ЭЛДИК КААДА-САЛТТАР ОҢ БОЛСО, ЭЛ БАКТЫСЫ ЗОР БОЛОТ

  • 07.10.2026

Жумабаева Гүлайым Абдысаматовна,

педагогика илимдеринин кандидаты,

Кыргыз билим берүү академиясы,

жетектөөчү илимий кызматкер

 

Сабактын максаты: элдик каада-салттын жашоодогу маанисин түшүндүрүү.

Милдети: каада-салттын прогрессивдүү, реакциячыл багытын билет.

Күтүлүүчү натыйжа: каада-салтка карата туура мамиле түзүлөт.

Жаңы тема: Каада-салт деп – бул элдин же айрым социалдык топтун (улуттун, этностун, класстын) узакка сакталып калган үрп-адаттарын, социалдык,  маданий тажрыйбасын улуу муундан кичүү муунга калтырып келген мурастарын аташат. Каада-салт катары коомдук тартип, жүрүм-турум нормалары, элдин баалуулуктары, идеялары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү, шаан-шөкөттөрү таанылат. Айрым салттар аймактарда, элдерде коомдук жашоого сиңген. Салттын өтө көп тараган формасы – диний салттар. Салттар прогрессивдүү, реакциячыл болуп экиге бөлүнөт. Реакциячыл салттар – коомдун мурда жашап өткөн маданий формалары. Прогрессивдүү салттар – эмгектин, маданияттын, чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө боло турган формалары. (Советский энциклопедический словарь. М., Советская энциклопедия. 1980. 1356-б).

Ар бир улуттун өз идеялары, баалуулуктары, каада-салттары болот. Ал улуттун өзгөчөлүгү катары саналат. Салттардын, баалуулуктардын калыптанышында бир нече фактор, шарттар маанилүү ролду ойнойт. Улут, инсан эмнени баалуу жана туура көрсө, ошону тандайт (Сулайманов А.З. Ж.Баласагындын философиялык көз карашынын онтологиялык маңызы. Вестник МУК №1(49) 2023. 248-б). Ошого жараша элдин салты, улуттук мүнөзү, тагдыры аныкталып, турмуш курат.

Франциялык философ М.П. Фука “инсандын калыптанышында зарыл болгон үч булак катары:

1) элдин каада-салты, жүрүм-турум модели, улуу адамдардын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму;

2) билим берүүсү, насааттары, принциптери, манерасы;

3) кыйынчылыктан чыгуу чеберчилигине үйрөтүүсү, багыт берүүсү (Сократтын искусствосу) аркылуу калыптанат деп эсептеген.

Улуттук баалуулуктар – бул улут тандаган идеологиянын, каада-салттарынын, этикалык системанын, элдик ой-түшүнүктөрдүн, көз караштарынын туундусу. Элдин асыл-нарктары, салттары, баалуулуктардын системасы, идеология өзгөргөн кезде кризиске учурап турат. Кемчилиги аныкталып, кризиске учураган салттар реакциячыл аракеттерди пайда кылат. Эски доордун айрым салттарын жана баалуулуктарын жаңы доорго багыт алган адамдар жактырбайт. Байыркы доордогу салттардын көбү азыр актуалдуулугун жоготкон. ЭЛДИК КААДА-САЛТТАР ОҢ БОЛСО, ЭЛ БАКТЫСЫ ЗОР БОЛОТ

Байыркы доордо кыргыздар элдин салттуу тарбиясында үч түркүктү карманып келишкен:

1) ата-бабалардын арбагын урматта, керез-осуяттарын аткар, салтын сакта, жашоо тартибин карман;

2) күнөөлөрдөн сактан, башкалардын жашоосуна көз артпа, ашыңды кызганба,  терс жолго түшпө, дененин ыракатына көз каранды болбо, напсиңди тый, текебер болбо, ачууга алдырба, үмүтсүздүккө жеңдирбе.  Соргоктуктан,  уйкучулуктан, сойкулуктан, туруксуздуктан ж.б.дан алыс бол;

3) адеп-ахлагыңды, пейлиңди, ниетиңди, мүнөзүндү оңдо. Ыймандуу бол, жакшылыктан үмүт үзбө, ата-энени, туугандарыңды, элди ж.б.  сүй.

