Чогуу жасайбыз
- 22.07.2024
- 0

Мен жана дүйнө, 1-класс
Сабактын максаты: Чогуу жасай билишет. Ар тараптан логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт. Бири-бири менен жакшы мамиледе болушат.
Сабактын тиби: Аралаш сабак.
Сабактын жабдылышы: Кырдаалга карата сүрөттөр, платформалар, видео, изилдөө долбоорунун методдору жөнүндөгү плакат.
Комп: НК1,НК2,НК3,НК4,ПК1,ПК2,ПК3,ПК4
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Мугалим: Саламдашуу (үнсүз). Жагымдуу маанай, окуучулар кандай маанайда экенин жармаштырышат. Светофордун 3 түсүн колдонот. Топко бөлөт. Платформанын негизинде. Үй тапшырма сурайт. Изилдөө методикаларын колдонот. Алтын эреже. Класстын температурасын өлчөөнү суранат. Окуучуларга изилдөө методдору жөнүндө түшүнүк берет.
Окуучу: Саламдашат. Бири-бирине кол булгайт. Окуучулар өз атын жазып, жармаштырышат. Светофордун 3 түсүндө көрсөтүлгөн быйтыкчаларга өз аттарын жаңы гана үйрөнгөн балдар жазып, жармаштырат. Окуучулар топко бөлүнүп отурушат. Пиктограмма тартып келсе ошону платка (конвертке салат). Окуучулар алтын эреже кабыл алат. Окуучулар класстын температурасын өлчөшөт. Изилдөө методдорунун ичинен Башка адамдан суроо же байкоо ыкмаларын колдонуу менен класстын температурасын өлчөп жазышат.
Жаңы тема. Сынчыл ой жүгүртүү үчүн мугалим балдардын изилдөө темаларын көрсөткөн картаны да колдонсо болот. Сүрөттөрдү көрсөтөт.
Мээге чабуул үчүн суроолор: Суроолор платформадан көрсөтүлөт (мугалим окуйт). Кандай түстөрдү билесиңер? Түстөрдү канча топко бөлүнөт? Күн желесинде канча түс бар? Топто иштөө үчүн багыт берет. Ар бир топ китеп сырт жасашат.
Долбоордун түрүнөн «Изилдөө» долбоору ишке ашат. 1-классы үчүн мекен таануу китебин колдонууну сунуштайт.
Кейс методунун технологиясынын бири ар бир топтон модератор тандап алуусун өтүнөт. Мугалим топторду айланып жүрөт. Окуучуларга жакындан жардам берет.
Окуучулар: 1-топ боёкторду колдонушат. Экспериментке логикалык акыл операцияларына байланыштуу иш-аракеттер.
2-топ даярдалган сүрөттөрдү колдонушат. Чыгармачыл ой жүгүртүү сабаттуулугу ишке ашат.
Окуучулар болжолдоо менен иш-аракеттерди кылат. Гипотеза. Эгер мындай кылсак … жүрөт.
3-топ телефондон санарип сызгыч рулеткасын колдонушат. Бойлорун ченейт (метр менен). Сурамжылоо, байкоо меттоддору ишке ашат. Окуучулар бири-бири менен жакшы мамиледе болуп иштешет.
Жыйынтыктоо: Бул этапта да мугалим гипотеза менен жыйынтыктаса болот. Эмне маанилүү болду? Эмнеге түшүнбөдүң? Комментариялап баалайм. Тапшырма берет.
Тапшырма күн желесин тартып келүү.
Эсенали кызы Элизада, Ош облусу, Кара-Суу району
Комментарийлер