Чынгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестин бышыктоо сабагы. Сейденин образы
- 15.04.2025
- 0

КОНОКБЕК КЫЗЫ ГҮЛМИРА, Нарын областындагы Жумгал районунун Жумгал айылынын Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Кыргыз адабияты, 7-класс
Сабактын максаты: “Бетме-бет” повести боюнча алган билимин бышыкташат, сөз байлыгын өнүктүрүшөт, мекенди сүйүүгө, гумандуулукка, патриоттуулукка тарбияланышат.
Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы
Контекст: жеке, улуттук, глобалдык
Баалоо: формативдик, суммативдик
Сабактын жүрүшү:
Алтын эрежени эскертүү. Класстын санын тактоо.
Класста жагымдуу маанай түзүү. Топторго бөлүү.
“Автордук отургуч” оюнун ойноо
Каалаган бир окуучу атайын жасалгаланган отургучка отуруп, Чынгыз Айтматовдун ролунда болот. Класс ага “Бетме-бет”повести боюнча кызыккан суроолорун берип окуучунун повестке жана авторго тиешелүү маалыматтарды канчалык деңгээлде билерин текшеришет.
1Е. Шыктандыруу. Флиппити аркылуу окуучуларды топко бөлүү.
1.Изилдөөчү топ
- Из кубарлар
- Сөз издөөчүлөр
- Байланыштыргыч топ
- Кооздоочу топ
- Докладчы топ
https://docs.google.com/spreadsheets/d/1eOji0-77rNqhawmuL-AI3JHopkU041EEAduj6QG_wGc/edit?usp=sharing
Окуучуларга слайддан төмөнкү суроолорду берүү:
Эмне үчүн 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган? Эмнеге «Бетме-бет» повестин окушубуз керек?Маалымат силер үчүн абдан кызык болду? Бул повесттен эмне деген сабак алышыбыз керек?
2Е. Изилдөө. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун келип чыгыш себебин изилдөө үчүн окуучуларга төмөнкүлөр берилет: ак барак, тарых китеби, маркер, Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Дайыр Асановдун сүрөтү берилет.
5 мүнөттүк эссе жазуу тапшырмасын аткарышат.
3Е. Түшүндүрүү. Биз өткөн сабакта сиздер менен улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин сюжети менен таанышканбыз. Бул чыгарманын сюжетинен биз кандай таалим-тарбия ала алабыз? Автор бул чыгарма аркылуу бизге эмнени бергиси келген? Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгына байланыштуу кандай кызыктуу маалыматтарды таба алдык мына ушул маселелер боюнча сүйлөшмөкчүбүз.
4Е. Бышыктоо. “Алты шляпа” оюнун ойноо.
«Адабият айлампасы» оюнун ойноо:
- Ысмайыл: ”Мен башка атам тааныбаган жер үчүн согушуп жанымды бергидей келесоо эмесмин”, — дейт. Ал туура айтып жатабы?
- Бактылуу өлүм деп эмнени түшүнөсүңөр?
- Сейде кандай аял, анын артыкчылыгын жана кемчилигин айтып бергиле?
- Бексаат: ”Киши эл менен киши”, — дейт. Бул сөздүн маанисин түшүндүрүп бергиле?
- “Бетме-бет” повестинин жазылып калышына кандай шарт себеп болгон экен?
- Чыгармадагы оң жана терс каармандарды санап бергиле, себебин түшүндүргүлө?
«Пирамидалык окуя» оюнун ойноо:
- Пирамидалык окуя: 1-сап. 1 сөз.
- Окуянын каарманы. 2-сап. 2 сөз.
- Каарманды сыпаттаган сөздөр. 3-сап. 3 сөз.
- Окуянын болгон жери. 4-сап. 4 сөз.
- Окуянын чыгышына себеп болгон кырдаал. 5-сап. 5 сөз.
- Окуянын чыгышынын 1-себеби. 6-сап. 6 сөз.
- Окуянын чыгышынын 2-себеби. 7-сап. 7 сөз.
- Окуянын чечилишине эмне түрткү болду. 8-сап. 8 сөз.
- Окуянын чечилиши.
5Е. Баалоо
Ар бир окуучуга 10 баллдык өзүн-өзү баалоо критерийи боюнча баалоо ишин жүргүзүшөт.
Окуучунун аты-жөнү:__________________
изилдөө жүргүздүм | |
сабакты түшүндүм | |
эссе жаздым | |
ооз эки жооп бердим | |
чыктым | |
топто иштедим | |
топто лидер болдум | |
сүрөт тарттым | |
ыр чыгардым | |
алтын эрежени сактадым |
Рефлексия. “Мен бүгүн… Мен эртең…”
Жооптордун варианттары | Жооптордун варианттары | ||
Бүгүн…
| …билдим |
Эртең… | …жасай алам |
…түшүндүм | …кам көрөм | ||
…көрдүм | …аныктайм | ||
…окудум | …өздөштүрө алам | ||
…жасай алдым | …издеп табам | ||
Комментарийлер