Эски элдик реакциячыл салттар: кун куумай, өч алмай, төө чечмей, эр сайыш, эр чабыш, калыңга кул менен күн кошуп берүү, кыз узатаарда кошок кошуу, көр байге (адам өлгөндө ат чабышка коюлуучу байге) ж.б.

               Бышыктоо. Суроо: Кыргыз элинин байыртадан берки турмуш практикасында колдонулуп келген балдарды жана жаштарды тарбиялоо салттары  тууралуу эмнени билесиер? ЭЛДИК КААДА-САЛТТАР ОҢ БОЛСО, ЭЛ БАКТЫСЫ ЗОР БОЛОТ

1-окуучу: Бата алуу салты, сүйүнчүлөө, жентек той, балага жакшы ат коюу, бешикке салуу, баланын кыркын чыгаруу, тушоо кесүү, сүннөт той,  балдарды аскердик өнөргө үйрөтүү,  турмуштук тиричиликке үйрөтүү, улуттук оюндар, устукан бөлүштүрүү, конок тосуу салты ж.б.

2-окуучу: кудалашуу, сөйкө салуу, үйлөнүү салтыбыз болгон. Кудалашууга барган тараптагы жуучулар эки колун бооруна алып, кыздын үйүнө “кулдугум бар” деп кирген. Кыз тараптагылар “кулдугуңуз Кудайга” деп үйгө киргизген. Кудалар кызга сөйкө салып кетишкен. Кудалашкан  кызды сөйкөлүү кыз деп айтышчу. Эки жашка нике кыйып, үйлөнүү той берилген.

3-окуучу: Жаңы келген келиндер жүгүнгөн. Жаш  келиндин учурашуу ырасымы – жүгүнүү деп аталган. Кыргыздын салты боюнча келин күйөөсүнүн ата-энесине, чоң апаларына, аксакалдарга кол алышып, кучакташып же өбүшүп көрүшкөн эмес. Оң колун жүрөктүн тушуна коюп, бир аз ийилип, үнсүз таазим кылып койгон. Улуу адамдар жүгүнгөн келинге: “көп жаша”, “алганың менен тең кары”, “бактылуу бол” деп, бата беришкен. Келин менен кайын журтунун биринчи байланышы дал ушул сыяктуу бата, алкоо сөздөр менен башталган. Күйөөсү каза болгондон кийин жүгүнүүнү токтотууга уруксат берген. Жүгүнүү – бул кемсинүү эмес, бул кайын журтун сыйлоо, ызаат, кайын журтуна батышуу усулу, келген жерин урматтоо, барган жеринин көңүлүн агартуу. Жүгүнүп турган келинге катуу сөз айта албай, адамдар алкап турган. ЭЛДИК КААДА-САЛТТАР ОҢ БОЛСО, ЭЛ БАКТЫСЫ ЗОР БОЛОТ

4-окуучу: Кайын журтун (ата-эне, ага, эже ж.б.) тергөө практикаланган. Биздин маданиятыбызда улуу адамдын атынан атабайт. Тергөө – бул маданият, сыйлоо, кайын журту менен келиндин мамилесин чыңдоо. Тергөөнү эл – улууну урматтоо катары баалаган. Айрым учурда келиндин тажрыйбасыздыгынан “аксак аке”, “ушакчы жеңе”, “таз ата” деп, чекилик кетирген.  Улуулар келинди оңдоп койгон же жөн эле “аке”, “жеңе”, “кыз”, “ата” деп айтууну сунуштаган.

5-окуучу: жети атасын, санжыра билүү да салтка айланган. Жети атасын билүү  – кыргыз маданиятында өзгөгө маанилүү таалим-тарбиянын санаты күчтүү феномен. Бул – адамдарды тууганын билүүгө тарбиялоо, тууган-уругун таануу менен, тукумун таза кармоо максатын көздөгөн. Жети ата өтпөй, кыргыздар келин албай, кыз беришкен эмес. Жакын тууганына үйлөнүп алса, балдары оорулуу болуп калбас үчүн жети атасын билүү зарыл. Бул – келечектеги урпактарынын генетикалык жактан соо уланышы үчүн, улуу муундагылардын камкордугу.

