Биология сабагындагы этнопедагогика
- 11.07.2026
- 0

Бүгүнкү күндө коомдогу өзгөрүүлөр билим берүү тармагына да олуттуу таасирин тийгизүүдө. Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен жаңы муун маалыматты негизинен интернет аркылуу алууга көнүп калды. Алар мурдагыдай китеп издеп окууга көп убакыт коротушпайт. Бул, бир жагынан, маалыматка жетүүнү жеңилдетсе, экинчи жагынан, окууга болгон кызыгуунун төмөндөшүнө, даяр маалыматка гана таянууга алып келүүдө. Ошол эле учурда айрым жаштардын улуттук баалуулуктарга, эне тилине жана салт-санаага болгон кызыгуусу да солгундап баратканы байкалат.
Элибиздин тарыхына көз чаптырсак, мектеп же окуу китептери жок мезгилде эле кыргыз эли жаш муунду макал-лакаптар, жомоктор, уламыштар, каада-салттар аркылуу тарбиялап келген. Элдик педагогика баланын сөз байлыгын өстүрүүгө, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке жана мекенчилдикке тарбиялоого кызмат кылган.
Бүгүнкү билим берүүнүн негизги максаты – окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, маалыматты талдоо жөндөмүн жана алган билимин турмушта колдоно билүүсүн өнүктүрүү. Ошол эле учурда окуучуларды улуттук маданиятка, эне тилге жана элибиздин руханий мурастарына болгон урмат-сыйга тарбиялоо дагы маанилүү.
Ушул себептен улам мен биология сабактарында этнопедагогиканын элементтерин пайдалануу аркылуу окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыруунун үстүндө иштеп келем. Бул ыкма окуучулардын биологиялык түшүнүктөрдү өздөштүрүүсүн жеңилдетүү менен бирге алардын сөз байлыгын өстүрүп, элине, тарыхына жана улуттук маданиятына болгон сый-урматын калыптандырат.
Этнопедагогика – элдик таалим-тарбиянын бай тажрыйбасын изилдеген педагогика илиминин тармагы. Анын негизин элдик оозеки чыгармачылык, макал-лакаптар, уламыштар, үрп-адаттар жана улуттук оюндар түзөт.
Көп жылдык педагогикалык тажрыйбам көрсөткөндөй, темага ылайык тандалган макал-лакаптарды же уламыштарды колдонуу окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат. Алар макалдардын маанисин талдап, анын биологиялык мазмуну менен байланышын өз алдынча түшүндүрүүгө аракет кылышат. Мындай иш-аракет окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, сүйлөө маданиятын жана улуттук аң-сезимин өнүктүрөт.
Мисалы, өсүмдүктөр темасын өтүүдө төмөнкү макалдарды колдонууга болот:
- «Бир жылдыгын ойлогон буудай эгет, он жылдыгын ойлогон терек тигет, өмүр боюн ойлогон илим окуйт»;
- «Учурунда эгилген, учурунда көктөйт»;
- «Жаздын аракети – күздүн берекеси»;
- «Бир тал кыйсаң, он тал отургуз»;
- «Эгин айдоо – байлык айдоо»;
- «Адам көркү – чүпүрөк, дарак көркү – жалбырак».
Бул макалдардын негизинде өсүмдүктөрдүн өсүү шарттары, жаратылышты коргоо жана айыл чарбасы тууралуу түшүнүктөр тереңдетилет.
7-класста жаныбарлар дүйнөсүн окуганда төмөнкү макалдарды колдонуу натыйжалуу:
- «Айбанды өңүнөн тааны, адамды сөзүнөн тааны»;
- «Бакага балыр көл жакшы, балыкка терең суу жакшы»;
- «Бөрүнүн күчү – тишинде, кишинин күчү – ишинде»;
- «Жылан чаккан кайтат, бөйөн чаккан кайтпайт».
Бул макалдар жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн, жүрүм-турумун жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүгө жардам берет.
8-класста адам организми темасында төмөнкү макалдар колдонулат:
- «Дени сактын руху бийик»;
- «Дене тарбия – ден соолукка табылгыс дары»;
- «Ашыра жеген азапка калат, өлчөп жеген өмүр табат»;
- «Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт».
Генетика бөлүмүндө:
- «Алма сабагынан алыс түшпөйт»;
- «Кыраандан кыраан туулат, жыландан жылан туулат»;
- «Энесин көрүп кызын ал».
Экология темасында болсо:
- «Жаратылыш жаңылыштыкты кечирбейт»;
- «Жер байлыгын сакта, жаратылышты баркта»;
- «Тирүү жандын атасы – күн, энеси – жер, каны – суу, жаны – аба».
Мындан тышкары «Кожожаш», «Карагул ботом» сыяктуу уламыштарды колдонуу окуучуларга жаратылышты коргоонун маанисин улуттук дүйнө тааным аркылуу түшүндүрүүгө шарт түзөт.
Жыйынтыктап айтканда, биология сабактарында этнопедагогиканын элементтерин колдонуу окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге улуттук баалуулуктарды, жаратылышка болгон жоопкерчиликти жана мекенчилдик сезимди калыптандырууга чоң өбөлгө түзөт. Ар бир сабакта элдик педагогиканын үлгүлөрүн туура пайдалануу билим менен тарбиянын биримдигин камсыз кылып, ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоого жардам берет. «Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көңүлүн сөз ачат» дегендей, элдик мурастарды заманбап билим берүү менен айкалыштыруу – бүгүнкү мугалимдин маанилүү милдеттеринин бири.
Тамара Шейшеналиева, профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар №5 мектеп-лицейинин биология мугалими
Комментарийлер