Фразеологизмдин мүнөздүү белгилери. Бышыктоо сабак
- 14.07.2026
- 0

Абирова Нуржамал, Бишкек шаарынын №21
ЖОББ мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Кыргыз тили, 11-класс
Сабактын максаттары
1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар фразеологизмдин мүнөздүү белгилери тууралуу түшүнүшөт. Туруктуу сөз айкашы жөнүндө маалымат алышат.
2.Өнүктүрүүчүлүк: Сөз айкашынын түрлөрүн ажырата билишет жана аларды бири-биринен айырмалашат. Сөз маанилерин тереңирээк түшүнүшөт.
3.Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар көркөм сөз каражаттарын колдонот жана кеп маданиятына тарбияланышат. Сабакта үйрөнгөндөрүн, алган билимдерин турмушта пайдаланышат.
Сабактын көрсөткүчтөрү максаттарга жетти дейбиз, окуучу эгерде: фразеологизмдин мүнөздүү белгилерин жана туруктуу сөз айкашы эмне экендигин билип, анын багыттары тууралуу түшүнүктөрүн айтып бере алышса, фразеологизмдин мүнөздүү белгилерин, сөз айкашынын түрлөрүн ажыратып, өз алдынча мисалдарды келтирүү аркылуу далилдеп бере алышса.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
Өзгөчө саламдашуу. Жагымдуу быйтыкчаны көрсөтүү менен англис тилинде учурашуу: Hello! How are you? How your mood? Are you fine? Are you ready for the lesson? Let’s start our lesson.Уюштуруу
Жагымдуу маанай түзүү
Окуучулар: Саламдашышат
Окуучуларга жагымдүү маанай түзүү менен келечектеги мыкты кесип ээлери болуп чыгаарын экран аркылуу ар бир окуучунун Мантия кийип турган сүрөттөрү чыгат.
Элдик педагогикага негизделген алтын эреже
Ураан (идея)
1.Билимдүү болуу гана эмес, колдоно билүү керек
2.Суу атасы – булак, сөз атасы – кулак
3.Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол
4.Кыймылдаган кыр ашат
Темага жана практикалык иштерге карата туура аткарган окуучу 5 деген баа менен бааланат. Темага карата тапшырманы аткарып, бирок толук эмес болсо 4 деген баа менен бааланат. Тапшырмаы мугалимдин жардамы менен аткарса, темага карата толук билбесе 3 деген баа менен бааланат.
Алтын эреже:
Баалоо баракчасы менен тааныштыруу
Керектелүүчү материалдар: Интерактивдүү такта, темага жараша сүрөттөр, окуу китеби, алтын эреже.
Үй тапшырма: Балдар өтүлгөн тема боюнча мастер-класс аркылуу теманы “Менталдык карта“ ыкмасы менен эсибизге салабыз. Доскага Менталдык карта түзүлүп, “Көчмөндөр оюнуна дардык” тууралуу сүрөттөр чапталат. Окуучулар сүрөттөргө карата чакан текст түзүшөт.
Теманын күтүлүүчү натыйжасын кабарлоо:
Мугалим: өтүлүүчү сабактын темасын, максатын, күтүлүүчү натыйжаларын айтат.
“Мээге чабуул” ыкмасы менен теманы ачуу.
Көз ачып-жумгуча мектепти аяктаар мезгил келди, эки тизгин бир чылбыр колдоруңарга тийген кезиңер. Билим алуу ийне менен кудук казгандай экенин түшүнүп, алган билимиңерди турмушта колдонууну сездиңер.
Балдардын жооптору (Фразеологизмдин мүнөздүү белгилери)
Окуучуларга фразеология жана кеп маданияты жөнүндө суроолорду берүү менен бышыктоо
Бул саптардагы сөз айкаштары фразеология жана кеп маданияты жөнүндө эсиңерге салды. Демек, фразеологизм, алардын түрлөрү, айырмачылыгы, кептин оозеки сүйлөшүү жана көркөм стилге мүнөздүүлүгү боюнча сөз кылабыз. Окуучулар топторго бөлүнүшөт: 1-топ — “Келечек”, 2-топ — “Кыял”. Окуучулар топтор боюнча иштешет жана суроолорго жооп беришет.
Суроолор:
1. Фразеологизмдер менен татаал сөздөр кантип айырмаланат?
2. Кептин оозеки, сүйлөшүү жана көркөм стилде кандай колдонулаарын айтабыз
3.Фразеологизмдер кандай болуп бөлүнөт?
Жалпы топко фразеологизм сөздөрдү дал келтирүү жана лексикалык маанилерин табуу
Окуучулар: мугалим тарабынан берилген тапшырмаларды жазуу жүзүндө аткарышат.
Аткарган тапшырмаларды класста окушуп, талкуулашат жана фраз.сөздөрдү анализдешет. Керектүү маалыматтарды дептерге жазышат, топтордо иштешет. Бири-биринин жоопторуна толуктоолорду киргизишет.
| Күн тийген жердин күкүгү | Көөп кетүү |
| Тири карак | Эңкейип иш кылбаган адам |
| Көзүн май басуу | Бирөөнү ушактоо, көкүтүү |
| Куурай башын сындырбаган | Өзүнө тың |
| Ортосуна от жагуу | Кошаматчы, эки жүздүү |
Мисалы:
1-топ — “Келечек”. Видео көрсөтүлөт, ага карата туруктуу сөз айкаштарын пайдаланып текст түзүшөт.
2-топ — “Кыял”. Сүрөттөр илинет, сүрөттөрдү карап чечмелешет жана лексикалык маанисин табышат, о.э. жазуу, оозеки кепте колдонууларын айтышат. Мисалы:
| Фразеологизмдер | Лексикалык мааниси | Оозеки, жазуу кепте колдонулушу |
| 1 | 2 | 3 |
| Коён жүрөк | Өтөле коркок, жүрөгү жок, өтүмү жок | Коён жүрөктөр деп кыйкырып турду. |
Сабакты жыйынтыктоо
Баалоо. Бүгүнкү сабак максатына жеткендигин тактоо, баалоо (окуучулар билим билгичтигине, активдүүлүгүнө карай критерийлерге таянып бааланат)
Окуучулар: Сабактын максатын такташат: алган баалары менен таанышат.
Тапшырма: Эссе.
Комментарийлер