6-окуучу: Балдарга ата-бабалардын баалуулуктарын, идеологиясын, салтын билүү маанилүү. Акылмандар аны санжыра айтуу аркылуу ишке ашырган. Санжыра арабдардын “шаржарат” деген сөзүнөн келген. Мааниси “бутак”, “тармак”, “бир түп дарак” дегенди билдирет. Санжыра – бул уруунун, элдин келип чыгышы, таралышы, тарыхы, адамдардын ата-теги тууралуу баяндалган чыгармалар. Ал балдарга ата-бабалардын кайдан чыкканын билсин, жети атасын, уругун таанып жүрсүн үчүн айтылган.  Санжырада элдин тарыхый басып өткөн жолу, этнопедагогикалык, этнографиялык, дипломатиялык, географиялык, биографиялык байланыштары чагылдырылган. Күчтүү санжырачылар Адам-атадан баштап, жалпы адамзаттын тарашын, кыргыздын кайдан чыкканын айтып берген. Санжыра аябай көп жактуу, көп тармактуу, көп кылымдарды ичине камтыйт. Жалаң фактылардан турбайт, ал – элдин тагдыры, татаал мамилелери, саясий, маданий, диний абалын чагылдырган жанр. Тарбиянын таалим берүүчү табигаты көп багыттуу.

7—окуучу: Жаман кабарды кыргыздар жеңил кылып угузушкан. Бул дагы – элдик гумандуу салт. Кайгы адамды тез чүнчүтөт. Мээге кан куюлуу, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, дистресстен, жаман кабарды дароо угузуудан келип чыгат. Кабарды угузар алдында жакындары топтолуп, сөздү алыстан баштап: “туу куйругу бир кучак тулпар качты, туурунан бошонуп, шумкар качты. Алтын така, күмүш мык, дулдул качты, сабыр кыл балам, туйгун качты”, “айла жок эми кайрат кыл, көл бөксөрдү”, чырак өчтү” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, анан угузушкан.

8-окуучу: Кыргызды ыймандык жактан коргоп келе жаткан салттуу түшүнүктөрдүн бири – бул “убал” түшүнүгү болгон. “Убал”, “убалына калба”, “убалы уктатпайт”, “өз убалың өзүнө” деген сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз. Салтыбызда эл нандын убалынан коркушкан. Жерге түшкөн нанды көтөрүп, үйлөп-үйлөп, “биссмилла” деп жеп коюшкан. Тепсендиде калган нанды да таштабай, итке, малга же тоокко берген. Акты төкпөгөн, ак сурап келсе, жок деп айтпаган, мейманды эң биринчи ак берип сыйлаган, жолоочуга “ак ичип кет” деген. Ак сунган адамга кыянаттык кылбаган.

9—окуучу: Элдик этикалык түшүнүктө: тамакка кесирленүү – тамактын убалына калуу дегендик. Элдик педагогикада тамакты элдин көзүнчө жыттап көрбөйт, бышкан тамакты таштабайт. Жеген тамакка түкүрбөйт. Ашкан тамакты төкпөйт. Улуу адам берген устуканды балдар бөлүп жешет. Этнотрадицияда сууну да “убал” көз карашы менен байланыштырган. Жугундуну, кир сууну аккан сууга төкпөйт, челектеги суунун бетин ачык калтырбай, жабат. Сууну ашыкча пайдалануу,  ысырап кылуу – убал.

10-окуучу: малдын убалынан ата-бабаларыбыз коркушкан. Койду минбейт, малды теппейт, малдын көзүнчө аны соё турганын айтпайт, малды каратып туруп, башка мал сойбойт, ырайымдуулук менен бычакты мурда абдан курчутуп, кыйнабай соёт.

11—окуучу: адамдар үй жандыктарына гана эмес. жапайы жаныбарларга карата да “убал” түшүнүгү менен мамиле кылган. Мергендер илбесинди бооз кезинде атпайт, кийик оңко тургандан кийин мергечилигин токтотот. Жазгы келгин куштарды таш менен урбайт. Канаттуунун уясын бузбайт, чөптү кор кылбайт. Кумурсканы, чегирткени майып кылбайт, өлтүрбөйт, алардын убалынан корккон. Убал – калктын таалим-тарбиясы, үлгү-өрнөгү, мурункулардын кеңеш-керээзи, эскерүүсү, насаат-ибараты. Азыркы экологиялык тарбия бизде байыртадан эле колдонулуп келген.  (А.Муратов, К.Акматов. Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети: улуттук тарбия жана билим берүү салттары. Глобал принт басмасы. Б.2020).

