— Макул, кечирдим. Бирге ойнойбуз.

Эне (жылмайып):
— Мына ушундай, балдарым. Ынтымак бар жерде – ырыс бар.

Жыйынтык сөз: Бул көрүнүш ынтымактуу болгондо күч-кубат, береке көбөйөрүн көрсөтөт.

Текст менен иштөө. 

АҢГЕМЕ: «АКЫЛМАН СӨЗ – ӨМҮРГӨ ЖОЛ» 

Илгери кыргыз элинде сөздүн кадыры бийик, акылмандардын насааты элге жол көрсөткөн заман болгон экен. Ошол кезде Калыгул акылман менен Арстанбек акындын даңкы алыска тараган.

Бир күнү жаш жигит алардын алдына келип, мындай деп сурайт:
—  Урматтуу акылмандар, кантип жакшы адам болуп, элге пайда алып келе алам?

Калыгул акылман жай гана жылмайып: Балам, «Адамдын көркү – адеп». Адептүү болсоң, эл сени сыйлайт, деп жооп берет.

Арстанбек акын сөздү улап: Ал эми мен сага айтам, балам, «Билим – адамды бийикке жеткирет». Оку, изден, ошондо максатыңа жетесиң, дейт.

Жигит ойлонуп калат: Демек, адеп да, билим да керек экен да?

Калыгул башын ийкеп:  Ооба, балам. Бирок дагы бир нерсени унутпа: «Ынтымак бар жерде ырыс бар». Эл менен бирге бол, жалгыздык адамды алсыратат.

Арстанбек кошумчалайт:  Элди сүйгөн, эл үчүн кызмат кылган адам гана чыныгы бактылуу боло алат.

Жаш жигит бул акыл-насааттарды жүрөгүнө бекем түйүп, айылына кайтып келет. Ал адептүү болуп, жакшы окуп, элге жардам бере баштайт. Убакыт өтүп, ал эл сыйлаган, акылдуу жана пайдалуу адамга айланат.

Бир күнү ал өзү жаштарга насаат айтып жатып: Менин жашоомо жол көрсөткөн акылмандардын сөзү болду. Чын эле, акылман сөз – өмүргө жол экен, деп айтат.

Калыгул менен Арстанбек сыяктуу даанышмандар калтырган накыл сөздөр ар бир адамга туура жол көрсөтүп, жашоодо чоң мааниге ээ.

  1. Жыйынтыктоо (5-7 мүнөт)

Мугалим: Калыгул менен Арстанбек – кыргыз элинин руханий байлыгы. Алардын накыл сөздөрү бизди жакшы адам болууга, туура жашоого үндөйт.

Суроолор:

  • Кайсы накыл сөз сизге жакты?
  • Эмне үчүн?
  • Бул сөздөрдү жашоодо кантип колдонсо болот?
  1. Баалоо. Окуучулардын активдүүлүгүнө жараша баалоо жүргүзүлөт.
  1. Үй тапшырма: Өзүңүзгө жаккан бир накыл сөздү тандап, анын мааниси боюнча кыскача эссе жазуу.

Жыйынтык: Бул класстык саат окуучуларга улуттук баалуулуктарды таанытып, алардын адеп-ахлактык тарбиясына чоң салым кошот.

Алымбаева Бермет, КББАнын Тарбия жана социалдаштыруу лабораториясынын башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер