Ислам дининдеги укуктук мектептер (мазхабдар)
- 21.05.2026
- 0

8- класс, Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы
📌 Сабактын тиби:
Жаңы билим берүү жана интерактивдүү сабак
🎯 Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларга Ислам укуктук мектептеринин (мазхабдардын) калыптануу тарыхы, алардын негиздөөчүлөрү жана Ислам дүйнөсүндөгү ролу тууралуу системалуу билим берүү каралат. Төрт негизги мазхабдын ортосундагы окшоштуктарды жана илимий айырмачылыктарды талдоо аркылуу окуучулардын диний сабаттуулугун калыптандыруу көздөлөт.
- Өнүктүрүүчүлүк максаты: Интерактивдүү усулдарды колдонуу менен окуучулардын аналитикалык жөндөмдөрү өнүктүрүлөт. Мээге чабуул жана кейс-методдор аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, ал эми топтук иштер аркылуу кызматташуу көндүмдөрү арттырылат.
- Тарбиялык максаты: Окуучуларды диний сабырдуулукка, толеранттуулукка жана башкалардын көз карашын сыйлоого тарбиялоо ишке ашырылат.
✅ Күтүлүүчү натыйжалар:
Окуучулар:
- мазхаб түшүнүгүн аныктайт;
- 4 негизги мазхабды атап берет;
- айырмачылыктарын түшүндүрөт;
- диний ар түрдүүлүктү кабыл алууну үйрөнөт.
🧠 Колдонулуучу ыкмалар:
- Мээге чабуул
- Топтук иш
- Венн диаграммасы
- Ролдук оюн
- Кейс-метод (турмуштук кырдаал)
🛠 Керектүү каражаттар:
- Презентация
- Постер
- Карточкалар
- Сыйкырдуу кутуча

Сабактын жүрүшү
- Уюштуруу
- Саламдашуу
- Жагымдуу маанай:
- ЖИ менен видео кайрылуу
- Окуучулар парталардын алдындагы жагымдуу сөздөрдү алып окушат.
- Флипитинин жардамы менен төрт топко бөлүп алуу
- Үй тапшырманы текшерүү
Балдар сыйкырдуу кутучанын ичиндеги суроолорго жооп беришет.
- Ислам мистикасы эмне деп аталат? (Суфизм)
- Борбордук Азияда эң кеңири тараган кайсы тарикат болуп саналат? (Накшибандия)
- Мухаммад ибн Абдулваххаб негиздеген диний саясий кыймыл эмне деп аталат? (Ваххабизм)
- Накшибандия, Кадирия же Яссавия сыяктуу суфизм агымдарынын жалпы аталышы? (Тарикат)
- Жаңы теманы түшүндүрүү
Балдар доскадагы төрт сүрөткө көңүлүңөрдү бургум келип жатат?
Суроо: Доскадагы сүрөттөрдү көрүп кандай ой пикирде болдуңар?
Окуучулар өзүнүн ойлорун билдиришет. Анын негизинде жаңы тема аныкталат.
Жаңы тема экранга чагылдырылат.
Мугалим: Ар бир сүрөттүн үстүнө мазхабдардын аталышы чапталат.
📖 Мазхаб деген эмне?
Мазхаб — ислам укугундагы (фикх) белгилүү бир аалымдын көз караштарына негизделген мектеп.
📚 Негизги мазхабдар:
| Мазхаб | Негиздөөчү | Өзгөчөлүгү |
| Ханафий | Имам Абу Ханифа | Логикага басым жасайт |
| Маликий | Имам Малик | Салтка таянат |
| Шафий | Имам Шафий | Далилге так мамиле |
| Ханбалий | Имам Ахмад | Катуу сактайт |
- Практикалык бөлүк (7 мүнөт)
1-тапшырма: Топтук иш
Окуучулар 4 топко бөлүнгөн;
Ар бир топ:
- өз мазхабын изилдейт
- ар бир мазхабдын айырмачылыктарын аныкташат
- даярдалган постерлерди мазхабдарга жараша иреттейт
- коргойт
Бышыктоо (5 мүнөт)
Waydground платформасы аркылуу жыйынтоо тест алынат
- Баалоо (5 мүнөт)
- Рефлексия (3 мүнөт)
Доскага 3 этно-куржун илинет.
1-куржун (түшүндүм)
2-куржун (суроом бар)
3-куржун (түшүнбөй калдым)
Окуучулардын алдында чүкөлөр болот. Максаты ар бир куржунга чаптап чыгышат.
Окуучулардын жаңы теманы канчалык деңгээлде өздөштүргөнү аныкталат.
Кымбаттуу окуучулар ушуну менен сабагыбыздын соңуна келдик.
- Үй тапшырмасы:
“Мазхабдардын коомдогу ролу” темасында эссе жазуу
Интернет желелеринен кошумча маалымат таап келүү
Эки деңгээлде тапшырма берилип жатат, экөөнү тең аткаргандарга “эң жакшы”, бирөөнү аткаргандарга “жакшы” деген баа берилет.
Сабактын инновациялык өзгөчөлүгү:
- Интерактивдүү ыкмалар
- Окуучунун активдүү катышуусу
- Турмуштук байланыш
- Толеранттуулукка басым
Мамбетов Асылбек, Барскоон айылы Э.Кендирбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин Диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими
Комментарийлер