12-окуучу: Кыргыздын мурдагы тарбиялык салтында ата-эненин балдарга бийлиги күчтүү болгон. Ал тургай чоңдор карыган ата-энесине баш ийген. Кыргыздын адептик идеалы: жигит согушта баатыр, кыйынчылыкта руху күчтүү, эмгекте эпчил, ал эми тынч коомдун жашоосунда жана оюндарында өзүн көрсөтө алыш керек. Орундуу сөз таап, турмуштук маселени туура чечиш керек. Элдин чыгармачылыгы, поэзиясы менен таанышып, кандайдыр бир деңгээлдеги билимге ээ болуу, жакшы тарбиянын зарыл бөлүгү катары эсептелген. Нарктуу жигиттер өзүн улуттун, элдин, Мекендин коргоочусу, сактоочусу катары сезип келген.

Мугалим: Советтик психиатрия боюнча окуу китебинде – өзүн дүйнөнү сактоочу катары сезүү – паранойанын биринчи белгиси катары бааланат. Ар бир доордун жигитке койгон талабы ар башка.

13-окуучу: Кыргыз адабияттында элдик рухий мурастарга: намыс, адамгерчилик, чынчылдык ж.у.с. жакшы мүнөздөргө басым жасалат. Өзгөчө аялдардын турмушка тыңдыгы, убадага бекемдиги, намыстуулугу, аруулугу, даңазаланган. Кыргыз аялдарынын образы аркылуу жаштарды, кыз-келиндерди намыстуулукка чакырган. Үй-бүлөнүн экономикасын, салтын, рухий баалуулугун сактоого аялдарды милдеттендирген.

14-окуучу: Жаштар кайдан билим алса да, Ата Мекенине кайтып келип кызмат кылган. “Башка элдин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол”, — деген. Жаштарга түз айтпай: “керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук” деп тарбиялаган.

15-окуучу: Элдик салтта баш кийимди аяк жакка таштабайт, жазданбайт, ыргытпайт. Улуулардын баш кийимин кичүүлөр урматтап кийген. Салтыбызда “келиндин боюна бүтсө, кемпирдин жонуна бүткөн” (бул макал), азыр небересин баккысы келбеген чоң апалар бар, анткени кайын-энеси менен жашагысы келбеген келиндер чыкты.  Үй-бүлөдө жаңы маселе чыгууда.

Мугалим: Ааламлашуу шартында батыш менен чыгыштан келип жаткан улуттун рухуна терс таасир этүүчү “идеяларга” каршы туруучу байлыгыбыз мына ушул – тарбиялык салттарыбыз. Салтын жоготуу – улут үчүн руханий казынасынан ажыроо. Эми эски салтыбыздын терс жактарын айта кетели.

16-окуучу: ХХ кылымга чейинки кыргыздын салтындагы терс көрүнүштөр: Аялзатын басмырлоо кыргыздын патриархалдык салтына айланган. “Алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык”, бул “идея” улуттун канына сиңген.  1920-жылдагы “Кайгылуу Какей, “Карачач” драмалары, 1930-жылдагы “Алтын кыз” пьесасында Чойбек, Болуш, Токтор аттуу байлар Какейдин, Карачачтын, Чынардын тагдырын өздөрү билип, сыртынан чечишип, токол алам деп, бүтүм чыгарышкан. Кыздын пикири, макулдугу, ыктыяры, эрки мааниге ээ болгон эмес, аял-затына карата үстөмчүлдүк мамиле орун алган. Ата-энеси жарды болсо, кыздын, ата-эненин макулдугун сурабай, токолдукка алган.

