ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

  • 31.03.2026
  • 0
ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

Тарбиялык саат

3-класс

1.Билим берүүчүлүк максаты:

​Окуучуларга 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнүн келип чыгуу тарыхы жана мааниси жөнүндө түшүнүк берүү. Эне тилдин улуттук маданияттын негизи жана эң чоң руханий байлык экенин далилдер (макал-лакаптар, учкул сөздөр) менен түшүндүрүү.

Тилдин коомдогу ордун заманбап технологиялык каражаттар (QR-код, AR, интерактивдүү оюндар) аркылуу тааныштыруу.

2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Интерактивдүү тапшырмалар жана санариптик квесттер аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, сөз байлыгын жана чыгармачыл фантазиясын өстүрүү.                    Технологиялык куралдарды (интерактивдүү доска) колдонуу менен маалыматты өз алдынча издөө жана талдоо көндүмдөрүн калыптандыруу.

Окуучулардын коммуникативдик жөндөмдүүлүгүн (өз оюн эркин, так жана көркөм айтып берүү) өнүктүрүү.

3. Тарбиялык максаты:

​Өз эне тилине болгон сыймыктануу сезимин ойготуу жана аны ыйык мурас катары сактоого, таза сүйлөөгө үндөө. Башка элдердин тилдерине жана маданиятына сабырдуулук (толеранттуулук) менен мамиле кылууга тарбиялоо.

Топто иштөөдө бири-бирин угууга, жардамдашууга жана санариптик этикетти сактоого үйрөтүү.

Сабактын жабдылышы: Ноутбук, электрондук доска, презентация (слайддар), видеоролик, QR код, карточкалар ж.б

Киришүү:

-Балдар, бүгүн биз абдан өзгөчө жана сыймыктуу темада суйлөшөбүз. Биздин эң чоң байлыгыбыз эмне деп ойлойсуңар?

Окуучулар: -Эне тилибиз

-Азаматсыңар!

-Балдар, силер билесиңерби, азыр компьютерлер абдан акылдуу болуп калды. Мен жакында Интернеттен кыргыз тилин абдан жакшы билген, дүйнөдөгү бардык китептерди окуган бир бала менен тааныштым. Аты Санарип Акылдуу бала. Ал адам эмес, ал — Жасалма Интеллект тарабынан түзүлгөн санариптик бала. Ал силер менен таанышууну абдан каалап жатат.

​(Сабакта нейротармак (AI) тарабынан түзүлгөн санариптик аватар колдонулду.

Экранда нейросеть менен жасалган баланын сүрөтү сүйлөп жатат).

ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

-Арыбагыла, курбуларым! Бабалардан калган касиеттүү кыргыз тилинде силерге салам айтып жатканыма кубанычтамын.

Мен жасалма интеллект болсом да, кыргыздын тилин, дилин жана тарыхын кадырлайм. Бүгүн силер жаңы маалыматтарды алып, акыл куржунуңарды толтурасыңар деп ишенем. Сабакта активдүү катышып, бири-бириңерге жардам бергиле. Ийгилик силерге!

-Балдар, санарип бала бүгүнкү сабакка кур келбестен сабактын аягында эң активдүү, билимдүү окуучулар үчүн “Санариптик сыйлыктар сандыкчасы” менен келиптир.

Ким сабакка жакшы катышса, сабактын аягында өзгөчө наамдар берилет.

Кана эмесе, кимиңер сыйлыкты алат экенсиңер? Көрөлү эмесе!

Жаңы тема:

— Балдар, бүгүнкү тарбиялык сабагыбыздын темасы: «Эне тил — элдин руханий байлыгы». Анда баарыбыз экранга көңүл бурабыз!                                                                   (Электрондук доскада «Эне тил-элдин руханий байлыгы» аталышындагы слайд-презентация көрсөтүлөт. Слайд аркылуу окуучулар бул күндүн келип чыгуу тарыхы, дүйнөдөгү тилдердин көп түрдүүлүгү жана тил жөнүндө кызыктуу фактылар тууралуу маалыматтарды визуалдык түрдө кабыл алышат).

— Балдар, биз слайддан тилибиздин тарыхын көрдүк. Эми кыргыз тилинин сулуулугун, назиктегин жана кубаттуулугун даңазалаган көркөм ырларга жана ата-бабаларыбыздан калган учкул сөздөргө кезек берели. Кана, кимдин куржунунда ырлар бар?

Бекнур: Тил жоголсо — улут дагы жоголот,

Тил сакталса — кыргыз дайым бар болот.

Эне тилин сүйбөй жүргөн адамдар,

Кантип анан чыныгы уул-кыз болот?

Тахмина:Тилимди мен аздектеймин, сүйөмүн,

Тилим менен эркин басып жүрөмүн.

Эне тилин билбегендер — уятың,

Тил жоголсо — жоголорун билемин!

Юсуф: Эне тилим — эне сүтүм, таалайым,

Сен бар үчүн келечекке караймын.

Ар бир сөзүң мага кымбат, асылым,

Сен аркылуу аалам сырын ачайын.  ж.б

Кыргыз залкарларынын айткандары:

​-Адил: «Тил – улуттун тиреги. Тилин жоготкон эл — өзүн жоготот.» — Чыңгыз Айтматов

​-Алим: «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт.» — Байдылда Сарногоев

​-Мээримай: «Тил — элдин жаны, дили жана тарыхы. Тил жашаса, улут жашайт.» — Касым Тыныстанов

​-Бекзат: «Өз тилиңди кадырла, өзгө тилиңди сыйла.» — Элдик накыл кеп   ж.б

-Азаматсыңар!

