ЭЛЕКТР ЧЫНЖЫРЛАРЫ, ЭЛЕКТР СХЕМАЛАРЫ
- 01.04.2026
- 0

Сабактын максаты: Окуучу электр чынжырынын курамын таанып, шарттуу белгилерди колдонуп электр схемаларын чийүүнү жана жөнөкөй электр чынжырын жыйноону үйрөнөт.
Окуучу маалымат жыйноо, көрө билүү, анализдөө, өз алдынча иштөө, изилдөө жөндөмдөрүн калыптандырып, алган билимдерин жашоодо колдоно билүү көндүмдөрүнө ээ болуу менен биргеликте иш жүргүзүүгө тарбияланат жана калыптанат.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү, ой жүгүртүү, талдоо, изилдөө
Сабактын формасы: Топтордо жана жекече иштөө
Сабакта колдонулган ыкма: Интерактивдүү метод, кызыктыруу, изилдөө ыкмасы, гексакон, додекаэдр, «Окумуштуу робот» ыкмасы, «Билим эшиги» ыкмасы
STEAM байланышы: Engineering (электр чынжырын жыйноо ), Technology (санариптик электр схемалар), Math (электр схемасындагы элементтердин санын эсептөө).
Санариптик сабаттуулук: Санарип Кампасынын симулятор бөлүгүндөгү лабораториялык жумуш менен иштөө.
Сабактын жабдылышы: Алтын казык программасынын негизинде берилген ноутбук, Санарип Кампанын симулятор бөлүмү, «Табигый илимдер» китеби, панелдик доска, интернет, уюлдуктелефон, презентация, карточка, маркер, батман, дептер, карандаш, электрометр, шарик, додекаэдр, гексакон, өткөргүчтөр, лампочка, батарейка, КРнын туусу, химиялык элементтердин таблицасы.
Сабактын жүрүшү: 5Е модели
1Е
10 мин
Саламатсыңарбы, окуучуларым!
Бүгүн биз токтун сырын чогуу карап чыгабыз.
Ачылышты жасаганды баалайбыз
Электр чынжырчаларын изилдеп,
Билим менен жарык жолду ачабыз.
Топко бөлүү:
Баалоо менен таанышуу: доскада “Энергия батереялар” жайгашкан, окуучулардын колунда да бар. Ар бир жооп берген сайын “Өзүн -өзү баалоо” жүргүзөсүңөр. Топтук баалоонун жыйынтыгы силердин зарядкаңардын пайызынын суммасы менен аныктап алабыз. Сабакка активдүү катышабыз.
Үй тапшырманы кайталоо
Жагымдуу маанай Жылдызчаларда инсанга тиешелүү сапаттары жазылган сөздөр бар. Окуучулар бири-бирине жакшы тилек айтуу аркылуу «Энергия батареяларын» толтурушат.
Алтын эреже айтышат.
Лампочкалар аркылуу бөлүнөт.
Өзүн-өзү баалоо
«Окумуштуу робот» ыкмасы аркылуу тест жүргүзүлөт. Окуучулар панелдик доска аркылуу жооп беришет.
Кызыктыруу
Шыктандыруу
Өтүлгөн сабакты кайталоо.
2Е
10 мин
Эмнени көрүп жатасыңар?
Демек, балдар бугүнкү биздин темабыз: «Электр чынжыры. Электр схемасы»
Пезиденттин жарлыгы жана министрликтин буйругу менен электр энергиясын үнөмдөө жөнөкөй адаттардан башталат.
Кана, балдар силер үйдөн электр энергиясын кантип үнөмдөйсүңөр?
Топторго изилдөө үчүн тапшырмалар берилет.
Изилдейбиз:
Батерейка, өткөргүч зымы, лампочка, ачкыч, электр тогунун түрү
Жарыкты өчүрүү, пайдаланылбаган приборлорду өчүрүү ж.б.у.с
- топ.
Атомдун модели,
Өткөргүч
- топ.
Шарик, электометр
топ. Батарейка, өткөргүч, лампочка, ачкыч
Кызыктыруу
Изилдөө
Сынчыл ой жүгүртүү
Кызматташтык
3Е
10 мин
Негизги сөздөр:
Элдектр тогунун булагы батерейка же розетка
Өткөргүч — токту жеткирүүчү зымдар
Лампочка — жарык берүүчү түзүлүш
Чынжыр — электрдик схема.
Электр чынжыры деген эмне?
Чынжырды кантип жыйнайбыз?
Электр энергиясын турмушта пайдалануу учун электр чынжырлары түзүлөт. Электр чынжыры ток булагынан жана жөнгө салуучу түзүлүштөрдөн турат. Электрдик куралдарды, ток булагын жана башка түзүлүштөрдү бириктирүүнүн жолдорун көрсөтүүчү чийме электрдик схема деп аталат.
Окуучулар электрдик чындыр жөнүндө аныктамалды жазып,
электрдик куралдардын электр схемасындагы шарттуу белгилеништерин чийишет.
Түшүндүрүү.
4Е
10 мин
Топторго бышыктоо үчүн тапшырмалар берилет.
Жыйынтыктоо: Бүгункү сабакта кандай билим алдыңар?
КРнын туусу качан кабыл алынган?
Туунун чечмеленишин билебизби?
Кана, балдар тууну өйдө көтөрүп желбиретели!
Кыргызстан өнүгүп өссүн!
- топ.
Гексакондогу суроолорго жооп беришет.
- топ.
Додекаэдрдагы суроолорго жооп беришет
- топ.
«Табигый илимдер» китебин пайдаланып 12.7 тапшырмасындагы схеманы чийишет.
Табигый
Окуучулар өз ойлорун айтуу менен желекке нурларды чапташат.
Окуучулар жооп беришет.
1992-жыл, 3-март.
2023-жылдын декабрь айында туунун нурларына, формасына өзгөртүүлөр киргизилген.
Кызыл түс:
Эрдикти, тайманбастыктын жана жеңиштин символу.
Алтын күн:
Тынчтыкты, байлыкты, жашоонун түбөлүктүүлүгүн билдирет.
40 нур:
Манас баатыр бириктирген байыркы кыргыз уруусун символдоштурат.
Түндүк:
Ата конуштун, үй-бүлөнүн, биримдиктин жана ынтымактын символу.
Кеңейтүү
Окуучулардын потриоттук сезимин ойготуу, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.
5Е
5 мин
Кана эмесе, окуучулар «Энергия заряддарынын» пайыздарын эсептейли.
Үй тапшырма:
«Коопсуздук эрежелери»
(Тарбиялык тапшырма):
«Электр тогу менен иштөөдө эмнелерге тыюу салынат?» деген темада чакан эссе жазуу.
«Энергия заряддарындагы» пайыздарынын суммасын аныкташат, өзүлөрүн баалайт.
Топтук баалоо жүргүзүшөт.
Окуучулар өз алдынча изденишет.
Баалоо
Бул окуучулардын электр тогу менен иштөөсүндөгү коопсуздугун сактоо жоопкерчилигин арттырат.
Гүлнур ЧОДРОНОВА,
А.Искендеров атындагы жалпы
билим берүү мектебинин физика сабагынын мугалими,
Ат-Башы району
Комментарийлер