Бешке көбөйтүү жана бешке бөлүүгө карата мисал, маселе иштөө

  • 15.04.2025
  • 0
Бешке көбөйтүү жана бешке бөлүүгө карата мисал, маселе иштөө

Борончиева Динара, Тогуз-Торо районунун № 13 Маруса Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Математика, 3-класс

 Сабактын  максаты:

а) Билим  берүүчүлүк:

Окуучулар 5ке  көбөйтүү  жана  5ке  бөлүүнүн  жадыбалдары  деген  темага карата  берилген  мисал  маселелерди чыгара алышат.

б) Өнүктүрүүчүлүк:

Жадыбалды пайдаланып,  терең ой жүгүртүү аркылуу тапшырмаларды аткарышат.

в) Тарбия  берүүчүлүк:

Окуучулар топтордо  активдүү  иштөөгө  бири -бирине  көмөктөшө  билүүгө,  тактыкка    тарбияланышат.

Сабактын  тиби: Интеллектуалдык марафон сабагы

Сабактын формасы: жекече жана топтордо иштөө

Сабактын  ыкмасы:  түшүндүрүү, айтып  берүү, көрсөтүү

Сабактын  жабдылышы: 5ке  көбөйтүүнүн  5ке  бөлүүнүн таблицасы, баалоо баракчалары, ноутбук, телевизор,

Колдонулган сайттар: Edukaplay, Wordwall,Tarsia, Learning apps  платформасы

Сабактын  жүрүшү. Жагымдуу маанай түзүү:

Окуучулар жагымдуу  маанай  түзөт. Додекаэдрда берилген көрүнүштү тууроо  жана тапшырмаларды аткаруу аркылуу маанайларын көтөрүшөт.

Топторго бөлүү:

1. “Акылдуулар” тобу

2. “Ойчулдар” тобу

Ар бир топ команданын атын коргошот.

1-топ

Баары, баары эсеп менен жаралат,

Эсеби жок иши жүрбөйт такалат.

Ошондуктан математика илими,

Илимдердин падышасы аталат.

2-топ

Математик балдарбыз,

Эсептөөдөн талбайбыз.

Ыкчам-ыкчам чыгарып,

Кайра эсеп баштайбыз.

Окуучуларды баалоо. Доскага “Билим кубаты” плакаты илинет. Окуучуларга “Өзүн-өзү баалоо” баракчасы таратылат..

Топтук баалоого “Сыр сандык” коюлат жана эң көп ачкыч топтогон топ сандыктагы баалуу буюмга ээ болору түшүндүрүлөт.

Үй  тапшырмасын  жана өтүлгөн теманы текшерүү.

“Edukaplay” платформасы боюнча тест түзүлүп, өтүлгөн теманы кайталап, үй тапшырма суралат.

https://www.educaplay.com/learning-resources/18232063-25.html

Сабактын  темасы, максаты менен тааныштырат.

5ке  көбөйтүүнүн  жана  5ке  бөлүүнүн жадыбалдарын  түшүндүрүп, жатка  ирети  менен  айтып  берүүгө  машыктырат.

https://learningapps.org/display?v=pneqp59o325

Топтук иш:

1-тапшырма “Tarsia”  платформасы менен пирамида түзүү үчүн мисалдардын жообун табышат жана бириктирип пирамида түзүшөт.

2-тапшырма

 1-топ: Ноутбук менен Learning apps сайтында түзүлгөн тапшырманы аткарышат.

 2-топ: Ноутбук менен Wordwall сайтында иштөө.

Эс алуу мүнөтү: Кыймылдуу “Кубик” оюну  ойнотулат.

Сабакты бышыктоо: “Bilim ulut” сайтында  таблицаны аткарышат.

Баалоо: Мугалим окуучулардын билимин баалайт. “Баалоо баракчасы“ өзүн-өзү баалоо.

Топтук баалоо жүргүзүү:  “Сыр сандык”. Алтын ачкыч топтоодо “Ойчулдар” 12 ачкыч, “Акылдуулар” тобу 15 ачкыч менен жеңишке жетишти.  

Бөлүшүү

Комментарийлер