— Балдар, ырларды, учкул сөздөрдү сонун айтып бердиңер! Ал эми тилибиз чалынбай, так жана тез сүйлөш үчүн ата-бабаларыбыз эмнени ойлоп табышкан? Албетте, жаңылмачтарды! Кана, арабызда тили сайраган, жаңылбай тез сүйлөгөн ким бар?

Рамис: Дөңгөлөктү дөңгөлөтүп,

Дөңдөн ылдый түшүрүп,

Дөңкөңдөгөн дөңгөлөк,

Токтобойт эч дөңкөңдөп.

Мадина: Жанылмачтар, жанылмачтан жаңылбастар,

Жаңылмачка кызыккан жалпы жаштар.

Жаңылмачты жаңылбай айтабыз деген жаштарды

Жаңылтууга жазылган жаңыча жаңылмач бар     ж.б

-Азаматсынар!

— Балдар, эми биз күчтүүлүгүбүздү, билимибизди сынаша турган учур келди.

Классты эки топко бөлөм:

ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

​»Намыс» тобу (Тилибизди намыстай коргогондор).

​»Мурас» тобу (Тилибизди мурас катары сактагандар).

Тапшырма: 1-топтун окуучулары QR-коддор аркылуу класстын ичинен ‘санариптик кенч’ издеп, тил жөнүндө макал-лакаптарды табышат, 2-топтун окуучулары атайын билим берүүчү платформада (Quizizz) даярдалган интерактивдүү онлайн тест аркылуу өз билимдерин сынашат.

ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

— Азаматсыңар, балдар! «Намыс» тобу санариптик кенчти (QR-коддорду) таап, тилибиздин асыл сөздөрүн чогулттуңар. Ал эми «Мурас» тобу онлайн тесттен өтүп, кыргыз тили боюнча терең билимиңерди далилдедиңер. Эки топ тең бүгүнкү замандын технологиясын колдоно алган накта «санариптик билимдүүлөр» экениңерди көрсөттүңөр!

Бышыктоо: Көркөм сахналаштыруу (Инсценировка). “Тилдердин достугу”

​Усман Англис тили: — Hello! Мен дүйнөдөгү эң керектүу тилмин! Мени менен баары компьютерде иштешет, бүт дүйнө мени үйрөнүп жатат.

​Айлин Орус тили: — Мен дагы абдан маанилүүмүн. Канчалаган китептер менде жазылган. Орто Азиядагы элдердин көбү мени менен түшүнүшөт. Мен достуктун тилимин!

​Фабияна Кыргыз тили: — (Бир аз капаланып) — Ооба, мен силердей дүйнөгө жайылган эместирмин. Бирок менин тарыхым терең, тамырым бекем! Мен — айкөл Манастын тилимин! Мен — Чыңгыз Айтматовдун эне тилимин! Менде «дүйнө» деген сөз — «аалам» деп, «сүйүү» деген сөз — «махабат» деп өтө назик айтылат. Мени жоготсоңор, кыргыз деген эл жоголот! Ооба, силер күчтүүсүңөр. Бирок менин балдарым мени унутуп бара жатабы деп корком…

​(Ушул учурда окуучулар ордунан туруп келишет).

​Рамзан: — Жок, Кыргыз тили! Биз англис тилин — дүйнө таануу үчүн, орус тилин — дос болуу үчүн үйрөнөбүз. Бирок сени, өз Эне тилибизди — жүрөгүбүздө сактайбыз! Сен биздин тамырыбызсың. Сенсиз биз кимбиз?

Хор менен: -Эне тилим, эне сутүм байлыгым,

Тилим менен бийик менин тагдырым!

— Балдар, бүгүн биз тилибиздин байлыгын, тарыхын жана анын заманбап дүйнөдөгү ордун көрдүк. Эне тилибизди сүйүү — бул аны менен сыймыктануу жана дайыма ошол тилде сүйлөө дегенди билдирет.

Сабактын соңунда окуучулар Нурлан Насиптин ‘Эне тилде сүйлөйлү’ аттуу ырын хор менен аткарышып, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулашты.

Санарип Акылдуу баланын коштошуу сөзү жана ар бир окуучунун эмгегин баалап, ‘Санарип билгич’, ‘Креативдүү окуучу’, ‘Тил чебери’ стикерлерин тапшырылды

​»Санарип билгич» стикери — QR-код жана тест менен мыкты иштегендерге.

​»Креативдүү окуучу» стикери — Сахналаштырууда өзгөчө талант көрсөткөндөргө.

​»Тил чебери» стикери — Ырларды, жаңылмачтарды так жана көркөм айткандарга.

ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

​— Балдар, бүгүнкү сабагыбыз абдан мазмундуу болду. Биз тилибиздин тарыхына саякат жасап, санариптик кенчтерди таптык жана эне тилибиздин улуулугун ыр менен даңазаладык.

​Силер бүгүн заманбап технологияны колдонуу менен бирге, ата-бабадан калган улуу мурасыбызды — кыргыз тилин кандай деңгээлде сүйөрүңөрдү далилдедиңер. Санарип Акылдуу бала айткандай, тилибизди канчалык бийик тутсак, өзүбүз да ошончолук бийик болобуз. Ар дайым эне тилибизде таза сүйлөп, аны кастарлап жүрөлү.

​Бүгүнкү активдүүлүгүңөр үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем.ЭНЕ ТИЛ-ЭЛДИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ

“№6 Бирдик жалпы билим берүү мектеби” мекемесинин

башталгыч класстар мугалими,

Кадырбай кызы Гүлзат

Тогуз-Торо району

Бөлүшүү

Комментарийлер