Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдоо

  • 11.07.2026
  • 0
Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдоо

СУЛТАНАЛИЕВА Элмира, Ысык-Көл районундагы Акматша Түмөнбаев атындагы Чок-Тал жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

11-класс, кыргыз адабияты

Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, слайддар, сүрөттөр, карточкалар, тесттик тапшырмалар, видеоматериал.

Сабактын тиби: Билимдерди кайталоо жана бышыктоо сабагы.

Сабактын усулдары: активдүү жана интерактивдүү окутуу ыкмалары («Хронологиялык мамыча», «Мен киммин?» ыкмасы, топтук жана жекече иштөө, К-4 ыкмасы, чыгарманын картасын түзүү).

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк: Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каармандардын образдарын талдоо, алардын мүнөзүн жана чыгармадагы ордун аныктоо.

Өнүктүрүүчүлүк: Чыгармада көтөрүлгөн көйгөйлөрдү талдап, өз оюн негиздеп айтууга, каармандарга баа берүүгө жана жыйынтык чыгарууга үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: Топто ынтымактуу иштөөгө, бири-бирин уга билүүгө, адамгерчилик, жоопкерчилик жана адамдык баалуулуктар тууралуу ой жүгүртүүгө тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу этабы

Мугалим окуучулар менен саламдашат. Жагымдуу психологиялык маанай түзүп, окуучуларды пазлдар аркылуу топторго бөлөт.

  1. Үй тапшырмасын текшерүү

Суроо-жооп жүргүзүлөт. Өтүлгөн тема боюнча проблемалык суроолор берилет. «Хронологиялык мамыча» ыкмасы аркылуу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы кайталанат.

Тапшырма: Бул сандар эмнени билдирет?

1928, 14, 1952, 1957, 1963

Туура жооптор:

  • 1928-жыл — Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген жыл.
  • 14 жашында — айылдык кеңештин катчысы болуп эмгектенген.
  • 1952-жыл — «Газетчи Дзюйо» аттуу чыгармасы «Кыргызстан» альманахында жарыяланган.
  • 1957-жыл — «Бетме-бет» повести жарык көрүп, анын адабий дебюту катары бааланган.
  • 1963-жыл — «Тоолор жана талаалар» чыгармалар жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.

Жаңы теманы өздөштүрүү. Мугалимдин иш-аракети

Мугалим кириш сөз сүйлөйт.

— Балдар, өткөн сабакта Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повести менен таанышканбыз. Бүгүн болсо чыгармадагы каармандардын образдарын талдап, алардын мүнөзүн, чыгармадагы ордун жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдү аныктоого аракет кылабыз.

Андан соң сабактын максаттары менен тааныштырат.

Сабактын максаттары:

  • «Делбирим» повестиндеги каармандардын образдарын талдоо;
  • чыгармада көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча өз көз карашыбызды билдирүүгө жана каармандарга баа берүүгө үйрөнүү;
  • топто ынтымактуу иштеп, бири-бирибизди уга билүүгө, адамдык баалуулуктар тууралуу ой жүгүртүүгө көнүгүү.

Мугалим сабактын эпиграфын сунуштайт: «Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү».

— Балдар, бүгүнкү сабагыбыздын негизги идеясы ушул эпиграф менен байланыштуу болот.

Андан соң окуучуларга кайрылат.

— Балдар, коомдук турмуштун, искусствонун, сахнанын жана экрандын өз жылдыздары болот. Кыргыз поэзиясынын жылдызы катары Алыкул Осмоновду билсек, көркөм сөз өнөрүнүн чолпон жылдызы катары Чыңгыз Айтматовду жакшы тааныйбыз. Бүгүнкү сабагыбызга коноктор менен катар Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар да «келишти». Анда аларга сөз кезегин берели.

1-тапшырма. «Мен киммин?» ыкмасы

Мугалимдин иш-аракети. Мугалим окуучуларга каармандардын атынан жазылган үзүндүлөрдү таратып берет. Окуучулар тексттерди көркөм окушат. Калган окуучулар кайсы каарман тууралуу сөз болуп жатканын аныкташат.

1-окуучу

«Жолуң болсун, багың ачылсын!» — деп чын ыкластан тиледим. Кыз тийген күйөөсүнөн багы ачылбады, мени менен да турмушу болгон жок. Чыныгы сүйүү эмне экенин, бирөөнү сүйүү жана сүйүктүү болуу кандай сезим экенин кийин түшүндүм. Эгер ошол сезимди билбесем, аны менен кадимкидей эле жашап кетмекмин. Бул айтып түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон өзгөчө сезим экен. «Жолуң ачылсын, жаман ойдо кетпе», — деп узаттым.

Мен киммин?

Жооп: Ильяс.

2-окуучу

Байсалдуу, токтоо мүнөз жигитмин. Жалгыз өзүм ашууга жулунмак эмесмин. Жаныма өнөк алганым туура болду. Ашуудан өтүү үчүн мотордун күчү гана эмес, адамдын акылы, сабырдуулугу да керек. Жаныңда өнөгүң болсо, улам алмашып айдап, жол да кыскара түшөт. Мунун баарын алдын ала ойлогом. Прицепке тормоз орнотуп, дөңгөлөккө чынжыр орогонбуз. Алаксыбай, акыл менен жеңдим. Өзүмдү өзгөчөлөндүргүм келген жок.

Мен киммин?

Жооп: Алыбек.

3-окуучу

Аны менен сүйлөшкөндө жумшарып, назданып калчумун. Тамаша айтып, чачымдан сылай өткөнү жагат. Экөөбүз көп учурда талашып кетчүбүз, бирок анын айтканы туура эмес болсо да, көңүлүн кыйбай макул боло берчүмүн. Балким, ага ушул сапатым жакса керек. Кээде мени киного алып барып, кайра үйүмө чейин узатып койчу.

Мен киммин?

Жооп: Кадийча.

4-окуучу

Кесип алса кан чыкпаган сараңмын. Жакшылыкты көрө албаган ичи тарлыгым да бар. Куулук менен жашаган, митаам адаммын. Башкалардай болуп жатаканада жашабайм. Бир аялдын үйүндө бекер тамак ичип, даяр оокат менен күн өткөрөм.

Мен киммин?

Жооп: Жантай.

5-окуучу

Айлам кеткенде ийин куушуруп, бензин куюучу москоол орус аялды таң кала тиктедим. Ал болсо терезеден бери бизди унчукпай карап отурган экен. Башын чайкап, «тынчын албаңыз» дегендей ишарат кылды. Мен буга таң калдым.

Мен киммин?

Жооп: Журналист.

Окуучулар пазлдар аркылуу топторго бөлүнүшөт. Ар бир топко төмөнкү тапшырмалар берилет.

2-тапшырма. «Эки маанилүү маалымат»

Тапшырма: Талкуулана турган чыгарма боюнча өзүңөр билген эң маанилүү эки маалыматты жазыгыла.

Мисалы: Чыгарманын жаралышына себеп болгон жагдай. Аселдин ролун аткарууга алгач актриса эмес, сүрөтчү тандалганы.

3-тапшырма. «К-4» ыкмасы менен иштөө

Окуучулар чыгарманын каармандарын К-4 ыкмасынын негизинде талдашат.

Мисалы: Ильяс

Күчтүү жагыКүчсүз жагы
Ильястын күчтүү сапаттары…Ильястын алсыз жактары…

 

КелечегиКоркунучу
Менин оюмча, Ильястын келечеги… Себеби…Анын жашоосунда болгон же болушу мүмкүн болгон коркунучтар…

4-тапшырма. Каармандарды мүнөздөө

«Делбирим» повестиндеги каармандардын айланасында кандай окуялар өнүгөт? Окуучулар төмөнкү каармандардын бирин тандап, анын айланасындагы окуяларды эске түшүрүп, мүнөздөмө беришет.

Каармандар:

  • Ильяс;
  • Асель;
  • Кадийча;
  • журналист;
  • Жантай;
  • Алыбек Жантурин;
  • Байтемир;
  • Самат.

5-тапшырма. Окуялардын өнүгүү ыраатын аныктоо

Чыгармадагы окуялардын өнүгүү ыраатын (сюжетин) сандар аркылуу белгилегиле.

Мисалы:

  • Журналисттин баяны;
  • Жолчунун баяны;
  • Ильястын баяны;
  • Байтемирдин баяны ж.б.

6-тапшырма. «Чыгарманын картасы»

Төмөнкү суроолордун негизинде чыгарманын картасын түзгүлө:

  • Окуя болуп жаткан жер жана мезгил;
  • Негизги каармандар;
  • Чыгарманын негизги темасы;
  • Көтөрүлгөн маселенин чечилиши;
  • Окуя чагылдырылган коомдун өзгөчөлүктөрү.

Бышыктоо. 1) Видеоталдоо

Мугалим окуучуларга видеоматериал көрсөтөт.

Видео: https://youtu.be/jrXARpKf58?si=pNQ50sF80mH0Cqwz

Видеону көргөндөн кийин төмөнкү суроолор талкууланат:

  • Бул видеодон кандай маанилүү маалымат алдыңар?
  • Чыгарма тууралуу түшүнүгүңөр кандайча кеңейди?
  • Каармандардын кайсы сапаттары өзгөчө таасир калтырды?

2) Онлайн-тест. Окуучулар Educaplay платформасы аркылуу даярдалган тестти аткарышат. https://www.educaplay.com/

Сабакты жыйынтыктоо. Мугалим жыйынтык сөз сүйлөйт.

— Бүгүн биз «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдоо аркылуу чыныгы адам болуунун маанисин дагы бир жолу терең түшүнүүгө аракет кылдык. Чыгармадагы Байтемирдин адамгерчилиги, чыдамкайлыгы жана кең пейилдиги ар бирибиз үчүн үлгү боло алат. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү, адептүү жана адамкерчиликтүү жаштарды тарбиялоого байланыштуу. Ошондуктан силерди Байтемирдей адамдык асыл сапаттарды туу туткан инсан болууга чакырам.

Баалоо. Өзүн-өзү баалоо баракчалары жыйынтыкталат. Тапшырмаларды эң ийгиликтүү аткарган топтун чогулткан пазлы толук ачылып, жеңүүчү аныкталат.

Үй тапшырмасы. Тема: «Делбирим» повестиндеги адамгерчилик маселеси. Чыгарма боюнча эссе жазуу.

Рефлексия

«3–2–1» ыкмасы

Бүгүнкү сабак боюнча төмөнкүлөрдү жазыңар:

3 — жаңы үйрөнгөн маалымат;

2 — пайда болгон суроо;

1 — эң маанилүү түшүнүк (инсайт).

 

Бөлүшүү

Комментарийлер