География дүйнөсүнө саякат
- 11.03.2026
- 0

Сабакка 7-9-класстардын окуучуларынан куралган беш топ катышып, ар бир команда өзүнө бөлүнгөн материктин же континенттин өзгөчөлүктөрүн чагылдырып беришти. Таймаш өтө курч жана кызыктуу мүнөздө өтүп, алты этаптан турду. Сабакка 5 топ катышты.
Жарыштын шарттары:
- Командалар өз аттарын жактоо жасаган макеттери боюнча маалыматтарды берүү
- Тамгалар оюну (адашкан тамгалардан географиялык терминдерди табуу)
- Суроо-жооп оюну (мында топ башчылары суроолор салынган конверттерди тандап алышат жана кагаздын ичиндеги суроолорго топ менен биргеликте жооп беришет)
- Сүрөттөрдү чогултуу (пазл)
- Кроссворд
- Сүрөттөр көргөзмөсүн уюштуруу
Макеттер аркылуу дүйнө таануу
Биринчи этапта командалар өздөрү жасаган макеттерди жактап беришти.
- «Европа» тобу (7-б класс) Франциядагы Эйфел мунарасын жана Грециядагы Колизейди суктанарлык деңгээлде жасап келди.
- «Түштүк Америка» тобу (8-б класс) дүйнөгө атагы чыккан айкелдерди жана футбол аянтчасын сунуштады.
- «Тайфун» (Африка) командасы (8-а класс) Египет пирамидаларын жана материктин жан-жаныбарлар дүйнөсүн макет аркылуу көрсөттү.
- «Антарктида» тобу (9-б класс) пингвиндердин жашоосун чагылдырса,
- «Азия» командасы (9-а класс) континенттеги өлкөлөрдүн байрактарын гана эмес, улуттук тамак-аштарын (суши, халва, курма ж.б.) даярдап келип, калыстарды таң калтырышты.

