Фразеологизмдер менен макал-ылакаптардын карым-катышы
- 25.08.2026
- 0
Усулдук иштелме
Сабактын максаты:
- Фразеологизмдердин макал-ылакаптар менен катышын, айырмасын, фразеологизмдердин пайда болуу булактарын түшүндүрүү
- Окуучулардын көркөм сөз каражаттарын колдоно билүусүн, логикалык жана көркөм ойлоолорун, ыкчамдыгын,тапкычтарын, чыгармачылыктарын, байланыштуу речин өстүрүү, изденүүчүлүккө багыттоо. Фразеологизмдерди, макал-ылакаптарды сүйлөө речинде туура колдонууга багыт берүү.
- Алардын таанып билүүлөрүн кеңейтүү менен кошо эне тилине болгон сүйүү, кадырлап урматтоого болгон атуулдук сезимдерин ойготуу, чечендикке үндөө.
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаңы материалдарды окуп үйрөнүү сабагы.
Сабактын жабдылышы: Проектор, ватман, маркер,сүрөттөр, кыргыз тили китеби, текст.
Сабакта колдонулуучу ыкмалар: Проблемалуу жагдай түзүү, дифференциалдык интерактивдүү ыкмалар, оюн-сабак, таймаш-сабактын элементтери, суроо-жооп ыкмасы.
Сабак аралык байланыш: Кыргыз адабияты, орус тили, сүрөт, музыка, тарых.
Студенттер билүүгө тийиш: Макал-ылакаптардын фразеологизмдерден айырмасын, окшош жактарын, фразеологизмдин пайда болуу булактарын, фразеологизмди кепте туура колдонулушун.
Сабактын жүрүшү:
- Уюштуруу учуру ( 3 мүнөт)
А) Саламдашуу
Б) Студенттерге жагымдуу маанай түзүү
В) Студенттердин катышуусун тактоо
Г) Сабакка даярдыгына көңүл буруу
Кыскача план:
а) Фразеологизмдер
б) Макал
в) Ылакап
г) Фразеологизмдер менен макал-ылакаптардын окшоштуктары
д) Фразеологизмдер менен макал-ылакаптардын айырмачылыктары
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Мугалимдин сөзү:
Фразеологизмдер – кепте даяр материал катары колдонулуп, эки же андан ашык компоненттерден турган, маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланган образдуу сапатка ээ туруктуу сөз тизмектери.
Мисалы: ат тезегин кургатпай, жылдызы жерге түшүү, мурдун балта кеспеген, куурай башын сындырбаган, беш өрдөгүн учуруу.
Макал — адамдардын турмуштук тажрыйбаларынан алынып, тарбиялык мааниси курч сөздүү, көркөм элестүү, рифмага, ритмге ээ кыска чыгарма. Ал сүйлөм түрүндө же 1-2 сап ыр түрүндө да келет. Ой аягына жеткирилип айтылат. Мисалы: Адептүү бала-элпек, адепсиз бала-тентек.
Ылакап — кандайдыр бир окуянын негизинде же адамдардын жүрүш-турушун, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн жыйынтыктап, так, элестүү берилген, өзгөчө чечмелениш тарыхы бар, каймана мааниде айтылган, кыска образдуу сүйлөм. Мисалы: Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.
Афоризм — ( накыл кеп) – мында таамай,кыска, чукугандай айтылган ой. Түзүлүшү жагынан макал-ылакаптарга окшош, бирок накыл кептердин белгилүү бир автору болот. Мисалы: Акылдуу сөз,эстүү адамдардын жүрөгүнөн орун табат.( Эсхим). Өзүн башкара билген адам, эл башкара билет.( Вольтер)
Макал-ылакаптарга фразеологизмдердин бир топ окшош жактары бар.
Алар: 1) кепте даяр материал катары колдонулушу
2) тутумунун туруктуулугу
3) образдуулугу
Бирок бул окшоштуктар аркылуу эле фразеологизмдер менен макал, ылакаптар бирдей экен деп ойлоого болбойт. Алардын ортосунда мындай окшоштуктар менен бирге олуттуу айырмачылыктар да бар.
Алар төмөнкүлөр:
- Макал, ылакаптар сүйлөмдүк түзүлүшкө ээ. Алардын тутумундагы ар бир сөз өз алдынча маани берет жана алар синтаксистик жагынан сүйлөмдө айрым-айрым сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарышат.
