Тарбиялык саат. ДОСКО ЖАРДАМ БЕРҮҮ, БИРИ-БИРИНЕ УРМАТ МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛУУ
- 13.04.2026
- 0

Ангемелешүүнүн багыты: доско, жоро-жолдошко, классташтарга жакшы мамиле кылуунун мааниси. Достун каны башка. Жаны бир.
Максаты: Достуктун жана жоро-жолдош күтүүнүн маанисин түшүндүрүү..
Негизги багыт: Достук – бул адамдардын бири-бирине болгон ишенимине, сый-урматына жана жардамдашууга негизделген жакын мамиле.
Дос – кубанычыңды жана кайгыңды тең бөлүшкөн адам. Достошуу – бул бири-бирине жардамдашуу, адамдардын биримдиги, бири-бирин түшү түшүнүшү жана тынчтыкта жанаша жашоосу. .
Практикалык иш: Дос, жолдошчулук, досуна кам көрүү, жардам берүү жөнүндө макал-лакаптар айтылып, талкуу жүрөт.

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.
Класстык сааттын темасы:
Доско жардам берүү, бири-бирине урмат менен мамиле кылуу
Максаты:
Окуучуларга достук, жардам берүү жана бири-бирин урматтоо жөнүндө түшүнүк берүү.
Милдеттери:
- Достук деген эмне экенин түшүндүрүү
- Жардам берүүнүн маанисин жеткирүү
- Урмат-сый менен мамиле кылууга тарбиялоо

Күтүлгөн жыйынтык (Уңгужол боюнча):
Окуучулар:
- Достук тууралуу айтып бере алышат
- Жардам берүүнүн жакшы жактарын түшүнүшөт
- Бири-бирине сылык мамиле кылууну үйрөнүшөт
Сабактын жүрүшү:
- Уюштуруу бөлүгү (2-3 мин)
- Саламдашуу
- Окуучулардын маанайын көтөрүү
Мисалы:
– Балдар, бири-бириңерге жылмайып карагыла. Бүгүн биз жакшы сапаттар жөнүндө сүйлөшөбүз.
- Киришүү (5 мин)
Мугалим суроо берет:
- Дос деген ким?
- Сен досуңа жардам бересиңби?
Окуучулардын жооптору угулат.
Дос деген ким?
Дос – бул сени түшүнгөн, сени менен ойной турган, кыйын учурда жардам берген жана дайыма жакшы мамиле кылган адам.
Дос – бул жаныңда жүргөн, жардам берген жана сени таарынтпаган бала же кыз.
Мисал:
- Эгер сен жыгылып калсаң, досуң сени тургузат.
- Эгер сен кайгырсаң, ал сени жооткотот.
- Сен да ага жардам бересиң.
Жөнөкөй жыйынтык:
Дос – бул жакшы көргөн жана сага жакшылык каалаган адам.

- Негизги бөлүк (15 мин)
Кыска аңгеме:
«Жакшы дос»
Бир күнү Айбек менен Нурик мектепке бара жатышты. Жолдо Нурик тайып жыгылып калды. Айбек дароо ага жардам берип, колунан кармап тургузду. Нурик: «Рахмат, сен жакшы дос экенсиң!» – деди. Айбек болсо: «Достор дайыма бири-бирине жардам берет», – деп жооп берди.
Суроолор:
- Ким жыгылды?
- Айбек эмне кылды?
- Сен ушундай учурда эмне кылмаксың?
Рольдук оюн:
«Жардам беребиз!»
Балдар экиден бөлүнүп, бири жардам сурайт, экинчиси жардам берет.
- Талкуу (5 мин)
- Эмне үчүн доско жардам берүү керек?
- Урмат деген эмне?
- Кандай сөздөрдү колдонобуз? (рахмат, сураныч, кечиресиз)
Мугалим балдарга жомок окуп берет:
Жомок: «Чыныгы дос»
Бир күнү кичинекей коён менен күчүк токойдо ойноп жүрүштү. Экөө
абдан жакшы достор эле.
Күтүлбөгөндөй коён тайып жыгылып кетти. Ал ыйлап жиберди. Күчүк
дароо жанына чуркап келип: — Коркпо, мен сени мененмин! – деп, коёнду көтөрүп тургузду.
Коён ыраазы болуп:
– Рахмат, досум! Сен мага жардам бердиң, – деди.
Бир аздан кийин күчүк кичинекей чуңкурга түшүп кетти. Эми коён
ойлонбой туруп, досуна жардам берди. Ал бутак алып келип, күчүктү чыгарып алды.
Күчүк кубанып:
– Сен да чыныгы дос экенсиң! – деди.
Ошентип, экөө бири-бирине жардам берип, мурдагыдан да жакын дос
болуп калышты.
Чыныгы дос – бул кыйын учурда жардам берген, дайыма жаныңда болгон адам.
Суроо:
- Кимдер аябай жакшы достордон болгон?
- Коёнго ким жардам берди?
- Коён ыраазы болуп досуна эмне деди?
- Күчүккө ким жардам берди?
- Чыныгы достор кандай учурда жардам берет?
- Жыйынтыктоо (5 мин)
Мугалим жыйынтык чыгарат:
– Балдар, дос болуу – бул жакшы мамиле кылуу, жардам берүү жана урматтоо дегенди билдирет.
Кызыктуу көнүгүү:
«Жакшы сөз айт»
Ар бир бала жанындагы балага жакшы сөз айтат.
Баалоо:
- Активдүү катышкан окуучулар макталат
- Жакшы жооп бергендерге жылдызча берилет
Үй тапшырма:
- «Менин досум» деген темада 2-3 сүйлөм айтып келүү
- Досуңа бир жакшылык кылып көрүү
Алымбаева Бермет
КББАнын Тарбия жана социалдаштыруу лабораториясынын башчысы
Комментарийлер