17-окуучу: Кийин феодалдык доор кетип, совет доору келгени менен, элдин аң-сезиминде жаман салттар кала берген. “Белден бетеге кеткени менен уругу калат. Бетеге кайра өнүп чыга берет. Бектер кеткени менен алардын элдин мээсине сиңирип кеткен салт-санаасы сакталып кала берген (С.Байгазиев. Ч.Айтматов – ак капак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы. – Б.2023. Алтын тамга. 123-б).

18-окуучу: “Жусубалы манап жигиттери менен мейманчылап жүрүп, бирөөнүн үйүнөн Зуура аттуу кызын көрүп, менин уулума ылайык экен деп, зордоп, ала качып кеткен. Уулу Жакеге нике кыйдырган. Зуура (кийин Табалды Жукеевдин жубайы болгон) түн жамынып качып кеткен. Жакенин Нарындын прокуроруна арызынан үзүндү: Зуура Мамбеталы кызы Алла Тааланын амирине жараша шарият жүзүндө мага ургаачы болмогой эле… Никени Борукчу молдо кыйган. Так ошол түнү менин койнума жатпастан, бир бузуку кишинин тилине кирип, жашабагыр кызыталак, шерменде уургачы биздин наамды булгап, качып кете бериптир.”(К.Бектенов. З.Жукеева. Аман бол. Фрунзе.1922.).

19-окуучу: “Бай союуга козу таппай, кедейдин жалгыз улагын сураган”. “Аталуу бала кулак, атасыз жетим шыйрак жеген” (макал).

Мугалим: Мындай салтты реакциячыл деп аташат. Коомдук түзүлүш өзгөргөндө коом башка салттарды иштеп чыгат. Эми дүйнө элдеринин салттары боюнча айта кетели. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин япондук жаштар дүйнө жүзүнө тарап, билим алып, мекенине кайрылып келип, экономикасын, социалдык абалын өнүктүргөн.

 20-окуучу: Байыркы гректердин салтында театралдык искусствону – трагедиянын чокусу катары эсептеген. Анткени театрда ички, тышкы агрессия, адамдардын ырайымсыздыгынын натыйжасында арга түгөнгөн жашоо, кайгылуу  сюжеттер көрсөтүлгөн. Негативдүү окуялар элдин ойломуна терс таасир эткен, аны билимдүүлөр түшүнгөн. Азыркы театр андан айырмаланат, азыр театрда трагедия да, камедия да, классика да тарых да ж.б. көрсөтүлөт. Азыр артисттер жана чыгармачыл адамдар кеч картаят. Анткени театрдагы салт, мазмун, идея, баалуулуктар өзгөрдү. Чыгармачыл адамдардын ойломуна караганда сезимдери үстөмдүк кылат.

21-окуучу: Байыркы Спартада мындай салт болгон: оорукчан, физикалык чабал, арык баланы деңизге таштаган. Алар соо тукум калтырууну каалаган. Натыйжада эл руханий жактан төмөндөп отуруп, өлкө жок болуп кеткен.

22-окуучу: Кытайдын айрым бир аймактарынын салтында “сен бүгүн тамак жедиңби?”, “курсагың ачка эмеспи?” деп учурашат. Тибеттин салтында бири-бирине тилин чыгарып, жылмайып учурашат.

23-окуучу: Индустардын илгерки салтында күйөөсү өлгөн аял өз ыктыяры менен сөөктүн жанына кошо күйгөн. Өз ыктыяры менен күйгүсү келбеген аялдын мажбурлап күйгүзүшкөн.

24-окуучу: Мурда Батыштын көп өлкөсүндө эвтанизия (өз ыктыяры менен дүйнөдөн кайтууга жардам берүү) практикаланып калган. Азыр эвтанизия менен эл күрөшүүдө, бирок токтотуу кыйын.

Мугалим: Эгер мамлекеттин моралы, мыйзамы, идеясы, элдин салты өзүн өзү жок кылууга уруксат берсе, коомдо масштабдуу маселе пайда болот. Бул депрессияга, тукумсуздукка, психикалык дарттардын жана суициддин арбышына алып келет. Табигатта экологиялык кырсыктарга, коомду экономикалык жана саясий дегредация алып келиши мүмкүн.