Фразеологизмдер болсо, канча компоненттен тургандыгына карабастан, чогуусу менен бир гана маанини туюндуруп, сүйлөмдүн бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарат. Мисалы: Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.( Макал) Ар бир сөз өз алдынча маани берип, сүйлөмдүн ар түрдүү мүчөлөрүнүн милдетин аткарып турат. Ал ат тезегин кургатпай келип турат ( ат тезегин кургатпоо – фразеологизм.)
- Макалдар,ылакаптар эл турмушунун бай тажрыйбасынан улам корутундуланган белгилүү бир пикирди билдирет. Фразеологизм болсо, бир эле түшүнүктү элестүү туюндуруу менен чектелет.
- Макалдар дидактикалык мүнөзгө ээ, алар көбүнчө таалим – тарбия максатын көздөйт. Фразеологизмдерде андай максат жок.
- Фразеологизм тилде көркөм каражат катары гана кызмат кылат. Ал эми макалдар, ылакаптар ошондой көркөм каражаттар менен өз алдынча эркин мааниде колдонулган сөздөрдөн турат. Өз ичине белгилүү бир мазмунду камтыйт. Жогорудагыдай айырмачылыктар макалдарды, ылакаптарды фразеологизмдер менен чогуу, тилдин бир бирдиги катары кароого жол бербейт.
Фразеологизмдердин макал-ылакаптардан айырмачылыктары:
| Фразеологизмдер:
| Макал-ылакаптар:
|
| 1.Бир гана сүйлөм мүчөсүнүн жана бир гана сөз түркүмүнүн милдетин аткарат. М: Кара кылды как жарган Кан Бакай сөзүн баштады. ( “Манас”) (Аныктооч жана сын атооч) | 1.Составындагы сөздөрдүн ар бири өз алдынча сүйлөм мүчөсү жана сөз түркүмү болот. М: Эр эмгегин жер жебейт.( Макал) (эр-аныктооч, эмгегин-толуктооч, жер-ээ, жебейт-баяндооч, этиш. |
| 2.Бир түшүнүктү элестүү атайт,туюндурат. М:Кылычынан бал тамган, кымча бел,ээн баш, төкпөй-чачпай айтуу, төөнүн куйругу жерге тийгенде ж.б. | 2.Эл турмушунун тажрыйбасынан корутундуланган түшүнүктү билдирет. М: “ Баланы жашынан,аялды башынан”, “Вазир жакшы – хан жакшы, аял -жакшы, эр — жакшы ” |
| 3.Дидактикалык мүнөзгө ээ эмес. М:Атка жеңил, тайга чак, бычакка сап болгондой ж.б.
| 3.Дидактикалык мүнөзгө ээ. М: “ Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”, “ Кыздуу үйдө кыл жатпайт” ж.б. |
| 4.Тилде көркөм каражат болот. М: “Канаттууга кактырбай, Калкын жоодон сактаптыр. Жергесин душман баспаптыр. Тумшуктууга чокутпай, туурун Жоодон сактаптыр”. ( “Карач-Көкүл баяны”)
| 4.Тилде сүйлөм же чакан чыгарма болот. М: “Шодоконун бүркүтүндөй жутунба,” “Жакшы менен жайлоого чыксаң, кудалашып түшөсүң, Жаман менен жайлоого чыксаң, кубалашып түшөсүң” ж.б. |
Студенттердин өз алдынча иштөөсү. Жаңы тема боюнча студенттер Венндин диаграммасын түзүшөт. Фразеологизмдер менен макал-ылакаптардын окшош жактарын жана айырмачылыктарын таап туруп жазышат.
Бышыктоо: 1-тапшырма
Төмөнкү сүйлөмдөрдөн фразеологизмдерди өз алдынча, макал, ылакаптарды өз алдынча бөлүп алып, алардын окшош жактары менен айырмачылыктарын айтып бергиле.
- Баштагыдан беш бетер, жер майышкан кол келет. (“ М.”)
- Ат адамдын канаты дегендей эле бар экен. Каныбек бул сөздүн калетсиз айтылганына баа берип,
Ак жалды өз канатындай көрүп баратты. (К.Ж.)
- “Карга карганын көзүн чукубайт” деген ырас тура. Байлар менен манаптар өз ара келишип, дагы эле байкуш чор тамандарга оорчулук түшүүдө. ( К.Ж.)
