ЭНЕ — ЖАШООНУН ЖАРЫГЫ
- 27.08.2024
- 0
Класстык саат, 5-8-класстар үчүн
Сабактын максаты:
1.Энелердин баа жеткис эмгегин, ыйыктыгын мээримин билүү, даңазалоо.
2.Аларды кадырлап, урматтап, сыйлоого, эмгегин баалоого үйрөтүү.
3.Энелердин саламаттыгына, ден соолугуна күйүмдүү, боорукер болууга багыт берүү.
Сабактын жабдылышы: тематикалык сүрөттөр, слайд, видеороликтер, аудио уктуруу, макалдар жазылган плакаттар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
АПАКЕМ
Сөзү: Баян Акматов
Обону: Кубаныч Алиев
Аткаруучу: Ишен Назаров
Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалайт мээрим жамалың,
Карызбыз Сизге эселеп.
Кайгымды тарттың теңселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес апа сенчелик.
Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам шаң кылган.
Өмүргө бизди алып келген,
Энелер үчүн жан курман.
Өмүрдө канча арман бар,
Өзүң бар демек майрам бар.
Бейиш сенин таманың,
Белгилеп айткан пайгамбар.
Эне мээримине, боорукерлигине, аруулугуна эч нерсе тең келе албас. Анткени эне адамзаттын башына түшкөн кыйынчылыкты жер сыяктуу кебелбей көтөрүп келет эмеспи.
Дени сак улут эне аркылуу калыптанат.
Саламаттык, бейпилдик, токтоолук, мээримдүүлүк, сабырдуулук энелер аркылуу келет. Ошондуктан эне таманы турган жер-бейиш деп айтып келет акылман бабаларыбыз.
Кыргыз элибиз байыртадан эле эненин ордун жогору баалап, урматтап, аздектеп келишкен.
Анткен менен кийинки жылдарда эң чоң көйгөйлөрдүн бири-аялдарга карата зомбулуктун күчөп бараткандыгы маалым.
Аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча бир катар уюмдар иш алып барышат, жалпы коомчулук да четте калбашы керек.
Энелер боорукерлиги, намыскөйлүгү, көтөрүмдүүлүгү менен айырмаланат. Кыйын кездерде энелер эр-жигиттердин намысына тийип, акылкөйлүгү менен элин сактап калган учурлар тарыхта көп эле кездешет.
Аттары тарыхта сакталып калган кыргыздын кыйын кыздары Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Каныкей, Айчүрөк, Курманжан Датка биз үчүн үлгү.
Андан бери карай колхоздоштуруу учурундагы аялдардан чыккан актив Уркуя энебиздин орду ар адамды кайдыгер калтырбай келет…
Азыркы учурда болсо коомдун жалпы жүгүн энелер тартып келе аткандай сезим калтырат. Анткени элдин саламаттыгында, агартуу тармагында, социалдык иштерде, маданиятта, дегеле бардык тармактарда аялдардын көпчүлүк басымдуу бөлүгү иштегендиги белгилүү. Ал эми бала үчүн эне чоң бакыт. Эне үйдө бир азга эле жок болсо, үйдүн куту учуп кеткенсийт. Эшикке кирип чыгып, тезирээк келишин күтүп, тынчсызданышат.
Бала үчүн миң түркүн азап тартып, жүрөгү менен сүйүп, жашоонун жарыгын балдарына арнап келген энелерди канча ардактап, даңктасак да аздык кылат. Эне темасына кайрылып, эки ооз жазуу да чоң ойлонууну, толгонууну талап кылат. Анткени эненин бүтүндөй эмгегин баа жеткис сөздөр менен кылдаттап жазгың келет.
Энелерибизге арнап көптөгөн акын-жазуучуларыбыз кереметтүү чыгармаларды жаратып келишет, обончулар мукамдуу кайрыктарын обонго салып ырдашат.
«Бир гана апам мени чанып кетпейт»
Сөзү: Нуркыз Рыскул кызы
Обону: Баян Акматов
Чачымды тарасам да, тарабасам,
Күзгүнү карасам да карабасам,
Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт.
Кийимим жупунубу, ашкереби?
Жашоомо кыш келеби, жаз келеби?
Бир гана апам мени сүйүп турат,
Бир гана апам мага ийип турат.
Чөнтөгүм жукасында, калыңында,
Тагдырым караңгыда, жарыгында,
Бир гана апам жолум аттап кетпейт,
Кыйындык башка түшсө таштап кетпейт.
Кыялым жакшысында, жаманында,
Кый албайт себеби ага баламын да.
Апакем жалгыз адам, жалгыз адам,
Апаке чындап мени аяарым да.
Жашообуз дайыма эле жипке тизгендей бир калыпта бейпил боло бербейт. Жогорку ырда айтылгандай жашоодо кыш болобу, жаз болобу, жолдон адашасыңбы-баарына эне чыдайт, эне көтөрөт, эне эч жакка басып кетпейт.
Кыргыз элибиздин оозеки баалуулуктарында да аялдын коомдогу ордун жогору белгилеп келишкен жана алар аркылуу тарбиянын өзөктөрү берилип келген.
Ажарлуу аял-адамдын периштеси, Акылдуу аял эркектин шериктеши, Аял үйдүн туткасы, Аял болбосо ашкана жетимсирейт, Аял элдин жарым өмүрү. Мындай турмуштук макалдардан толтура мисалдарды келтирсек болот.
Жыйынтыктоо
Энелерибизди бул жашоодо колубуздан келишинче ардактайлы, сүйөлү, урматтайлы, кадырлайлы!
Анткени эненин эмгегин эч нерсе менен ченеп, санап албайбыз, алар түбөлүк сыйга татыктуу жандар.
Энелерди майрамдарда гана эмес, ар дайыма көңүлүн, жүрөгүн, сезимин майрамга айландыралы, барктайлы.
Бусара Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясы,
Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен
сырткары кошумча билим берүү
лабораториясынын ага илимий кызматкери
Комментарийлер