Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повести

  • 13.10.2026

7-КЛАСС, КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ
Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повести боюнча
5E модели менен сабактын план-конспектиси

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү жана чыгармачылык менен бышыктоо

Сабактын формасы: Топтук, жуптук жана жеке иштөө

Усулдар: Мээге чабуул, кластер, топтук талдоо, суроо-жооп, ролдук тапшырма, рефлексия

Сабактын максаттары

  • Билим берүүчүлүк: окуучулар «Бетме-бет» повестинин мазмунун, каармандарын жаначыгарманын негизги идеясын түшүнүшөт; согуш мезгилинин адам тагдырына тийгизген таасирин талдашат.
  • Өнүктүрүүчүлүк: көркөм чыгарманы талдоо, өз оюн далилдүү айтуу, салыштыруу, суроо түзүү жана чыгармачылык менен иштөө аркылуу көндүмдөрү өнүгөт.
  • Тарбия берүүчүлүк: мекенчилдикке, жоопкерчиликке, адамгерчиликке, эмгекчилдикке жана туура чечим кабыл алууга тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар: 

Сабактын  аягында окуучулар:

  • Окуучулар повесттин мазмунун жана негизги окуяларын айтып бере алат;
  • Каармандардын иш-аракетине баа берет;
  • Чыгарманын темасын жана идеясын аныктайт;
  • Каармандарды салыштырып, өз оюн тексттен мисал келтирүү менен далилдейт;
  • «Адамдык парз», «мекен», «жоопкерчилик» түшүнүктөрү боюнча өз көз карашын билдирет.

Негизги түшүнүктөр: Мекен, парз, жоопкерчилик, согуш, адамгерчилик, коркоктук, эрдик, сүйүү, абийир.

Керектүү каражаттар: Окуу китеби, Ч. Айтматовдун чыгармасы, каармандардын аттары жазылган карточкалар, сүрөттөр, ватман, маркерлер, стикерлер, баалоо баракчалары.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ (5E модели)

Кызыктыруу – 5-7 мүнөт

Мугалим: Саламдашат, окуучуларды сабакка даярдайт. «Мекенди сүйүү деген эмне?», «Адамдын мекен алдындагы парзы кандай болушу керек?» деген суроолорду берет. Тактага «Мекен – Парз – Жоопкерчилик» сөздөрүн жазып, ассоциация түздүрөт. Сабактын темасын ачат.

Окуучу: Өз ойлорун эркин айтышат, ассоциация түзүшөт, тема боюнча божомол жасашат.

Баалоо: оозеки мактоо, «бармак» ыкмасы.

Изилдөө – 10-12 мүнөт

Мугалим: Классты 3 топко бөлөт. 1-топко «Каармандар», 2-топко «Окуялардын өнүгүшү», 3-топко «Чыгармадагы негизги көйгөйлөр» тапшырмасын берет. Ар бир топ текстке таянып класстер даярдайт.

Окуучу: Тексттен керектүү маалыматты табат, талкуулайт, класстер түзөт жана коргойт.

Топтук тапшырма: каармандын иш-аракетин баалоодо тексттен мисал келтирүү.

Түшүндүрүү – 10 мүнөт

Мугалим: Топтордун жоопторун толуктайт. Чыгарманын темасы, идеясы, конфликттери тууралуу түшүндүрөт. Повестте согуш учурундагы адам тагдыры, мекен алдындагы жоопкерчилик жана адамдык абийир маселелери көтөрүлөрүн белгилейт. Каармандардын аракеттерин бир жактуу эмес, чыгармадагы окуялардын негизинде талдоого багыт берет.

Окуучу: Түшүнүктөрдү өздөштүрөт, суроолорго жооп берет, өз тыянагын чыгарат.

Тереңдетүү – 10-12 мүнөт

Мугалим: «Каарманга кат» же «Эгер мен каармандын ордунда болсом…» деген чыгармачылык тапшырманы сунуштайт. Жуптарга каармандарды салыштыруу тапшырмасын берет.

Окуучу: Өз позициясын жазат же оозеки билдирет. Каармандын чечимине баа берип, альтернативдүү чечим сунуштайт.

Суроолор: «Каармандын эң чоң катасы эмнеде?», «Чыныгы эрдик деген эмне?», «Чыгарманын бүгүнкү күн үчүн кандай мааниси бар?»

Баалоо – 5-7 мүнөт

Мугалим: Кыскача тест/«3-2-1» рефлексиясын уюштурат. Окуучулардын жоопторун критерий боюнча баалайт.

Окуучу: 3 жаңы түшүнүк, 2 маанилүү ой, 1 суроосун жазат.

Баалоо критерийлери: мазмунду түшүнүү – 2 балл; каармандарды талдоо – 2 балл; оюн далилдөө – 2 балл; топтук ишке катышуу – 2 балл; чыгармачылык – 2 балл. Жалпы: 10 балл.

Бышыктоо үчүн суроолор

  1. «Бетме-бет» повестинде кандай негизги маселе көтөрүлөт?
  2. Чыгармадагы каармандардын иш-аракетине кандай баа бересиң?
  3. Согуш адамдын жашоосун жана тагдырын кандай өзгөрткөн?
  4. Мекен алдындагы парз менен жеке кызыкчылыктын ортосунда карама-каршылык жаралганда адам кандай чечим кабыл алышы керек?
  5. Повесттин негизги идеясын бир сүйлөм менен айтып бер.

Үй тапшырмасы. «Адамдын мекен алдындагы жоопкерчилиги» деген темада 8–10 сүйлөмдөн турган ой толгоо жазуу. Кошумча: «Бетме-бет» повестиндеги бир каарманга мүнөздөмө берүү.

Абдыганыева Аймира, А.Караев атындагы №18 орто жалпы билим берүү

мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Сузак району, Кара-Дарыя айыл өкмөтү

Бөлүшүү