ЭЛ БААТЫРЫ ЖАНА АКЫНЫ СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

  • 16.08.2023
  • 0
ЭЛ БААТЫРЫ ЖАНА АКЫНЫ СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ

ЭЛ БААТЫРЫ ЖАНА АКЫНЫ СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ Бектен Салибеков,

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Айдын-Көл мектебинин

Кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Таң булбулу”ийриминин жетекчиси

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча:

Викториналык сабак

  1. Максаты:

а) Окуучуларга Кыргыз Республикасынын эл акыны С.Жусуевдин өмүр жолун жана чыгармачылыгын, эмгектерин кеңири түшүндүрүп жеткирүү.

б) Окуучулардын билимге,эмгекке болгон кызыгуусун арттыруу.

  1. Тарбиялык максаты: Окуучуларды поэзияны, акындыкты сүйүүгө жана китепти окууга тарбиялоо. Өз Ата Мекенине, эли-жерине болгон сүйүүсүн арттыруу.
  2. Окуучулардын акыл сезимин жана логикалык ойлоосун өнүктүрүү, өстүрүү. Ыр жазууга багыт берүү.

||. Сабактын жабдылышы:

а) Акындын китептери, сүрөттөрү. Дубал газеталар ж.б.

б) Викториналык сабактын суроолору алдын-ала бир жума мурда мектепке же класска илинип коюлат. Окуучуларга белектер, мактоо баракчалары даярдалат.

|||. Сабактын өтүлүшү.

Мугалим Викториналык сабактын максатын айтып, жарыялап, акын С.Жусуев жөнүндө айтуу менен негизги суроолорду бере баштайт.

1-суроо. Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты, «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткер «Сооронбай Жусуев канчанчы жылы, кайсы жерде төрөлгөн? Ал жерде акындын наамында эмне бар?

Жооп. Кыргыз Республикасынын эл акыны Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Ош областынын Кара-Кулжа районунун Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. Акындын туулуп өскөн жеринде Кызыл-Жардын Сай-Талаада Сооронбай Жусуев атындагы орто мектеп бар.

2-суроо. Улуу акын С.Жусуев согушка канча жашында барган жана кандай кызматты өтөгөн?

Жооп. Улуу акын С.Жусуев айыл мектебин бүтүрөрү менен 18 жашында согушка жоокер болуп, 1943-1945-жылдары атактуу Панфилов атындагы гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн.

3-суроо. С.Жусуевдин эмгек жолу кайсы жерден башталган жана каерлерде окуп билим алган?

Жооп. Белгилүү акын армиядан кайтып келгенден кийин Совет (азыркы Кара-Кулжа) райондук Коммунизм үчүн (азыркы»Мезгил үнү») гезитинин редакциясында жооптуу катчысы болуп иштеген. 1947-1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анан кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. О.э. 1951-1976-жылдары Москвадагы А.М.Горький атындагы Адабият институтунда билим алган.

4-суроо. С.Жусуевдин биринчи жазган ыр китеби кайсы жана канчанчы жылы кандай газетага жарыяланган?

Жооп. С.Жусуевдин 18 жашында майданда жоокер болуп жүргөндө жазган «Алдыга жүргөн кыргыздар!» деген биринчи ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (азыркы Ала-Тоо) журналында жарыяланган. Анын»Эмгек күүсү» деген тунгуч ыр китеби 1950-жылы жарыкка чыккан.

5-суроо. Улуу акын ыр жазуу чыгармачылык иши менен бирге кандай кызматтарда иштеп эмгектенди?

Жооп. 1951-жылга чейин Ош областтык»Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы. 1957-1959-жылдары «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын башкы редактору, андан кийин «Чалкан» журналынын жооптуу катчысы ал эми 1960-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Жазуучулар Союзунда адабий кеңешчи болуп иштеп,  көптөгөн жаш жазуучуларга чыгармачылык жактан жардам берген.

6-суроо. С.Жусуевдин кандай ыр китептери чыккан?

Жооп. С.Жусуевдин 50 жакын ыр китеби жана 90 жаш юбилейине карата 11 томдук китептери басмадан чыккан. Алар: «Эмгек күүсү» (1950ж), «Чындык менен ыр»(1955ж), «Өмүр жазы» поэмалар, «Сүйүү менен ишенич» (1956ж), «Үмүт» (1960ж), «Чоң атам жана мен» (1961ж), «Жылдыздуу тоолор» (1963ж), «Акын жүрөгү» (1965ж), «Алтын Чынар» (1973ж), «Таңдалмалар» (1975ж), «Суктануу», «Керемет» (1988ж), «Курманжан датка». Ыр менен жазылган роман: «Адамдар», «Асыл жерим Алайкуу», «Миң кайрык» ж.б.

7-суроо. С.Жусуевдин чыгармалары кайсы тилдерге которулган жана кандай бааланган?

