БИОЛОГИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн
- 15.08.2023
- 0
Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2020–2040 жылдарга чейин өнүктүрүү концепциясынын негизги багыты катары “Жаңы муундагы стандарттарды иштеп чыгуу, иштелип чыккан стандарттарга жараша билим берүүнүн мазмунун жана окутуу методикасын жаңылоо” маселеси каралган. Бул концепция 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясына толугу менен шайкеш келет. Анда “Сапаттуу билим берүү жана илим системасы” тууралуу келечекке карай төмөнкүдөй көз караш берилет: “Ар бир жаран дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү суроо-талапка ээ болууга, дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга мүмкүндүк бере турган, иш жүзүндө колдонулуучу билимди жана көндүмдү пайда кылган, адамдын дараметин ачкан, инсанды ар тараптан тарбиялоого багытталган сапаттуу билим ала алат”.
2022-жылдын 22-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында “Мектептик жалпы билим берүүнүн максаты туруктуу өнүгүүгө жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө керектүү болгон билимдерди жана компетенттүүлүктү окуучулар алуу үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу болуп саналат” деп айтылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылы 22-июлунда жарыяланган №393 Токтомунун негизинде жалпы орто мектептерде билим берүүнүн мамлекеттик стандарты Кыргыз Республикасында “Кыргызстан — жашыл экономика өлкөсү” аталышындагы Жашыл экономика концепциясына, Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө – КР Президентинин №77 Жарлыгына ылайык кайрадан түзүлдү. Ушул шартта гана окуучунун мектепте алган билими «өлүү жүккө» айланбастан, анын практикалык көйгөйлөрүн чечүүгө, жашоо турмушунун ар түрдүү кырдаалында пайдасын тийгизет. Ошондой эле, адамдын ар тараптуу өнүгүп жетилүүсү үчүн негизги баалуулук катары кызмат кылуу менен бирге, Ата Мекенинин келечеги үчүн жоопкерчилик сезиминин пайда болушуна жана өз жеринин жаратылыш байлыктарын туура колдоно билген экологиялык жактан билимдүү инсандын калыптанышына өбөлгө түзөт.
Бүгүнкү күндө республикада болуп жаткан экономикалык өзгөрүүлөр, граждандык коомдун өнүгүшү билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу талабын коюп жатат. Мунун себеби өлкөнүн туруктуу өнүгүшү анын адам ресурстарынын калыптанышына жана постиндустриалдуу коомдогу биринчи кезекте бардык тармактарда сапатка басым жасоо менен билимге негизделген интегративдүү натыйжаларды талап кылат. Мындай шартта билим алуучу адамдын өзү билим берүү процессин уюштуруунун активдүү катышуучусу болушу керек. Коомдун, экономиканын, инсандын талабына жараша өзгөрүп туруучу ийкемдүү билим берүү траекториясын калыптандыруу үчүн керектүү шарттарды камсыздоо зарыл.
Демек, Кыргызстандын билим берүүсү чыгармачылык ишмердүүлүккө жөндөмдүү, ийкемдүү, динамикалуу бардык жаңыланууну кабыл алуучу, таанып билүү, окутуу жана тарбиялоо чөйрөсүндө жогорку мобилдүүлүккө ээ, өсүп келе жаткан жаш муундардын өзүн-өзү жүзөгө ашыруусуна ыңгай жаратуучу шарттарды түзүп бере ала турган жаңы типтеги мугалимдердин калыптанышын демилгелейт жана колдойт.
“Табигый илимий сабаттуулукту” PISA эл аралык изилдөөсү төмөнкү талаптар менен конкреттештирет:
Табигый илимий билимге ээ болуу жана аны жаңы проблеманы таанууда, кубулушту түшүндүрүүдө, жаңы билим алууда колдоно билүү.
Табигый илимдин маңызы адамдын билими жана аны изилдөө жыйынтыктары экенин түшүнүү. Табигый илимий тыянактар менен кимдир бирөөнүн өздүк көз карашынын ортосундагы айырмачылыкты түшүнүү.
Табигый илим жана технология биздин материалдык жана маданий чөйрөнү жарата тургандыгын аңдап сезүү.
Аң сезимдүү инсан катары табигый илим менен байланышкан ишмердүүлүккө киришүүгө даярдыктын болушу.
Ал эми, STEM билим берүүнүн максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.
STEM билим берүүнүн натыйжалары:
— чыгармачыл ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүү;
— балдар өздөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң — сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү;
— коомдо ар тараптуу билим, хобби ж.б. ээ болгон жаңы муундун калыптанышы.
Кыргызстанда билим берүү процессинде буга чейин деле STEMдин айрым элементтери колдонулуп келген.
Биологияны окутуунун өзгөчөлүктөрү.
Биология илими дүйнөгө болгон илимий көз караштын маанилүү звеносу катары төмөнкү фундаменталдуу суроолорго жооп берет: Тиричилик деген эмне? Адамдын келип чыгышы, бул жашоодогу максаты жана маңызы кайсылар, анын биологиялык жана социалдык жаратылышы эмнеде? Адамдын адеп-ахлактык, искусстволук жана диндик булактары кайсылар? Адамдын ишмердүүлүгүнүн жаратылышка тийгизген таасирлери кандай? Жер планетасында адамды жана тиричиликти кантип сактап калуу керек?
Бул суроолорду чечүүдө биология илимин гумандаштыруу б.а. милдет, жоопкерчилик, жакшылык, жыргалчылык деген терминдер менен бирге биологияны окутуу зарыл.
Биология предмети боюнча виртуалдык, электрондук лабораторияны түзүүгө каражат табуу маселеси курч коюлуш керек. Себеби азыр дээрлик көпчүлүк мектептерде мурунку лабораториялык жабдыктар эскирип жок болуп кеткен. Жаңы приборлор дегеле сатылып алынган эмес. Ошондуктан санариптештирүү шартында мектептик табигый илимий билим берүүнү электрондук, виртуалдык лабораториялар менен камсыз кылуу мезгилдин талабы болуп турат.
Окуучулардын билимин текшергенде репродукциялык суроолорго, башка сөз менен айтканда окуучулар жооп катары окуганын кайра айтып бергенине көп убакыт кетирбей, алган билимин колдонуп, ой жүгүртүүнү талап кылган продукциялык суроолорго көбүрөөк басым жасалышы керек. Бул үчүн компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар менен окуучуларды иштетүү зарыл. Ушул шартта гана окууучулар алган билимдерин жашоосунда, турмуш-тиричилигинде колдонот; биологиялык тажрыйбаларды коет, алардын жыйынтыктарын түшүндүрөт; китептерден, биологиялык сөздүктөрдөн жана маалыматтамалардан, электрондук басылыштардан жана Интернет-ресурстардан өз алдынча биологиялык маалыматтарды табат.
Мындан тышкары биология мугалимдерине “чакыруу” – “түшүнүү” – “ой жүгүртүү” технологиясын пайдаланууну сунуш кылабыз. Бул окутуу технологиясы окуучуларды сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтөт.
Учурда биологиянын предметтик маалыматтык заманбап билим берүүгө кагаздагы жана электрондук методикалык комплекстер (ЭМК) жана аларды колдонуунун каражаттары, ошондой эле, ал ресурстарды башкаруу куралдары каралды. Ушуга ылайык автор тарабынан “Биология” 7-класс “Жаныбарлар” жана “Биология” 8-класс “Адам жана анын ден соолугу” курстары боюнча лабораториялык-практикалык иштердин электрондук варианттары даярдалды.
Ал эми, биологиялык билим берүүнү маалыматташтыруу негизинен төмөнкү 4 багытта жүрүп жатат.
Биринчи багыты – учурдагы заманбап табигый илимий билим берүүнү илимий жактан таанууда алдыңкы принциптеринин бири болгон маалыматташтыруунун биологиялык билим берүүнүн максатында, милдеттеринде, алдынкы баалуулуктарында, мазмунунда чагылышы саналат.
Экинчи багыты – электрондук билим берүү ресурстарынын жана адабияттарынын пайда болушу менен биологиялык билим берүүнүн формаларынын жана методдорунун системасын өнүктүрүү.
Үчүнчү багыты – виртуалдык деңгээлде биологиялык жана экологиялык экскурсияларды иш жүзүнө ашырып, принципиалдуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу.
Төртүнчү багыты – телекоммуникациялык проектилердин негизинде биологиялык билим берүүнүн сабактан сырткаркы учурларын көбөйтүү жана аны өркүндөтүү.
Жогорудагы айтылгандарды ишке ашыруу үчүн диссертант 7-класс жана 8-класс “Биология” курстарынын лабораториялык, практикалык иштерин электрондук форматта жасап You Tube каналына жайгаштыруу иштери жасалды. Мисалы, автор тарабынан 7-класс “Биология” курсунун 7 лабораториялык иши жасалды. Мисалы, “Инфузориянын түзүлүшү жана көбөйүшү” деген темадагы №1 лабораториялык ишти YouTube каналдан ушул шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот: https://www.youtube.com/watch?v=Ou6BdPfjQmk.
“Биология” 7-класс “Жаныбарлар” жана “Биология” 8-класс “Адам жана анын ден соолугу”, 9-класс “Тиричиликтин жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү” курстары боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстер компетенттүүлүк, ишмердүүлүк жана интегративдик жагдайларга негизделип берилген жана практика жүзүндө Кыргызстандын жалпы орто мектептеринде сыноого коюлган.
Туруктуу өнүгүүнүн 2030-жылга чейинки ЮНЕСКОнун документтеринде окутуунун уюмдук системаларында төмөндөгү 4 принциптерге бирдей көңүл бурулуусу каралган.
Билүү – кенен спектрдеги жалпы билимдерди алуу.
Кандайдыр бир нерселерди жассого үйрөнүү – кесиптик көндүмдөр менен биргеликте ар түрдүү кырдаалдарда өзүнүн ордун билүү жана командада иштөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу.
Инсан болууга үйрөнүү – жеке өнүгүү, ой жүгүртүү жана жоопкерчиликти алуунун негизинде өз алдынча аракет кылуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу.
Биргеликте жашоого үйрөнүү – башка адамдарды түшүнүп билүү жана өз ара мамилелерди баалоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу.
Жаңыланган жалпы билим берүүнүн мазмунунун негизги компетенциялары: “билүү үчүн окуу”, “аткаруу үчүн окуу”, “бар болуу үчүн окуу”, “жашоо үчүн окуу” («учиться знать», «учиться делать», «учиться быть», «учиться жить»).
“Билүү үчүн окуу” (учиться знать) – мында окуучу биологиялык билимдин фундаменталдык илимий негизи болгон түшүнүктөрүн жана жандуу жаратылышты таанып билүүгө багытталган прикладдык мүнөздөгү суроолорун ачып берүү билгичтигине ээ боло алат;
«Бир нерсени жасай билүү үчүн окуу» (учиться делать) – мында окуучулар белгилүү бир продуктыны жарата билүү билгичтигине ээ болушат, б.а. өзүнүн жашоосунда алган билимин жана билгичтиктерди колдонууга даярдыгын өнүктүрүү: проект жасоо, практикалык иштерди аткаруу, биологиялык кубулуштарды жана процесстерди моделдештирүү, экологиялык кырдаалдарды прогноздоо ж.б.
«Жашоо үчүн окуу» (учиться жить) – бул окуучулардын биологиялык билим аркылуу башка адамдар менен мамилелешүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталгандыгынан көрүнөт. Окуучунун өзүнүн жана жакын адамдарынын ден соолугун, айлана-чөйрөнү сактай билүүсү, өздүк жашоосундагы эмгек жана эс алууга жагымдуу шарт түзүү менен коштолот.
«Бар болуу үчүн окуу» (учиться быть) – бул окуучулардын жаратылышка, башка адамдарга болгон мамилесинен, өзүн таануусунда, өзүнүн инсандык жана социалдык позициясын баалоодо, өздүк потенциалын, иденттүүлүгүн, чыгармачылык жигердүүлүгүн, маданияттык өздүк аныктоосун ача билүүдөн көрүнөт.
learning to know – билүү үчүн окуу – кесиптик-методикалык компетенттүүлүк;
learning to do – бир нерсени жасай билүү үчүн окуу – оюндагы идеясын жүзөгө ашыруу, ишмердүүлүктөгү компетенттүүлүк;
learning to live together — жашоо үчүн окуу — социалдык- коммуникативдик компетенттүүлүк;
learning to be – бар болуу үчүн окуу – инсандык негизги сапаттарга ээ болуу компетенттүүлүгү.
Биологияны окутуу процессинде калыптануучу предметтик компетенциялар:
Ар бир биология сабагында негизги жана биология предметинин компетенттүүлүктөрү ар бир сабакта чечилип турушу керек. Анда негизинен сабактын максатына, жаңы теманын маңызына карай: Эмнеге басым жасоо керек? Окуучулардын компетенттүүлүктөрүнүн калыптанышына кантип көмөктөшүү керек? ж.б. нерселерге көңүл бурулат. Мугалимдер сабактын максатын койгондо, өзүнүн гана аракеттерине эмес, окуучулар кандай компетенцияларга ээ болоорун аныктоого көңүл бурушу зарыл.
Биологиядагы предметтик компетенттүүлүк – билим берүү натыйжаларынын жыйындысы түрүндө айрым предметтин материалында аныкталуучу компетенттүүлүк. Биологиянын предметтик компетенттүүлүктөрү: жандуу обьектилерди таануу жана баяндоо, биологиялык процесстер жана кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүү, жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү, өзгөрүүлөрдү илимий далилдерди пайдалануу менен чечүү.
Жандуу объектилерди таануу жана баяндоо ПК-1. – тирүү организмдердин негизги касиеттерин бөлүп карайт жана аларга тиешелүү мыйзам ченемдүүлүктөргө негизделет; жандуу жана жансыз жаратылыштын жалпы илимий мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдегенге мүмкүн болгон жаратылыштагы кырдаалды аныктап аргументтүү далилдейт дагы, негизги түшүнүктөрдү аныктайт; биологиялык системалардын негизги мүнөздөмөлөрүн ”классификациялык бирдиктин” негизинде өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.
