ЭКО ЖАНА ЭТНО БАГЫТТАГЫ БУЮМДАРДЫ ЖАСОО — ЗАМАН ТАЛАБЫ
- 20.10.2026
- 0
Мугалим: Самидинова Жийдегүл
Сабак: Технология
Өткөрүлүүчү жай: Кол өнөрчүлүк чөйрөсү
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
Окутуу усулу: Топтук иш
Методикасы: 5E модели
Сабактын максаты: Окуучуларга эко жана этно буюмдардын маанисин түшүндүрүү, улуттук жана заманбап кол өнөрчүлүк көндүмдөрүн калыптандыруу, материалдарды сарамжалдуу пайдаланууга жана маданий баалуулуктарды сактоого үйрөтүү.
Сабакта сүрөттөр, слайддар, ноутбук, жүн, ийне, фетр, кайчы жана башка керектүү каражаттар колдонулду.

Кызыктыруу: улуттук буюмдарга кызыгуу жаратуу.
Сабактын башында мугалим окуучуларга кыргыз элинин улуттук буюмдарын көрсөттү. Алардын арасында шырдак, баш кийим, тапичке, жыгачтан жасалган сүрөттөр жана белек буюмдары болду.
Окуучуларга «Бул буюмдар эмнеден жана кантип жасалган болушу мүмкүн?» деген суроо берилди. Алар буюмдарды байкап, өз ойлорун айтуу менен сабактын темасын аныктоого аракет кылышты.
Андан соң жагымдуу маанай түзүү максатында кляксография ыкмасы колдонулду. Окуучулар кагазга боёк тамызып, аны түтүкчө аркылуу үйлөп, дарак, гүл, оймо-чийме жана фантазиялык сүрөттөрдү тартышты. Өздөрү тарткан сүрөттөрүн түшүндүрүп беришти.
Изилдөө: улуттук мурасты таанып-билүү.
Окуучулар төрт топко бөлүнүп, ар бир топко лидер шайланды. Топтор «Алтын ийне», «Мурас», «Чеберлер» жана «Табият» деп аталды. Топторго этно буюмдар тууралуу маалыматтарды изилдөө жана алардын өзгөчөлүктөрүн баяндоо тапшырылды. Мисалы, жүндөн жасалган кооздук буюмдардын сүрөттөрүн таап, алардын экологиялык пайдасын кыскача жазуу сунушталды. Бул иш аркылуу окуучулар табигый материалдардан жасалган буюмдардын өзгөчөлүктөрүн талдап, алардын күнүмдүк турмуштагы жана улуттук маданияттагы ордун түшүнүүгө аракет кылышты.


Түшүндүрүү: эко жана этно буюмдардын мааниси.
Мугалим окуучуларга эко жана этно буюмдардын айырмачылыгын мисалдар аркылуу түшүндүрдү. Эко буюм катары жыгач кашык каралып, анын пластик буюмдардан айырмасы талкууланды. Ал эми этно буюм катары шырдак көрсөтүлүп, анын кол эмгеги менен жасалары жана кыргыз элинин маданий мурасындагы орду белгиленди. Ошондой эле бүгүнкү күндө экологиялык таза продукцияга болгон суроо-талаптын өсүп жатканы айтылды. Окуучулар табигый материалдардан буюм жасоо боюнча сүрөттөрдү жана видеолорду көрүп, өз ойлорун бөлүшүштү.
Практикалык иш: чыгармачылык менен буюм жасоо.
Сабактын практикалык бөлүгүндө ар бир топ өзүнө берилген тапшырманы аткарды. «Алтын ийне» тобу жүндөн ала кийиз жасоонун баштапкы ыкмаларын үйрөнүштү. «Мурас» тобу жүндөн шуру жана билерик жасоого киришти. «Чеберлер» тобу ийнесиз этно буюм жасоо боюнча иш алып барды. Ал эми «Табият» тобу чырпыктардан композиция түзүштү.
Ала кийиз жасоодо окуучулар жүндү бир аз суулап, самындап, кол менен басуу ыкмасын колдонушту. Практикалык иш алардын кол эмгегине болгон кызыгуусун арттырып, табигый материалдар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Иштин жүрүшүндө мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду берди:
- Кийиз басып жасоо эмне үчүн улуттук өнөр деп эсептелет?
- Заманбап жашоодо кийизден жасалган буюмдар кайсы тармактарда колдонулат?
- Табигый материалдардан дагы кандай буюмдарды жасоого болот?
- Окуучулар өз ойлорун айтып, топтордо талкуу жүргүзүштү.
Баалоо жана жыйынтыктоо: Сабактын аягында окуучулардын теманы түшүнүүсү, изилдөө тапшырмаларын аткаруусу, эко жана этно буюмдардын маанисин түшүндүрүүсү, ошондой эле топтук ишке катышуусу эске алынды. Ар бир топ «Эко жана этно багыттагы буюмдардын коомго жана жаратылышка кандай таасири бар?» деген суроого бир сүйлөм менен жыйынтык чыгарды.
Окуучуларга үй шартында ата-энеси менен бирге табигый материалдарды же улуттук элементтерди колдонуп бир буюм жасоо жана анын сүрөтүн класс чатына жөнөтүү тапшырылды. Кийинки сабакта «Кайсы буюм экологиялык жана этностук баалуулукка ээ?» деген темада талкуу жүргүзүү сунушталды.
Жыйынтыктап айтканда, эко жана этно багыттагы буюмдарды жасоо окуучуларды чыгармачылыкка, эмгекчилдикке, жаратылышка аяр мамиле кылууга жана улуттук мурасты урматтоого үйрөтөт. Табигый материалдарды сарамжалдуу пайдалануу менен улуттук кол өнөрчүлүктү заманбап жашоо менен айкалыштыруу — бүгүнкү күндүн маанилүү талаптарынын бири.