Жооп. Акындын «В ожидании гости», «Орлица», «Горные зори», «Жаворонок», «У огня», «Песня белых вершин», «Моя жизнь» ж.б. 14 китеби Москвадагы басмалардан жарык көргөн. О.э. ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде да чыккан. Башка да мыкты ырлары 30дан ашуун жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн элдердин тилдерине которулган. 1990-жылы Москвадан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн 1991-жылы Бүткүл Союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, «Алтын медал» сыйлыгын алган. С.Жусуевдин чыгармалары боордош казак элинде да жогору бааланып Казак Республикасынын президентинин 1995-жылы 25-августтагы указы менен С.Жусуевге «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген ардак наамды президент Нурсултан Назарбаев өзү ыйгарган.

8-суроо. (Бул жерде музыкалык ырлар, көркөм окуулар, каалоо ырлар берилет) Акындын ырларына (кайсы ырларына) композиторлор жана обончулардан кимдер обон чыгарышкан? Анын ырларына жазылган обондуу-ырлардан кимдер ырдап жана көркөм окуп берет?

Жооп. Анын көптөгөн ырларына кыргыз композиторлору жана обончулары обон чыгарышып, алар эл арасында кеңири. Анын ырына белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыров, И.Аманбаев, Ж.Шамшиев, А.Жаныбеков обон чыгарышкан. Акын жазган «Чагылган», «Үмүт», «Ош түнү», «Оанда көктөм эле» жана «Ак саатым», «Ак саткын» ж.б. сыяктуу ыр, дастандары угармандарга кеңири белгилүү.

Бейишиндин берекеси ооганбы ай,

Берекелүү кыргыз жери, Оо кандай!

Алай-Куунун асманындай чалкыган,

Асыл ырдын кенчи белем Сооронбай!

 

Жаннатыңдын жарашыгы ооганбы,ай,

Жарашыктуу кыргыз жери, Оо кандай!

Кулун-Ата көлү сындуу чалкыган,

Куттуу ырдын кенчи белең Сооронбай!

 

Күндөр өттү татаал, каткан О кандай,

Далайлардын башы кетти соо калбай!

Жоону жеңип, келди элине ыр алып,

Жоокер акын, баатыр акын Сооронбай!

 

Жүк көтөрүш оңой эмес,оор кандай,

Бир жаратат акындарды доор андай.

Асман челип бийик болсо тоо кандай,

Дал ошондой бийик акын Сооронбай!

9-суроо. Эл баатыры С.Жусуев таанымал, белгилүү котормочу катары кандай которгон чыгармаларын билесиңер?

Жооп. Эл баатыры С.Жусуев-дасыккан жана кеңири белгилүү таанымал котормочу. Анын 2 томдук котормосу бар. Ал кыргыз тилине Шекспирдин» Гамлет»трагедиясы, Пушкиндин»Жез атчан»дастанын жана көптөгөн ырларын, Шевченконун»Катерина»дастанын жана ырларын, Омар Хаямдын рубилерин, Лермантовдун, Некрасовдун, Маяковскийдин, Есениндин, Абайдын, Гамзатовдун, Санжардын ж.б. көп мыкты акындардын ырларын чебер которгон. Улуу орус акыны А.С. Пушкиндин туулганына 200 жылдыгына арналган Республикалык конкурста чебер котормочулук менен жеңип чыккан.Ал «Кыргыз улуттук гвардиясынын маршынын»текстин автору»Огонек»журналынын 1979-жылдагы сыйлыгынын ээси.

10-суроо. Эл акыны С.Жусуевдин кандай сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды алган?

Жооп.«Эрдиги үчүн» медалы (1944-ж), «Ата Мекендик Согуш» орденин биринчи баскычы (1985-ж), «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн»медалы (1958-ж), «Даңк»медалы (1977-ж), 1981-жылы Кыргыз Республикасынын «Эл акыны» — деген ардак наам берилген. 1995-жылы 23-май «Кыргыз Республикасынын элге билим берүүнүн отличниги», «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» (1995-ж), «Курманжан датка» деген ыр менен жазылган романы үчүн Кыргыз Республикасынын «Токтогул атындагы мамлекеттик» сыйлыгы берилген (1998-ж), 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» — наамды алган.

11-суроо. Эл баатыры С.Жусуев канчанчы жылы дүйнөдөн кайтты, кайсы жерде кандай жерленген?

Жооп. Кыргыз элинин залкар акыны С.Жусуев 91 жашында 2016-жылдын 4-февралында Бишкекте каза болуп, 6-февраль 2016-жылы Ала-Арчада жерге коюлган. Акын менен коштошуу аземи мамлекеттик деңгээлде өтүп,  мамлекеттик жетекчилер катышып,залкар акындын эмгектерине жогору баа берип сөз сүйлөшкөн.Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевдин атынан мамлекеттик катчы Ф.Ниязов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Премьер-министр Т.Сариев, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев сөз сүйлөшүп,»Эл баатыры» С.Жусуевдин кыргыз эли үчүн баа жеткис эмгектерди калтырып кеткенин белгилешкен.

Бейишиңдин берекеси ооганбы ай,

Берекелүү кыргыз жери, Оо кандай.

Кыргызымдын асманындай чалкыган,

Кылым жашайт, Эл баатыры Сооронбай!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер