Электрдинамика. Элементардык заряд. Нерселерди заряддоо

  • 25.08.2026

Сабактын тиби. Жаңы билимди өздөштүрүү жана бекемдөө сабагы.

Сабактын максаты. Сабактын аягында окуучулар:

  • электр заряды, анын түрлөрү жана элементардык заряд жөнүндө түшүнүк алышат;
  • оң жана терс заряддардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшөт;
  • нерселердин электрленүү жолдорун билишет жана күнүмдүк турмуштан мисал келтиришет;
  • электр зарядынын пайда болушун электрондордун кыймылы менен байланыштыра алышат;
  • топто, жупта иштөө жана өз оюн негиздеп айтууда көндүмдөрүн өнүктүрүшөт;
  • физика илимине болгон кызыгуусун арттырышат.

Күтүлүүчү натыйжалар. Сабактын соңунда окуучу:

  • Билет: электр зарядынын эки түрүн, протон менен электрондун заряддарын жана электродинамика түшүнүгүн.
  • Түшүндүрөт: бирдей заряддардын түртүшөрүн, ар башка заряддардын тартышарын жана нерселердин электрленүү механизмин.
  • Колдонот: алган билимин турмуштук мисалдарда түшүндүрөт.
  • Изилдейт: нерселердин электрленишине байланышкан жөнөкөй кубулуштарды байкап, жыйынтык чыгарат.

Алдын ала билим

Окуучулар:

  • атом жана молекула;
  • протон, электрон;
  • күч жана масса;
  • өткөргүч жана өткөрбөгүчтөр жөнүндө баштапкы түшүнүккө ээ болушу керек.

Сабакта колдонулуучу ресурстар: Карточкалар, слайддар, сүрөттөр, таблицалар, окуу китеби, практикалык жана теориялык жумушчу китептер, интерактивдүү материалдар.

Окутуу стратегиялары. Топ менен иштөө, жуп менен иштөө, суроо-жооп, кайталап түшүндүрүү, талкуу.

Сабактын жүрүшү

  1. Кызыгууну ойготуу
  • Мугалим окуучуларга күнүмдүк турмуштан белгилүү болгон көрүнүштөрдү эске салат:
  • таракты чачка сүрткөндө майда кагаздарды өзүнө тартуусу;
  • жүндөн сүртүлгөн шариктин дубалга жабышуусу;
  • синтетикалык кийимди чечкенде майда учкундардын пайда болушу.

Суроо: Бул көрүнүштөрдүн баарында кандай окшоштук бар? Нерселер эмне үчүн бири-бирин тарта баштайт?

Окуучулар өз божомолдорун айтып, сабактын темасын аныктоого аракет кылышат.

  1. Түшүнүктү куруу

Мугалим электр кубулуштарын изилдөөнүн тарыхына кыскача токтолот. Англиялык окумуштуу Уильям Гильберттин электр кубулуштарын изилдөөгө кошкон салымы тууралуу маалымат берилет.

Андан соң негизги түшүнүк киргизилет:

Электр заряды — электрленген нерселердин өз ара аракеттенүүсүн шарттаган физикалык касиет.

Электр зарядынын эки түрү бар:

  • оң заряд (+);
  • терс заряд (−).

Атомдун курамында:

  • протон — оң заряддуу;
  • электрон — терс заряддуу;
  • нейтрон — электр заряды жок бөлүкчө.

Кадимки шартта атом электрдик жактан нейтралдуу болот, анткени протондордун саны электрондордун санына барабар.

Мугалим окуучуларга маанилүү мыйзамченемдүүлүктү түшүндүрөт: Бирдей заряддар бири-бирин түртөт, ар башка заряддар бири-бирин тартат.

Нерселер кантип заряддалат? Нерселерди сүртүү, тийиштирүү жана башка электрленүү жолдору аркылуу заряддоого болот.

Сүртүү учурунда электрондор бир нерседен экинчи нерсеге өтүшү мүмкүн. Протондор атомдун ядросу менен байланышкандыктан, кадимки электрленүү процессинде негизинен электрондордун кайра бөлүштүрүлүшү жүрөт.

  1. Билимди бириктирүү

Окуучулар үч топко бөлүнөт.

1-топ. «Негизги түшүнүк»

  • Электр заряды деген эмне?
  • Электр зарядынын кандай түрлөрү бар?
  • Бирдей жана ар башка заряддар кандай аракеттенишет?

2-топ. «Электрленүү жолдору»

  • Нерсени сүртүү аркылуу кантип заряддоого болот?
  • Тийиштирүү аркылуу электрленүүгө мисал келтиргиле.
  • Өткөргүчтөрдүн электрленүүсүн түшүндүргүлө.

3-топ. «Тарых жана турмуш»

  • Талес Милетский электр кубулушуна байланыштуу эмнени байкаган?
  • Уильям Гильберттин илимге кошкон салымы кандай?
  • Күнүмдүк турмушта нерселердин электрленишине кандай мисалдарды билесиңер?

Ар бир топ өз тапшырмасын талкуулап, жыйынтыгын класска сунуштайт.

Билимди кеңейтүү. Мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду берет:

  • Электр зарядынын канча түрү бар?
  • Электрон кандай зарядга ээ?
  • Протондун заряды кандай?
  • Бирдей заряддар эмне үчүн түртүшөт?
  • Ар башка заряддар эмне үчүн тартылышат?
  • Нерселерди кандай жолдор менен электрлесе болот?
  • Электрленүүгө турмуштан кандай мисал келтире аласыңар?

Окуучулар жупта талкуулап, жоопторун негиздешет.

Сабакты жыйынтыктоо. Мугалим окуучулардын жоопторун толуктап, негизги түшүнүктөрдү кайрадан бир системага келтирет.

Эске тут: Электр заряды эки түрдүү болот: оң жана терс. Бирдей заряддар түртүшөт, ар башка заряддар тартылышат. Нерселердин электрленишинде негизги ролду электрондордун кыймылы аткарат. Окуучулар бүгүнкү сабактан алган эң маанилүү бир түшүнүгүн айтып беришет.

Өзүн-өзү баалоо. Окуучулар өздөрүнө төмөнкү суроолор боюнча баа беришет:

  • Мен электр зарядынын түрлөрүн түшүндүмбү?
  • Мен нерселердин электрленишин түшүндүрө аламбы?
  • Мен турмуштан мисал келтире аламбы?

Үй тапшырмасы. «Нерселерди заряддоо» темасын окуу.
Күнүмдүк турмуштан электрленүүгө 3 мисал таап, алардын кандай жол менен пайда болгонун түшүндүрүп келүү.

Электрдинамика. Элементардык заряд. Нерселерди заряддоо

Жалал-Абад облусу, Аксы району
Ж. Мамытбеков атындагы №10 жалпы билим берүү мектеби
Физика мугалими — Умарова Суюн

Бөлүшүү