ДЕНИ САК, ДЕМДҮҮ АДАМДЫН РУХУ БИЙИК
- 19.08.2026
- 0
Класстык саат, 7-класс
Ангемелешүүнүн багыты: дарт келгенде дарман кетет, дарт кеткенде уйку келет. Дарт эренди мүңгүрөтүп, демсиз кылат. Дартсыз демдүү, ден соолукта жашоонун мааниси.
Максаты: Окуучуларга демдүү болуш үчүн дартсыз, ден соолукта жашоонун маанисин түшүндүрүү.
Негизги багыт: Тамак бар жерде дарт турбайт. Ден соолук — түгөнгүс байлык. Дендин сагы жакшы, ниеттин агы жакшы. Дендин сактыгы — жандын ырахаты. Дени соонун деми таза. Дени сактык, деми күчтүүлүк — рухтун бийиктигине өбөлгө.
Практикалык иш: күлкү — ден соолуктун мүлкү. Демдүү болууда, дени соо жашоодо жакшы маанайдын мааниси жөнүндө маектешет.
Сабактын максаты:
а) Окуучуларга ден-соолуктун баалуулугун түшүндүрүү менен ден соолук- биринчи байлык экендигин билишет.
б) Спорт менен машыгууга, туура тамактанууга, китеп менен дос болууга үйрөнүшөт.
в) Бири-бирине сый-урмат көрсөтүүгө жана зыяндуу адаттардан алыс болууга үйрөнүшөт.
Керектелүүчү каражаттар:
Тематикалык сүрөттөр, ден соолук тууралуу макалдар, слайддар, ватман, маркерлер, стикерлер ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1.Уюштуруу (2-3 мүнөт)
Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү.
2.Киришүү (3 мүнөт)
Ден-соолук-чоң байлык.
Дени сак демдүү адамдын руху бийик.
(Мугалим теманын маанисин түшүндүрөт).
3.Мээге чабуул (3 мүнөт)
Суроолор:
- Ден соолук дегенде эмнени түшүнөсүңөр?
- Дени сак адам кандай болот?
- Ден соолукту эмне бекемдейт?
- Кандай адаттар ден соолукка зыян?
4.Негизги бөлүк (15 мүнөт)
1.Баяндама. Ден соолугу бекем адам эмгектенет, билим алат, максатына жетүүгө аракеттенет. Сергек жашоо үчүн туура тамактануу, спорт менен машыгуу, убагында уктоо керек. Ошондой эле жеке гигиенаны сактоо менен зыяндуу адаттардан алыс болууга аракеттенүү зарыл. Демек, дене оорубаса, акыл курч болот, акыл курч болсо адам-рухий жактан бекем жана бийик болот.
2.Топтук тапшырмалар (5 мүнөт)
1-топ. Зыяндуу адаттар.
2-топ. Руханий байлыкка жетүүчү жакшы сапаттар.
3-топ. Ден соолукту чыңдоонун жолдору.
Ар бир топ класстер даярдайт, жактап беришет.
5.Макал-лакаптарды улантуу (4 мүнөт)
Тазалык — (ден соолуктун булагы).
Оору (эмгектен качат).
Ооруганды сурасаң, айыкканга (тете).
Ден соолукту жашыңдан (сакта).
6.Туура же туура эмес (оюн) (3 мүнөт)
1.Телефонду көп кармоо ×
2.Эрте мененки көнүгүү ♡
3.Энергетикалык! суусундук ×
4.Спорт♡
5.Жер-жемиштер ♡
6.Фастфуд ×
7.Улуттук суусундуктар♡
- Кеч уктоо ×
9.Сөгүнүү ×
7. Жыйынтык (5 мүнөт)
Ден соолугу бекем адамдын денеси гана эмес, руху да күчтүү, бекем болот. Спортту сүйүп, жаман адаттардан алыс болуп, пайдалуу адаттарды тандагыла. Сергек жашоо — ийгиликтин ачкычы. Ошондо күчтүү, билимдүү, мекенге кызмат кылган адамдардан болосуңар.
8.Үйгө тапшырма (2 мүнөт)
«Менин ден соолукка карай жети кадамым» деген темада күндө аткара турган пайдалуу адаттардан жетини жазып келүү.
9.Баалоо (2 мүнөт)
Б.Т. Бейшенбаева,
Кыргыз билим берүү академиясы,
Тарбия жана социалдаштыруу
лабораториясынын ага илимий кызматкери