Билим таймашы. Экинчи этап: окуучулар «Адашкан тамгалар» оюнунда географиялык терминдерди тез табышып, сабакка кызыгуу менен катышты. Мисалы:
- К И Б Ш К Е (Бишкек)
- Н О Л Д О Н (Лондон)
- К А Р А Т А К (Джакарта)
- Н А Т А С А (Астана)
Дагы кошумча мисалдар: литосфера-филрсаоте, меридиан-еиаимдрн, климат- лмтаик, температура-епратутмера, субантарктика-ауаттнсиарбкк, түштүк- кттушу, экватор-троевка
Тапшырма: командалар 2 мүнөттүн ичинде канча шаарды чечмелей алышат? «Ыкчам суроолор» турунда пазлдарды чогултуу жана татаал кроссворддорду чечүү аркылуу өз билимдерин бекемдешет.
Сабактын 3-туру «Ыкчам суроолор» (Жөнөкөй жана тез)
«Европа» командасынын суроолору:
1.Суроо: Бул өлкөнүн аты менен дүйнөдөгү эң чоң океандардын бири аталат. Бул кайсы өлкө?
(Жообу: Индия – Инди океаны)
2.Суроо: Бул континентте бир дагы дарыя, бир дагы өлкө жана бир дагы туруктуу жашаган адам жок. Бул кайсы континент?
(Жообу: Антарктида)
3.Суроо: Кайсы мамлекеттин ичинде дагы эки мамлекет (Ватикан жана Сан-Марино) жайгашкан?
(Жообу: Италия)
4.Суроо: Жер шарындагы эң бийик чекит Эверест болсо, эң терең жер кайсы?
(Жообу: Мариана кооту/впадинасы)
5.Суроо: Бул өлкөнүн аты кыргыз тилине которгондо «Күмүш» деген маанини берет. Бул кайсы өлкө?
(Жообу: Аргентина — латынча «Argentum» — күмүш)
«Жаш муун» командасынын суроолору:
1-суроо Кайсы материкти «Маймылдардын мекени» деп аташат? (Жообу: Африка)
2-суроо: Кыргызстандын эң төмөнкү чекити кайсы облуста жайгашкан?
(Жообу: Баткен облусунда — деңиз деңгээлинен 401 метр бийиктикте)
3-суроо: Бул мамлекеттин аймагында бир эле учурда 11 убакыт алкагы (часовой пояс) бар. Бир жагында күн батып жатса, экинчи жагында күн чыгып жатат. Бул кайсы мамлекет? (Жообу: Россия)
4-суроо: Бул өлкө «Күн чыгыш өлкөсү» деп аталат. Себеби алар күндү эң биринчи тосуп . Бул кайсы өлкө? (Жообу: Япония)
5-суроо: Бул жаныбар Австралиянын символу, бирок ал артка карай баса албайт. Ошондуктан ал Австралиянын гербинде «дайыма алдыга умтулууну» билдирип турат. Бул кайсы жаныбар? (Жообу: Кенгуру)
«Тайфун» командасынын суроолору:
1-суроо: Кайсы мамлекеттин аймагы төрт жарым шарда тең (Түндүк, Түштүк, Чыгыш жана Батыш) жайгашкан?
(Жообу: Кирибати — Тынч океандагы арал-мамлекет, экватор менен 180-меридиан кесип өтөт)
2-суроо: «Бул буюмду 12-кылымда кытайлар ойлоп табышкан. Аны «түштүктү көрсөткүч» деп аташкан. Бул саякатчылардын эң жакын досу. Кутуда эмне бар?»(Жообу: Компас)
3-суроо: Бул дарыянын үстүнө бир дагы көпүрө салынган эмес. Себеби ал ушунчалык чоң жана анын жээгинде өтө чоң шаарлар жок, эл кайык менен эле өтөт. Бул кайсы дарыя? (Жообу: Амазонка)
4-суроо: Дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет, ал Рим шаарынын ичинде жайгашкан. Анын аянты болгону 0,44 чарчы километр. (Жообу: Ватикан)
5-суроо: Бул көлдүн бир жагы туздуу, экинчи жагы тузсуз (таттуу). Бул кайсы көл?
(Жообу: Балхаш көлү, Казакстан)
«Антарктида» командасынын суроолору:
1-суроо: Бул өлкөдө адамдарга караганда койлордун саны 10 эсе көп. Бул арал-мамлекет кайсы? (Жообу: Жаңы Зеландия)
2-суроо: Кайсы континентте бир дагы кумурска жашабайт? (Жообу: Антарктида)
3-суроо: Африкадагы кайсы жаныбардын аты кыргызча «Суу жылкысы» деп которулат?
(Жообу: Бегемот — гиппопотам)
4-суроо: Картадан караганда бул мамлекеттин формасы «өтүккө» окшош. Бул кайсы өлкө? (Жообу: Италия)
5-суроо: Бул өлкөнүн аты «Экватор» деген сөздөн келип чыккан. Бул кайсы өлкө?
(Жообу: Эквадор)
«Азия» командасынын суроолору:
1-суроо: Дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма кайсы жана ал кайсы континентте? (Жообу: Анхель, Түштүк Америка)
2-суроо: Кайсы мамлекет бир эле учурда эки континентте (Европа жана Азия) жайгашкан? (Эки өлкө бар, бирин айтса жетиштүү). (Жообу: Түркия же Россия)
3-суроо: Бул өлкөнүн желеги төрт бурчтук эмес, эки үч бурчтуктун биригүүсүнөн турат. Дүйнөдө мындай желек жалгыз гана ушул өлкөдө. (Жообу: Непал)
4-суроо: «Сары дарыя» деп кайсы дарыяны айтабыз? (Жообу: Хуанхэ, Кытай)
5-суроо: Кыргызстандагы эң узун дарыя? (Жообу: Нарын дарыясы)
Сабактын 4-туру. Географиялык пазлдарды чогултуу, сүрөттөрдү топтоо)
Сабактын 5-туру. Кроссворд толтуруу

Кроссворддун суроолору
- Египет мамлекети кайсы материктен орун алган? (Африка)
- 1991-жылы 31-августта кайсы өлкө эгемендүүлүк алган? (Кыргызстан)
- Дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет? (Ватикан)
- Монголия мамлекети кайсы континенттен орун алган (Азия)
- Италия, Испания мамлекеттери кайсы континентке карайт? (Европа)
- Компас кайсы мамлекетте ойлонуп табылган ?(Кытай)
- Енисей, Лена дарыялары кайсы мамлекеттен орун алган? (Россия)
- Пирамидалардын мекени? (Египет)
- 50штаттан турган мамлекет? (Америка)
- Пингвиндер байырлаган материк? (Антарктида)
- Гималай тоосу кайсы мамлекетте жайгашкан ? (Непал)
- Ейфель мунарасы кайсы мамлекетте? (Франция)
- Түштүк уюлда жашоочу жаныбар? (Пингвин)
Сабактын 6-туру. Сүрөттөр көргөзмөсү: (Сүрөттөрдөн көрүп, байкап олтуруп мамлекеттерди табуу керек)

Жыйынтык:
Таймаштын жыйынтыгында, бардык тапшырмаларга так жана туура жооп берген 7-б классынын «Европа» командасы биринчи орунду багындырды. Ал эми экинчи орунга 8-а классынын «Тайфун» командасы татыктуу болду.
Элдияр кызы Бегимай, √40 Мамат Камбаров атындагы орто жалпы билим берүүчү мектебинин география мугалими, Жалал-Абад.
Комментарийлер