25-окуучу: Дүйнө жүзүндө салттуу үй-бүлөнүн түзүмү өзгөрүүгө дуушар болду. Толук эмес, өнөктөш, интернационалдык, гомосексуалдык үй-бүлөлөр болуп саны өсүүдө. Гомосексуализм – руханий регресстин натыйжасы, анын натыйжасы – физикалык көйгөй, тагдырдын тайкылыгы, энергиянын төмөндөшү. Бул өзгөрүүлөр кыйын көйгөйгө туш болгондуктан ата-энеллерге жаңы кыйынчылыктарды жаратты. Үй-бүлө институнун баалуулугун унуткан жаштар чыкты. Өнөктөштүк – нарктуу үй-бүлө эмес. Үй-бүлө институту жоголгондо кыргыз маданияты кошо жоголорун унутпашыбыз керек.

26-окуучу: Азыр салттуу үй-бүлөнүн түзүмү өзгөрүүдө. Үй-бүлөлөрдүн тарбиясына жараша адаттар пайда болуп, адаттарга жараша мүнөздөр калыптанып, мүнөздөргө жараша тагдырлар түзүлүүдө.

27-окуучу: Дүйнө жүзүндөгү кыргыздын салттуу тарбиясына карама-каршы багыттар: прагматизм, технократизм, антропоцентризм, коммерциялык дух, индивидуализм, ооздукталбаган амбиция ж.б.  Прагматизмди, технократизмди абсоютташтыруу – азыр тукумсуздукка, руханий, психикалык көйгөйлөрдүн арбышына алып баратат.

28-окуучу: Коомдун деидеологиялашууга багыт алганына 30 жылдан ашты. Ошого байланыштуу улуттун баалуулуктары, салты, элдин ойлому өзгөрдү. Келинди европалыктардын салты менен кийиндирип, лимузинге салып, ак сакалдардан жогору отургузуу практикаланууда. Келинге көшөгө тартылып, кыздардын арасына отургузулчу. Салтыбыз дүйнө элдеринин салты менен сиңишип кетсе кандай болот?

29-окуучу: Салт унутулганда маданият бөксөрөт. Азыр дүйнө элдеринин маданиятын үйрөнгөн жаштар көп. Ал ата-бабалардын салтын унутууга алып баратат. Салт унутулгангандан баштап мурдагыдан чоң күнөөлөр чыкты: бойдон алдыруу (аборт) – ал ата-эненин наристеге ырайымсыздыгы. Жеке материалдык кызыкчылык үчүн ата-эненин  балага, баланын ата-энеге чыккынчылыгы. Балага болгон сүйүү таарынууга айланган учурлар бар. Ата-энесин карылар үйүнө калтыруу. Жашоого канааттанбай, нааразы болуп, наалуу чыкты.

Жыйынтыктоо. Мугалим: Гүлзарда бир түрлүү гүл өскөнгө караганда ар түрдүү түстөгү жана сорттогу гүлдөрдүн өсүшү менен кооз көрүнөт. Дүйнө элинин мананияты, салты, тили ж.б. ар түрдүү болгондугу менен баалуу. Өз элинин салтын жерип, башка элдин салтын туураган эл өз салтынан, маданиятынан ажырайт. Өз манданиятын жоготкон эл уникалдуулугун, руханий байлыган жоготот, ата-бабаларына иденттүүлүгүн (теңдештигин, окшоштугун) жоготот. Өткөн кылымда эле бир топ улуттар жоголгон.  СССР негизделген кезде 136 улут болгон, тараган кезде 84 улут калган. Тарыхта сак, гун, санскрит, арамей, иврит, кыптий, сыптий, пус, арий ж.б. элдер болгон. Тектүү элдер ата-бабалардын арбагын, элдин салтын, маданиятын, тилин, динин ж.б. сыйлагандыктан тукуму сакталып келе жатат. Кыргыздар байыркы эл болгон. Улуттук кийими, буюмдары, тамагы, тили, маданияты, руханий баалуулуктары, ойлому ж.б. өзгөчөлөнгөн эл башка элдерден айырмаланат, уникалдуу гүл сыяктуу көрүнөт. Ар бир эл өзүнүн руханий казынасы менен дүйнө элдеринин казынасына  салым кошуп жашайт. Салтыбызды, маданиятыбызды унутпайлы, эл катары сакталып калалы.

Бөлүшүү