ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

  • 22.03.2022
  • 0
ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

 

ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ Миңбаева Нурзат,

Аксы районунун, Сыны айылындагы

Алишер Молдокеев атындагы №3 орто мектебинин            

башталгыч   классынын мугалими

Сабактын темасы :  Дүйнөнүн кооз жеринин бири

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар “Дүйнөнүн кооз жеринин бири” Сары-Челек көлү жөнүндө түшүнүк алышат .
  2. Окуучулар ой жүгүртүп, суроолорго жооп беришет. Сөз байлыгын өстүрүшөт.
  3. Жаратылыштын байлыгын, кооз жерлерин баалоого , сактоого тарбияланышат .

Сабактын  тиби :          Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу:          Түшүндүрүү, көрсөтмөлүүлүк

Сабактын жабдылышы:    Сүрөттөр, видео.

1.Саламдашуу  учуру

Дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым,

Саламатчылык каалаймын.

Саламатсыңарбы, балдарым!

Саламдашат

Бар болуңуз, эжеке!

Дайым болсун пейлиңизге береке!

Саламатсызбы, эжеке!

  1. Жагымдуу маанай түзүү

Маанайыбыз “беш” болсун,

Кайгы капа жок болсун.

Бүгүн биздин сабакта,

Беш алгандар көп болсун.

ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

  1. Алтын эреже кабыл алуу
  • Бүгүнкү сабакка активдүү катышабыз
  • Кол көтөрүп жооп беребиз
  • Бири-бирин угуу, сыйлоо
  • Мугалимдин сөзүн угабыз

Балдар үйгө эмне тапшырма берилген

Жаттаган ырлардан көркөм айтып бергиле

“Ата журтка айтарым ” ырын жатка айтуу.

  1. Теманы окуучуларга угузуу

Бүгүнкү сабакта “Дүйнөнүн кооз жеринин  бири ” деген аңгемени өтөбүз. Мугалим сабактын максаттары менен тааныштырат.

  1. Балдар, кыргыз жери дуйнөнүн кооз жеринин бири экендигине ишенесиңерби ?

ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

Кана балдар, эми ушул тема боюнча слайд көрөбүз . Мугалим  көрсөтүлгөн  слайд  боюнча “Дүйнөнүн кооз жеринин бири ” деген аңгемени айтып берүү менен түшүндүрүп берет.

Сары-Челекти дүйнөнүн кооз жери деп аташат. Чындыгында да ошондой. Бул жер башка миң сандаган кооз жерлердин жаратылышынан, сулуулугунан башкача. Чытырман токойлорунун ортосунда күзгүдөй тунук көлү бар. Арасын аралап бассаң ар бир көз кайгыткан жаңгактары, арча, карагай, ыргай, шилби, ак чечек деги койчу эмнелер гана жок! Кымбат баалуу карагат, өрүк, алма  алчалардын түрлөрү көп .

ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

Сары –Челек көлүнүн башка Ири-Көл, Кыла-Көл жана башка ондон ашык көлдөр бар. Мында өрдөктөр, балыктар, ондатырлар бар. 160 тан ашык канаттуулардын түрлөрү бар. Канаттуулар кышкысын азайып калат, себеби алар башка жактарга учуп кетишет .

Жаныбарлардын түрлөрү 32ге жетет. Алардын ичинде суусар менен сүлөөсүн бар. Бул кооз жерге биринчи жолу зубр алынып келинген. Азайып бара жаткан жаныбарлардын тукумун көбөйтүү үчүн алар Сары-Челекке алынып келген.Табийгатка көрк берген элик, аркар, бугулардын  мекени болуп калды. Ал жерде корукта жашаган адамдар өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарышат. Баргандарга кенен түшүндүрүп, дүйнөдө ушундай кооз жер бар экендиги менен сыймыктанышат. Сары-Челекке жакын жергеси мектептин окуучулары токойду коргоону колго алышкан.

 

ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

“Дүйнөнүн кооз жеринин бири” деген аңгемени угуп, талкуулашат.

Текстти чынжыр түрүндө окушат.

  1. Балдар силерге аңгеме жактыбы?

Балдар Сары-Челектин жаратылышы жөнүндө эмне билдиңер?

Берилген суроолорго  ой жүгүртүп жооп берүүгө аракеттенишет

8.Балдар макалдардын маанисин чечмелеп түшүндүргүлө

“Жер болгон жерде байлык “бар ”,

Суу бөлөгөн жерде өмүр бар”.

“Жер тоюнбай, эл тоюнбайт”.

Макалдардын маанисин чечмелешип, түшүндүрүп беришет.

  1. Үйгө тапшырма:

Чыгарманы көркөм окуп, түшүндүрүп  айтып бергиле.

Баалоо:

Сары-Челекте өскөн гүлдөр менен бааланат.

ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРЛЕРИНИН БИРИ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер