Бизди курчаган маалымат
- 22.07.2024
- 0

5-класс үчүн STEM технологиясы менен өткөрүлгөн сабак
Максаты:
— “Бизди курчаган маалымат” деген тема боюнча окуучулардын билимдерин жалпылоо, бекемдөө, өтүлгөн материалдарды кайталоо.
-Оюн технологиясын колдонуу.
STEM ишмердүүлүгү:
Илим: Марс планетасынан келген радиограмманы чечмелөө.
Технология: Жаңы космос кемесин ойлоп табуу жана аны сүрөттөп берүү. Ар кандай материалдардан ракета жасоо.
Инженердик: Марс планетага космостук саякат кылуу үчүн атайын план иштеп чыгуу.
Математика: Космостук кеменин ылдамдыгын эсептөө. Маселе чыгаруу.
Күтүлүүчү натыйжа:
Окуучулар
-радиограмманы чечмелешет;
-космостук кемелерди курушат;
-оюн элементтерин колдонуу менен өтүлгөндөр боюнча
тыянак чыгарышат (космоско учуу үчүн ден соолук жакшы болуш керек)
-космостук кеменин ылдамдыгын эсептешет.
Сабактын түрү: билимди жана көндүмдөрдү жалпылоо жана системалаштыруу.
Сабакта колдонулган технология: оюн технологиясы
Ыкма: STEM
Убакыт: 45 мүнөт
Окуучулардын ишин уюштуруу формалары: топ менен иштөө (5-6 окуучу);
Жабдуулар:
Материалдардын тизмеси:
- Кагаз, картон, боёктор, клей, барак
- Ар кандай өлчөмдөгү жана формадагы кутулар — ракетанын макетин түзүү үчүн.
- Мультимедиалык проектор, ноутбук
- Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар компьютерлер.
Сабактын жүрүшү:
- Сабакка мотивдештирүү:
Сабакты окуучулар менен космос жөнүндө сүйлөшүү менен баштайбыз.
- Кандай космостук объектилерди билесиңер?
- Космоско биринчи учкан адам ким болгон?
- Кандай космос кемесин билесиңер?
1.2. Космосту изилдөөнүн тарыхы.
- Окуучуларга космоско биринчи учуулар жөнүндө айтып берүү.
- Космонавттар, космос кемелери жана спутниктер жөнүндө сүрөттөрдү жана видеолорду көрсөтүү.
- Космонавтиканын жетишкендиктери жөнүндө айтып берүү.
- Билимдерин актуалдаштыруу: («Булактарды издөө»)
Мугалим:
— Урматтуу окуучулар, бизге космостон сигнал келип түштү! Марс планетасынын жашоочулары биздин планетабызга радиограмма жиберишиптир. Билдирүүнү илимий лабораторияда эмгектенгендер чечмелей алган жок. А, балким, бул билдирүүнү силер чечмелегенге аракет кылып көрөсүңөр?.. Эгер, даяр болсоңор экранга көңүл бургула (1-презентация көрсөтүлөт), билдирүү менен таанышалы. Бул телеграммада төмөндөгүдөй белгилер бар, тамга коддору ортосунда эч кандай бөлгүчтөр жок, берилген тамгалар ырааттуу жайгашкан экен?
Демек, балдар, эмне кылуу керек? Кимде кандай ойлор, сунуштар бар? (окуучулардын жоопторун угуу) Балким, балдар, бул кат Морзе алиппесинин коддорунун жардамы менен жазылып жүрбөсүн? (Окуучулар кат Морзе алиппесинин коддору менен жазылганына далилдерди, аргументтерди келтиришет, катты окушат)
1.1. Проблеманы чечүү: Чынында эле Марс планетасынын жашоочуларын жардам берүү керекпи? Эгер жардам бериш керек болсо кантип?
Мугалим бардык окуучулардын өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдүүлүгүн, артыкчылыктарын белгилеп, Марс планетасындагы жашоочуларга жардам берип, көйгөйдү чечүүгө чакырат. Мугалим окуучуларга көйгөйдү чечүү үчүн ал эмне экенин, эмне үчүн пайда болгонун жана анын кесепетинен эмне болушу мүмкүн экенин, башкача айтканда, кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин так түшүнүү үчүн “Космоско саякат» аттуу оюнун ойноону сунуштайт.
Оюн «Космоско саякат»
Мугалим окуучуларды эки топко бөлүп алат, окуучуларды оюндун эрежеси менен тааныштырат. Саякаттын ар бир этабында окуучуларга ар кандай тапшырмалар берилет, аларды биринчилерден болуп аткарганы тууралуу белги берүүгө кеменин экипажы жоопкерчиликтүү болот (кораблдин аты жазылган эмблеманы биринчи көтөрүш керек – “Восток”, “Буран”). Эгерде кеменин экипажы туура эмес жооп берсе, анда жооп берүү укугу башка экипажга өтөт.Ар бир туура жооп үчүн кеменин экипажына 1 упай берилет.
3.Жаңы материалды өздөштүрүү: ( «Анализ жана логика»).
Мугалим:
-Азаматтар, билдирүүнү оңой эле чечмелеп алдыңар. Билдирүүдөн биз Марс планетасындагы жашоочулар бизден жардам сурап жатканын түшүндүк. Урматтуу окуучулар, мен жардамга муктаж болгондордун бардыгына жардам беришибиз керек деп ойлойм. (Ал эми силердин оюңар кандай?) Ал эми биз аларга жардам берүү үчүн космоско учуу керек болот. Космоско учуу үчүн эмне кылуу керек?
Окуучулардын жообу:- Ракета керек.
Мугалим: -Туура! Анда ар бир топ топтогу окуучулар менен кеңешип Марс планетасына учуп бара алга тургандай кагаздан жана картондон космостук кеменин моделин жасагыла.Өзүңөрдүн космостук кемеңерди ойлоп таап жана аны сүрөттөп бергиле.
Эң жакшы, ошентип биз Марс планетасына бара турган кораблдерибизди дагы даярдап алдык. Эми экипаждын мүчөлөрүн медициналык кароодон өткөрүп , ден соолугубузду текшерүүдөн өтүшүбүз керек. Ал үчүн ар бир топ мүчөсү “Бузук телефон” оюнуна катышуулары керек. Азаматсыңар! Жалпыңарды медициналык кароодон ийгиликтүү өтүшүңөр менен куттуктайм! Ар дайым ден соолукта болгула! Демек баарыңар экипаж мүчөсү болдуңар! Биздин кемелер учууга даяр. Келгиле, 10дон 1ге чейин артка санап көрөлү ( мугалим жана окуучулар артка санашат 10,9, 8, 7, 6, 5, 4, 3, 1 ). Биздин экипаж учуп кетти!
4.1. Презентация («Өз алдынча тыянак чыгаруу») Ар бир топ Марс планетага космостук саякат кылуу үчүн атайын план иштеп чыгып, презентация жасашат.
— Ошентип,балдар, Биз космостобуз!
Космосто эмнелер бар экен? Биздин жолубузда астероид алкагы күтүп жатышы мүмкүнбү? Карачы, алар биздин тарапка жылып баратышат. Биз ошондо эмне кылышыбыз керек?
Окуучулардын жооптору: Астероидди жардырып же талкалаш керек.
Астероидди бузуу үчүн ар бир топ класска Марс планетага космостук саякат кылуу боюнча планын презентация кылышат. Мыкты ! Азаматтар!
4.Өтүлгөн материалды бышыктоо: («Сын ой жүгүртүү»).
4.1.Математика: Космостук саякат жөнүндө маселе чыгаруу. Космостук кеменин ылдамдыгын эсептөө.
— Биз ар тараптан космос кораблдери менен курчалганбыз. Бирок алардан коркпош керек экенин эскертем. Бул “Космостук патруль” деп аталат. Алар космосто тартипти сакташат. Бирок, азыр алар бизди душман деп ойлоп жатышат. Түшүндүрөлү десек биз алардын тилинде сүйлөй албайбыз. Бирок, биз аларга дос экенибизди, жардамга учуп келгенибизди түшүндүрүшүбүз керек. Ал үчүн ар бир топ маселелерди туура чыгарышыбыз керек . Туура, биринчи аткарган топко-1 упай берилет.
Тапшырма: «Буран» космос корабли Марска карай учуп баратат. Жерден Марска чейинки аралык 384 400 км. Кеме Марска 3 күндө жетти. Анын ылдамдыгы кандай болгон?
Чыгаруу:
- Өлчөө бирдиктерин которолу:
- Күндөрдү саатка айландыралы: 3 күн * 24 саат/сутка = 72 саат.
- Ылдамдыгын табалы:
- Аралыкты убакытка бөлөлү: 384 400 км / 72 саат = 5333,33 км/саат.
Жооп: Буран космос кораблинин ылдамдыгы 5333,33 км/саат болду.
-Силерди куттуктайм! Сиздин экипаж астероид алкагынан аман-эсен өттү. Сиздин кемелериңиздин корпустары бузулган жок. Сиз андан ары уча аласыз.
5.Рефлексия («Кайтарым байланыш жана рефлексия»)
- Сабакта эмнени билдиңер?
- Сабакта сага эмне жакты?
- Сизде дагы кандай суроолор бар?
- Баалоо:
Критерий | Эң жакшы | Жакшы | Үйрөнүү керек |
-радиограмманы чечмелешет | радиограмманы чечмелөөдө 2 мүнөттөн көп убакыт коротсо | радиограмманы чечмелөөдө 3 мүнөттөн көп убакыт коротсо | радиограмманы чечмелөөдө 5 мүнөттөн көп убакыт коротсо |
-космостук кемелерди курушат | кагаздан жана картондон космостук кеменин моделин өзгөчө чыгармачылык менен жасап, сүрөттөп берсе 10 мүнөттөн көп убакыт коротсо | кагаздан же картондон космостук кеменин моделин изденүүчүлүк менен жасап, сүрөттөп берсе 12 мүнөттөн көп убакыт коротсо | кагаздан же картондон космостук кеменин моделин окшоштуруп жасап, сүрөттөп берсе 14 мүнөттөн көп убакыт коротсо |
— оюн элементтерин колдонуу менен өтүлгөндөр боюнча тыянак чыгарышат | оюндун элементтерин тез өздөштүрүп, өтүлгөн сабактан тыянак чыгарса 2 мүнөттөн көп убакыт коротсо | оюндун айрым элементтерин тез өздөштүрүп, өтүлгөн сабактан тыянак чыгарууга аракет кылса 3 мүнөттөн көп убакыт коротсо | оюндун элементтерин өздөштүрүүдө кыйналып, өтүлгөн сабактан тыянак чыгарууга божомол кылса 5 мүнөттөн көп убакыт коротсо |
-презентация жасашат | өз алдынча план түзүп, тыянак чыгарышса, өз оюн жеткиликтүү, так айтып бере алышса, топто кеңешип , бир бүтүмгө келип иштешсе | өз алдынча план түзө алышса, өз оюн жеткиликтүү, так айтып бере алышса, топто иштешсе | өз алдынча тыянак чыгарууга, өз оюн жеткиликтүүгө аракет кылышып, топто иштешсе |
-космостук кеменин ылдамдыгын эсептешет | Жерден Марска чейинки аралыкты, кеменин ылдамдыгын туура табышса чыгарса 5 мүнөттөн көп убакыт коротсо | Жерден Марска чейинки аралыкты, кеменин ылдамдыгын табууда 1 ката кетирсе 6 мүнөттөн көп убакыт коротсо | Жерден Марска чейинки аралыкты, кеменин ылдамдыгын табууда бир нече ката кетирсе 7 мүнөттөн көп убакыт коротсо |
- Үй тапшырма:
- «Менин космостук сапарым» деген темада дил баян жаз.
- Космос жөнүндө сүрөт тарт.
- «Космоско саякат» деген темада кол өнөрчүлүк менен буюмдарды жасап келүү.
Исакова Гүлзат, Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай а.о.м. информатика мугалими
Комментарийлер