ДОСКО ЖАРДАМ БЕРҮҮ, БИРИ-БИРИНЕ УРМАТ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛУУ

  • 30.03.2026
  • 0
ДОСКО ЖАРДАМ БЕРҮҮ, БИРИ-БИРИНЕ УРМАТ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛУУ

Ангемелешүүнүн багыты: доско, жоро-жолдошко, классташтарга жакшы мамиле кылуунун мааниси. Достун каны башка, жаны бир…

Максаты:  Достуктун жана жоро-жолдош күтүүнүн маанисин түшүндүрүү..

Негизги багыт: Достук – бул адамдардын бир-бирине болгон ишенимине, сый-урматына жана жардамдашууга негизделген жакын мамиле.

Дос – кубанычыңды жана кайгыңды тең бөлүшкөн адам. Достошуу – бул бири-бирине жардамдашуу, адамдардын биримдиги, бири-бирин түшүнушү жана тынчтыкта жанаша жашоосу.. .

Практикалык иш:  Дос, жолдошчулук, досуна кам көрүү, жардам берүү жөнүндө макал-лакаптар айтылып, талкуу жүрөт..

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.

ДОСКО ЖАРДАМ БЕРҮҮ, БИРИ-БИРИНЕ УРМАТ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛУУ

Сабактын максаты:

  • Окуучуларды достукка, жардамдашууга тарбиялоо;
  • Бири-бирине урмат менен мамиле кылууну үйрөтүү
  • Жакшы жана жаман жүрүм-турумду айырмалоого көнүктүрүү

Милдеттери:

  • Окуучуларга достук, жардамдашуу түшүнүгүн түшүндүрүү
  • Боорукердикке, кайрымдуулукка тарбиялоо
  • Класста ынтымактуу, достук мамилени калыптандыруу
  • Өз ара жардам берүү адатын өнүктүрүүКеректүү каражаттар:Сүрөттөр, карточкалар, смайликтер, жомок же кыска окуяСабактын жүрүшү:
    1. Уюштуруу бөлүгү (2-3 мүнөт):
    • Саламдашуу. Саламатсыңарбы балдар.
    • Окуучулардын маанайын сурап билүү
    • Жылмайуу оюнун ойноо (балдар бири-бирине жылмайышат)                                                                                                                                                                                                                                        2.Киришүү (5 мүнөт):
    • Мугалим суроо берет:
      • Балдар, дос деген ким?
      • Силер досуңарга жардам бересиңерби?

      Балдардын жооптору угулат.                                                                                                                                                                                                                                                                                                           3. Негизги бөлүк (15 мүнөт):

      Достук деген эмне? Достук – бул адамдардын ортосундагы байланыш. Адамдардын сезимдери, жардам берүүгө дайым даярдыгы.

      Кыска жомок:
      Бир күнү Жаныбек  аттуу бала мектепке келе жатып, досу Азаматтын сумкасы жыртылып кеткенин көрөт. Китептери жерге түшүп калат. Жаныбек дароо жардам берип, китептерин чогултуп берет. Азамат абдан кубанып: “Рахмат, сен чыныгы дос экенсиң!” – дейт. Ошондон кийин алар дагы да жакын дос болуп калышат.

      Талкуу:

      • Айбек кандай бала экен?
      • Азамат эмне үчүн кубанды?
      • Биз досубузга кандай жардам бере алабыз?
    1. Оюн (5-7 мүнөт):

    “Жакшы же жаман?” оюну
    Мугалим ар кандай аракеттерди айтат:

    • Досуңду түртүп жиберүү
    • Досуңа китебин көтөрүшүп берүү
    • Саламдашуу
    • Урушуу

    Балдар “жакшы” же “жаман” деп жооп беришет.

    Достукка пайдалуу жеке сапаттар:

    • — Чынчылдык, ачыктык;
    • — Тилектеш, ортоктош болуу;
    • — Уга билүү
    • — Өзүңдүн катачылыгыңды моюнга ала билүү;
    • — Кеңештерди кабыл ала билүү;
    • Сырларды сактай билүү.ДОСКО ЖАРДАМ БЕРҮҮ, БИРИ-БИРИНЕ УРМАТ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛУУ
      1. Жыйынтыктоо (5 мүнөт):
      • Балдар, бүгүн эмнени үйрөндүк?
      • Доско жардам берүү эмне үчүн маанилүү?

      Жыйынтык:
      Доско жардам берүү – бул жакшы сапат. Биз бири-бирибизди сыйлап, жакшы мамиле кылсак, классыбыз ынтымактуу болот.

      1. Үй тапшырма:
      • “Мен досума кандай жардам берем?” деген темада сүрөт тартуу

      Бермет Алымбаева

Бөлүшүү

Комментарийлер