Биологиялык процесстер жана кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүү
ПК-2. – белгилүү кырдаалда биологиялык билимдерди колдонуп, адамдардын кулк-мүнөзүн анализдеп социумга кирүүгө көнүктүрөт; биологиялык кубулуштардын илимий далилдүү баяндоосун же түшүндүрмөсүн, жандуу жаратылыштагы өзгөрүүсүнө анализ жүргүзүлөт; илимий далилдүү баяндоолорду, түшүндүрмөлөрдү жана болжолдоолорду таанууну ишке ашырат. Инсандык өз ара кызматташуу, жардамдашуу, колдоо жана эмпатияга алып келет.
Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү, өзгөрүүлөрдү илимий далилдерди пайдалануу менен чечүү ПК-3. – илимий фактыларды жана маалыматтарды түшүндүрөт, жыйынтык чыгарат; айлана-чөйрөдөгү проблемаларды таанууга жардам берет; практикада далилденген маалыматтарды пайдаланууга жол ачат; чыгармачылык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүнө түрткү болот; коомдо жана жаратылыш чөйрөдө илимдин жана технологиянын жетишкендиктерин колдонуунун натыйжаларына баа берилет.
Базистик окуу планда биология курсунун сааттарга бөлүштүрүлүшү
№ | Класстар | Биология (жумасына) | Жыл бою |
1 | 6-класс | 2 | 68 |
2 | 7-класс | 2 | 68 |
3 | 8-класс | 2 | 68 |
4 | 9-класс | 2 | 68 |
5 | 10-класс | 1 | 34 |
6 | 11-класс | 1 | 34 |
Окуучулардын билим берүү жетишкендиктерин өлчөө үчүн баалоонун түрлөрү колдонулат: диагностикалык, формативдүү, критериалдык жана жыйынтыктоочу, алардын ар бири белгилүү бир формада ишке ашырылат.
Сунуштар
№ | Баалоо иштеринин сунушталган түрлөрү | Упай салмагынын болжолдуу бөлүштүрүлүшү |
1 | Оозеки жооптор | 30% |
2 | Текшерүү иштери | 20% |
3 | Лабораториялык жана практикалык иштер | 20% |
4 | Өз алдынча жана изилдөөчүлүк иштер | 15% |
5 | Тесттик тапшырмалар | 15% |
Биология сабагында окутуунун натыйжаларын баалоо окутуунун максаттары (күтүлгөн натыйжалары), методдору жана формалары менен тыгыз байланышта ишке ашырылат. Баалоонун максаты – окутуунун иш жүзүндөгү натыйжаларын күтүлүүчү натыйжаларга туура келерин аныктоо. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим тандап алган билим берүүнүн ыкмаларына жана формаларына ылайык ар кандай баалоо ыкмаларын колдонот.
Негизги нормативдик документтер.
Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты. – Бишкек, 22.07.2022. 20 б.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 22.07.22-жылдагы Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндөгү №393-токтому.
Кыргыз Республикасында “Кыргызстан — жашыл экономика өлкөсү” аталышындагы Жашыл экономика концепциясы. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы №2532-VI токтому менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө — КР Президентинин №77 Жарлыгы, 19-март, 2021-жыл.
“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу жөнүндө 2019-жылдын 15-февралынын №20 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын Биология 6-11-класстары боюнча предметтик стандарты. – Бишкек, 2022. — 43 б. (https://kao.kg);
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын Биология 6-9-класстары боюнча окуу программасы. – Бишкек, 2022. — 52 б. (https://kao.kg);
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 10-11-класстар үчүн Биология боюнча окуу программасы (https://kao.kg).
Талкуулоого сунуш кылынган маселелер.
Жаңы иштелип чыккан “Биологиянын” предметтик стандартын талкуулоо.
Биология 7-9-класстарынын жаңы окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, окуучулардын жумушчу дептеринин түзүлүшү, мазмуну жана аларды колдонуу жолдорун талкуулоо.
Биология предметинин алкагында таалим-тарбия берүүдөгү кыйынчылыктар, алардын пайда болуу себептери жана четтетүү жолдору.
PISA–2025 эл аралык изилдөөгө даярдыктардын жүрүшү жана STEM билим берүү боюнча жолдорун аныктоо.
Биология мугалимдеринин туруктуу өнүгүүнүн негиздери аркылуу климаттык өзгөрүүнү алдын алууга жана функционалдык сабаттуулукка, жашыл көндүмдөргө карай билим берүү компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү.
Биология предметин окутуу ишинде жаңы маалыматтык технологияларды, окутуунун интерактивдүү формаларын жана методдорун колдонуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышуу.
Комментарийлер