- – Турдубек, үңкүйбөй башыңды көтөр, “ өңгө жалган, өлүм ак” деген. Балдар менен коштошуунун камын көрөлү. (К.Ж.)
- Айдарбек датка эмне деп айтаарын билбей жүрөгү оозуна тыгылып, көздөрү чанагынан чыгып, атынын башын тартып токтой калды. (К.Ж.)
- Эмне эле кабагыңа кар жаап калган,айтчы жайынды. (А.У.)
- Ээ балам, “келиниң жакшы болсо – кыз тапканың, келиниң жаман болсо – уулуңду жоготконуң”деген ушул. Сага деле оңой болбой жатат, көрүп турам. Мени ошол жетимдер үйүнө эле жеткирип кой. Анда жакшы экен. ( Б.Ж.)
- Демек маселенин кыйыны да, оору да бизде. Дал ушундай жагдайда чөп башылап кеп козгоп, жалтайлоого акыбыз жок. ( Л.Ж.)
- Кайра-кайра сай сөөктү сыздата комузду боздоткондо, адамдардын көзүнөн чолок жаш сыгылат. (Ш.Б.)
- Текшерүүчүлөр күтүлбөстөн келип калганда, “ айланайын ала байтал, акылың болсо сууга чап” дегенчелик болуп, кантээр айласын таппай калды. ( “Ч”)
- Сен аны эмитен минтип алаканга сала берсең, эртең ал сенин монуңа минип алат. “Баланы жашынан, аялды башынан” деген сөз бар, бир аз катуураак эле болсоң, айланайын. ( Т.С.)
- Жаман уул атанын кашыктап жыйнаганын чөмүчтөп чачат тура. Жаман өзү бел оорутуп, кол жоорутпай, тапкан дүйнөнү ошентип чача берет. ( Л.Ж.)
2-тапшырма
1.Адамдын оң жана терс сапатын билдирүүчү кадимки сөздөрдү (лексикалык маанидеги сөздөрдү) тандап алып, дептериңерге таблица түзүп, аны сол жак четине, жогортон төмөн карай тизмелеп жазгыла.
2.Алардын тушуна, оң жагына, ага маанилеш фразеологизмдерди таап, коюп чыккыла.
3.Тапкан фразеологизмдерди колдонуу менен, Мар Байжиевдин “ Төрт адам” драмасынын башкы каармандары болгон, бири-бирине мүнөзү карама-каршы келген Искендер менен Азизди алып, алардын кылык-жоругун, көпчүлүккө жасаган мамилесин, ички сезимин,адамкерчилигин баяндоо аркылуу ар бирине мүнөздөмө бергиле.
Үлгү:
| Сөздөр, сөз айкаштар | Аларга маанилеш фразеологизмдер |
| 1 | 2 |
| Берешен | Колу ачык |
| Таза ойлуу | Жүрөгүндө кири жок |
| Уяттуу, ыймандуу | Бетинде кызылы бар |
| Ишке берилгендик | Тикесинен тик туруу |
| Көңүл коштук | Кол учун тийгизүү |
| Чынчыл, ак ниет | Ак жүрөк |
| Жардам кылуу, колдоо | Жан тартуу |
| Аракет кылуу | Жанды жанга куруу |
| Арамдыгы жок | Ак көңүл |
| Жалкоо | Ак кол |
| Туруксуз, мактанчаак | Ала канат |
| Бекер, даяр оокатка көнгөн | Алма быш, оозума түш |
| Сугалак, дүнүйөкор | Ач көз |
| Калп айтуу | Беш өрдөгүн учуруу |
| Туруксуз | Жел колтук |
| Адамгерчилиги жок | Жүзү кара |
| Бузуку, ушакчы | Жүргөн жерине чөп чыкпайт |
Азиз — колу ачык, жүрөгүндө кири жок, ак жүрөк, ак көңүл, бетинде кызылы бар, адамдарга жан тарткан, жанын жанга сабаган намыскөй жигит.
Искендер — жүргөн жерине чөп чыкпаган, жел колтук,ач көз,ала канат, беш өрдөгүн учурган, алма быш-оозума түш деген ак кол адам.
3-тапшырма
Төмөндөгү берилген макалдарды улап жазгыла:
1.Абийир тапса баласы, атасына _________________________________
2.Жакшы эл камын ойлойт, жаман _______________________________
3.Дос күйдүрүп сүйлөйт, душман ________________________________
4.Баатыр баатырды ____________________________________________
5.Чечен чеченди ______________________________________________
6.Калк айтса __________________________________________________
7.Кичүү болгуча _______________________________________________
8.Чаба албаган ________________________________________________
9.Чайкап сүйлөгөнчө ___________________________________________
10.Үйдө баатыр _______________________________________________
11.Таш менен урганды _________________________________________
12.Миң уккандан ______________________________________________
13.Мал ээсин тартпаса _________________________________________
14.Кыздуу үйдө _______________________________________________
15.Адамды бузган_____________________________________________
Төмөндөгү сөздөрдү же сөз айкаштарын колдонсоңор болот:
Байлык менен бийлик, жоодо жок, бак конот, өз камын ойлойт,аш менен ур, бир көргөн жакшы, сүйдүрүп сүйлөйт, көзүнөн тааныйт,сөзүнөн тааныйт,арам өлөт, кыл жатпайт, байкап сүйлө, калп айтпайт, иттин күчүгү бол, чалгы тандайт.
4-тапшырма. Тесттик суроолорго жооп берүү.
- Фразеологизмдердин маанисин белгилегиле:
“ Кабагым кашым дебөө”
А) капалануу
Б) кубануу
В) ызалануу
Г) эч нерсеге кайгырбай жүрүү
- Фразеологизмдердин маанисин белгилегиле:
“ Жөө туман ”
А) акырын жылып жүрүп, иштин баарын былгыткан бузуку адам
Б) тоодогу туман
В) аба-ырайынын көрүнүшү
Г) тири суук адам
- Адамдын сапатын чагылдырган фразеологизмди белгилегиле
А) тебетейин көккө ыргытуу
Б) кой оозунан чөп албаган
В) атасын таанытуу
Г) төрт тарабын кыбыла кылуу
- Фразеологизм колдонулган сүйлөмдү белгилегиле
А) Жумурткадан кыр издөө
Б) Жааган кардан жердин бети сүттөн ак
В) Ай нурунда кышкы түн, айран төгүп койгондой
Г) Ак бетинин кызылы, ак тоонун канындай
- Фразеологиялык бирдикти толукта. Ат тезегин …………………
А) чогултуп
Б) бастырып
В) кургатпай
Г) эскиртпей
- “Жарды” деген түшүнүктү билдирген фразеологиялык бирдикти белгилегиле
А) жаагын айруу
Б) ичкен ашын жерге койгон
В) кабыргасы менен кеңешүү
Г) үрүп чыгар ити жок
- Фразеологиялык ширешмени толукта
“ Жонунан ………. алуу”
А) кан
Б) пайда
В) кайыш
Г) тери
- Сөз өнөрү жөнүндө айтылган макалды белгилегиле
А) Уят – өлүмдөн катуу
Б) Сөзүң күмүш болсо, тек турганың алтын
В) Бар бардар эмес, мамиле бардар
Г) Улууну укпаган – узабас
- Макалды толукта. Тил кылычтан ……………..
А) өткүр
Б) кымбат
В) артык
Г) кыйын
- Макал сөздү белгилегиле.
А) адамды сөзүнөн тааны
Б) канаттууга кактырбай
В) көргөн билген адамдар
Г) акылдуу болгула
Бышыктоо үчүн суроолор:
- Тилибиздеги кандай туюнтмалар – фразеологизмдер деп аталат?
- Фразеологизмдердин сөздөн, эркин сөз айкашынан кандай айырмачылыгы бар?
- Фразеологизмдер менен макалдардын, ылакаптардын окшош жактары деп кайсы жактарын айтабыз?
- Алардын айырмачылыктары кайсылар?
- Дидактикалык ( тарбия таалим берүүчү) мүнөз макал-ылакаптарга тиешелүүбү же фразеологизмдергеби?
- Фразеологизмдерге жаңы мисалдарды келтиргиле (10-15 мисал)
Жыйынтыктоо, баалоо (5 мүнөт)
Үйгө тапшырма берүү: Фразеологизмдерди колдонуп текст түзүп келгиле.
Абдыкова К., Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунун кыргыз тили жана адабият мугалими