ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

  • 12.03.2026
  • 0
ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

( 8-класс)

Сабактын форматы: Эксперименталдык, изилдөөгө багытталган
Модель: 3 С +1 E

Сабактын максаты:

Окуучулар химиялык кубулуштардын белгилерин эксперимент аркылуу аныктап, физикалык кубулуштардан айырмасын түшүндүрө алышат жана алынган далилдерди негиздеп корутунду чыгарышат.

Күтүлүүчү натыйжалар

Сабактын аягында окуучулар:

— химиялык кубулуштун аныктамасын айта алат;

— химиялык кубулуштун негизги белгилерин (газ бөлүнүү, чөкмө пайда болуу, түсүнүн өзгөрүшү, жылуулуктун бөлүнүшү/сиңиши) тааныйт;

— жөнөкөй эксперименттердин жыйынтыгын талдап, далилдүү корутунду чыгарат;

— физикалык жана химиялык кубулуштарды салыштырат;

— коопсуздук эрежелерин сактап иштейт.

Баалоо критерийлери (формативдик жана суммативдик)

ДеңгээлКритерийДескрипторлор
ЖогоркуТүшүнүкХимиялык кубулушту так аныктайт, белгилерин толук түшүндүрөт
ЖогоркуЭкспериментБайкоолорду так жүргүзүп, далилдүү корутунду чыгарат
ОрточоТалдооФизикалык жана химиялык кубулуштарды айырмалайт, бирок толук негиздей албайт
ОрточоКоммуникацияЖооптору логикалуу, бирок так эмес
БаштапкыКоопсуздукЭрежелерди мугалимдин эскертүүсү менен сактайт

Колдонулуучу ресурстар

уксус (суюлтулган), аш сода; айнек стакан, шар; темир мык, суу; универсал индикатор же кызыл капустанын тундурмасы; коргоочу көз айнек, салфетка.

Сабактын жүрүшү (3 С +1 E)

Capture interest  — Кызыгууну ойготуу – 7 мүнөт

 Химиялык аңгеме

«Жоголгон кашык»

Айжан апасы менен ашканада чай ичип отурду. Чай үстөлүндө темир кашык, кант жана лимон бар эле. Апасы лимонду чайга сыгып, кашык менен аралаштырды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Айжан кашыкты карап таң калды.

Апа, кашык эмне үчүн мурдагыдай жалтырабай калды? — деди ал.

Апасы жылмайып жооп берди:
— Кашык жоголгон жок, Айжан. Болгону ал башкача болуп калды.

Айжан ойлонуп калды. Кашык ошол эле бойдон турат, бирок өңү өзгөрдү. Бул жөн эле көрүнүшпү же башка нерсеби?

Ошол эле учурда мештин үстүндө шам күйүп жаткан. Шам аз-аздан кыскарып, акырында жок болуп кетти. Ал эми муздак суу коюлган стаканда муз акырындык менен эрип жатты.

Айжан өзүнө суроо берди:

Кайсы учурда зат жөн гана формасын өзгөрттү, ал эми кайсы учурда таптакыр башка затка айланды?

— Талкууга багыттоочу суроолор (Engage этабы үчүн)

Кайсы мисалда жаңы зат пайда болду деп ойлойсуңар?

Шам күйгөндө эмне болду?

Муз эригенде жаңы зат пайда болдубу?

Кашыктын өзгөрүшү эмнеден кабар берет?

Өтүүчү суроо (негизги):
Химиялык кубулуш деген эмне? Аны кантип далилдей алабыз?

Construct understanding — Түшүнүктү калыптандыруу

Окуучулар 3 топго бөлүнүп, топтордо эксперимент жүргүзүшөт.

Эксперимент 1: Газ бөлүнүүсү

Уксуска аш соданы кошуу, стакандын оозуна шар кийгизүү.

Байкоо: көбүк, шар толот.

Эксперимент 2: Түсүнүн өзгөрүшү

Индикатор кошуп, эритменин түсүнүн өзгөрүшүн байкоо.

Эксперимент 3: Жай жүрүүчү химиялык кубулуш

Темир мыкты сууга салып, алдын ала даярдалган дат баскан үлгү менен салыштыруу.

Графикалык уюштургуч: Байкоо журналы (Шарт – Байкоо – Белги – Корутунду).

ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

A vibrant and visually appealing mind map design

БайкооБелгиЖыйынтык

3. Consalidate learning — Үйрөнүү, билимди чыңдоо, бекемдөө

Топтор жыйынтыгын сунуштайт. Мугалим теорияны тактайт:

химиялык кубулуш – жаңы зат пайда болгон өзгөрүү;

негизги белгилери;

химиялык теңдемелерге киришүү (оозеки). Андан соң окуучуларга топтук иш үчүн Акыл картасы берилет. Окуучулар картаны толтурушат.Андан кийин презентациялашат.

Графикалык уюштургуч: Акыл картасы

Enrichment — Байытуу, тереңдетүү

Бекемдөө тапшырмалары (дифференциация):

А деңгээл: Сүрөттөрдөн химиялык кубулуштарды тандап белгилөө.

ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

B деңгээл: Берилген мисалдарды классификациялоо жана негиздөө.

Парафиндин эриши, өсүмдүк калдыктарынын чириши, металлдардын дат басуусу, спирттин күйүшү, камырдын ачышы, туздун сууда эриши, суунун тоңусуу, сүттүн ириши, бубактын пайда болушу, чагылган, вулкандын  атылышы, кир жуу, жаранын ириндеп кетиши.

C деңгээл: Турмуштан мисал келтирип, белгилерин далилдөө.

Рефлексия:

ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

Үй тапшырмасы

Турмуштан 3 химиялык кубулушка мисал таап, белгилерин жазуу.

Инфографика же мини-постер даярдоо.

Химиялык кубулуштар

ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

A vibrant and visually appealing mind map design

Мугалимдер үчүн «3 С +1 E» методикалык баракчасы

Бул сабакта колдонулган эксперименталдык ыкмаларды жазгыла.

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

Ал ыкмалар кайсы этапта колдонулду

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

ХИМИЯЛЫК КУБУЛУШТАР

А.АБДУБАПОВА, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Алымбек Датка » атындагы лицей филиалынын академиялык координатору, химия мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер