ЭНЕРГИЯНЫН ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИКТЕ ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫ

  • 31.03.2026
  • 0
ЭНЕРГИЯНЫН ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИКТЕ ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫ

Класс: 7-класс (физика)
Метод: 3С + 1Е модели (Суроо – Сыноо – Системалаштыруу + Экологиялык байланыш)
Убактысы: 45 мүнөт

Сабактын максаттары:

  • Энергия жана анын түрлөрүн түшүнүшөт.
  • Турмуш-тиричиликте энергиянын колдонулушуна мисал келтирет.
  • Энергия булактарын айырмалайт.
  • Энергияны үнөмдөө жана экологиялык жоопкерчилик жөнүндө ой жүгүртөт.
  • Сабактын жүрүшү (3С + 1Е модели)
  1. С1 – Суроо (Кызыктыруу жана проблемалык суроо) – 10 мүнөт
  • Мугалимдин иш-аракети:

Суроо:

  • Үйүңөрдө энергия кайсы максатта колдонулат?
  • Электр жарыгы жок болсо жашооңор кандай өзгөрөт?
  • Кыска видеоролик же сүрөт көрсөтүү (электр станциясы, күн панели, үй тиричилиги).
  • Окуучулардын иш-аракети:
  • Ойлорун эркин айтышат.
  • Турмуштан мисал келтиришет (жарык, муздаткыч, телефон кубаттоо, тамак бышыруу).
  • Жыйынтык:
  • Энергия – бул жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгү экендиги айтылат.
  • II. С2 – Сыноо (Изилдөө, практикалык иш) – 15 мүнөт
  • Топтук иш:
  • Окуучулар 3 топко бөлүнөт.
  • 1-топ: Үй тиричилигинде колдонулган электр приборлорунун пайдаланылышын аныктоо.
    2-топ: Жылуулук энергиясынын колдонулушу (газ плитасы, меш).
    3-топ: Кыймыл энергиясы (унаа, велосипед, адамдын кыймылы).
  • Практикалык тапшырма:
  • Приборлорду энергия түрүнө жараша классификациялоо.
  • Кайсынысы көбүрөөк энергия керектээрин талдоо.
  • Жыйынтык суроо:
  • Энергия кайдан алынат?
    (Суу электр станциясы, шамал, күн, отун ж.б.)

III. С3 – Системалаштыруу (Жыйынтыктоо) – 10 мүнөт

  • Мугалим:
  • Энергиянын түрлөрүн таблицага түшүрөт:
Энергия түрүМисалҮйдү жарыктандыруу
Электр энергиясыЛампаТамак бышыруу
Жылуулук энергиясыМешЖүк ташуу
Кыймыл энергиясыУнааҮйдү жарыктандыруу
  1. +1Е – Экологиялык байланыш (Тарбиялык аспект) – 7 мүнөт

Талкуу:

  • Энергияны ашыкча колдонуу эмнеге алып келет?
  • Айлана-чөйрөгө кандай таасир берет?

Мисал катары:

  • Токтогул ГЭСи – электр энергиясын өндүрүү
  • Камбар-Ата ГЭС-1 – ири энергетикалык долбоор

Жыйынтык:

  • Электрди үнөмдөө
  • Энергияны туура пайдалануу
  • Табиятты коргоо

Баалоо:

  • Топтук ишке активдүүлүгү
  • Суроолорго жооп берүү
  • Практикалык тапшырманы туура аткаруу

Үй тапшырмасы:

“Менин үй-бүлөмдө энергия кантип колдонулат?” темасында кыска эссе жазуу (5–7 сүйлөм)

Кычан Жакыпов атындагы №8 жалпы билим берүү мектеби,

Физика мугалими  Жукалаева Н.Т.

Балыкчы шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер