БАЙЛАНЫШТУУ КЕП. ТЕКСТ
- 17.02.2024
- 0

Кыргыз тили, 9-класс
Сабактын максаты
Билим берүү: Окуучулар текст жөнүндө маалыматты түшүнө билишет. Тексттин темасы менен маанисин, грамматикасын дал келтирет. Текст жазат.
Өнүктүрүү: Чыгармачыл ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу, эске сактоосу, сынчыл ойлоосу калыптанат.
Тарбия берүү: Ынтымактуулукка, бирин-бирин сыйлоого, уга билүүгө, кыргыз тилин сыйлоого, таза, сулуу жазууга тарбияланат.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүк:
Тилдик компетенттүүлүк:
- тексттин эң кичине бирдиги сүйлөм экенин билет;
- тексттеги сүйлөмдөрдүн чегин аныктай алат;
- текст түзө билишет;
Кептик компетенттүүлүк:
- табышмак, макал-лакап, учкул сөздөр жана ырдын да текст болорун түшүнүшөт;
- теориялык билимдерин текст менен иштөөдө пайдаланышат;
- туура сүйлөп, сабаттуу жаза алышат;
Маданий компетенттүүлүк:
- алган билимин турмушта колдоно алат (маданияттуу сүйлөшө билүү);
- логикалык ой жүгүртө алышат;
- тил аркылуу өз оюн кенен, түшүнүктүү айтып берүүнү үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын формасы: топто иштөө.
Колдонулуучу ыкмалар: интерактивдүү, суроо-жооп, көрсөтмөлүү.
Керектелүүчү каражаттар: иш-план, окуу китеби, ноутбук, таркатмалар, баалоо кагаздары, маркер ж.б.
Баалоонун критерийлери: топтордо жана өз алдынча баалоо.
Кыргыз тил сабагынын башка предметтер менен байланышы: кыргыз адабияты, тарых, психология, маданият таануу менен тыгыз байланышта.
Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы, балдар!
Журналдан окуучуларды жоктоо: Балдар, бүгүнкү сабакка кимдер келген жок? Анда азыр мен силерге тик-ток таркатмаларын берейин дагы, бүгүнкү сабакка катышканыңар үчүн силерге бирден лайк. Калган лайктарды сабакта жооп бергениңерге карап таратам.
Уюштуруу: Бүгүнкү ачык сабагыбызда эки топко бөлүнөбүз (балдар карточкаларды тандап, артындагы жашыруун сөздөр менен топко бөлүнөт).
Жагымдуу маанай тартуулоо: Окуучулар жанындагы шеригинин үч жаккан мыкты сапатын, бир жакпаган сапатын жазып, бири-бири менен алмашат. Баары өздөрүнө жазылгын сапаттарды окуп, жаман сапаттарын жыртып, таштанды чакага салат
Алтын эреже: М – мекенчил
А – акыйкатчы
Н – намыскөй
А – акылман
С – сабырдуу
Ураан: “Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн”. «Жети өлчөп, бир кес», «Суу атасы – булак, сөз атасы – кулак», «Жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат», «Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм», «Кыймылдаган кыр ашат».
Үй тапшырмасын бышыктоо: Суроо-жооп аркылуу. «Колесо фортунага» окуучулардын аттары жазылат, аны айлантып, кимдин атына туш келсе, ошол окуучу алма дарагынан суроо алып жооп берсе, алманы да кошо үзүп алат. Жооп бере албаса, достору жардамга келет.
Жаңы тема: Акылдуу доскадан темага байланыштуу слайд көрсөтүлүп, балдарга тема боюнча түшүнүк берилет.
Байланыштуу кеп – бир адам тарабынан ойлордун, билимдердин узак, ырааттуу, байланыштуу баяндалыш системасы жана ошол ишкердүүлүктүн натыйжасы – айрым бөлүктөрү маанилик, тилдик жана түзүлүшү жагынан өз ара байланышкан кеп, текст.
Байланыштуу кеп – сөз өстүрүүнүн өзүнчө бир тармагы. Анда текст жөнүндөгү маселелер каралат.
Текст – адабий чыгарманын, илимий эмгектин, кандайдыр бир документтин, докладдын жана башкалардын жазуусу, анын айрым үзүндүсү же бир нече сүйлөмдөрдүн байланыштуу айтылышы. Текст – маанилик, тематикалык, грамматикалык, стилистикалык жана структуралык жактан тыгыз байланышкан бир нече сүйлөмдөрдүн жыйынтыгы.
Тексттин негизги белгилери:
- Тексттеги сүйлөмдөрдүн туруктуу мүчөлөнүшү;
- Маанилик жактан бир бүтүндү түзүүсү;
- Сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштуулугу;
Текст маанилик бүтүндүк катары композициялык-структуралык жактан үчкө бөлүнөт:
- Тексттеги ойдун башталышы;
- Тексттеги ойдун өнүгүшү;
- Тексттеги ойдун аякталышы;
Тексттин маанилик бүтүндүгүнүн негизги белгилери:
а) текст – белгилүү бир темада сүйлөшүү;
б) текстте сүйлөөчү адамдын негизги оюнун ишке ашырылышы;
в) ар кандай көлөмдөгү тексттин бүткөн ойду билдириши;
г) негизги ойду билдирүүчү ат тандап алуу;
д) тексттин туура башталып, туура бүтүшү.
Тексттин мүнөздүү белгилери:
а) экиден кем эмес сүйлөмдөн уюшулат;
б) андагы сүйлөмдөр стилдин бир түрүнө мүнөздүү;
в) тексттин тутумундагы сүйлөмдөр өзүлөрүнүн берген маанилери боюнча тыгыз байланышта болуп, биринин маанисин экинчиси толуктоо аркылуу мазмундук-тематикалык жактан бир теманын айланасында топтоштурулат.
г) грамматикалык түзүлүшү боюнча өз ара тыгыз байланышта болот.
Тексттин темасы жана анын бөлүнүшү: Ар бир текст өзүнүн мазмунуна жараша белгилүү теманы түзөт. Тема – тексттин мазмунуна коюлган ат, тексттин эң маанилүү өзөгү, тексттин жалпыланган мазмуну. Тексттин темасы подтемага, бөлүмгө жана майда темага бөлүнөт.
Абзац – бир ойдун бүтүшү менен экинчи ойдун башталышы же ойдун андан ары тереңдешин билдирген каражат.
Орундуу жана орунсуз кайталоо: Баяндалып жаткан ойду тактоо, бышыктоо, бекемдөө жана образдуулугун, көркөмдүүлүгүн, элестүүлүгүн арттыруу максатында колдонулган кайталоо орундуу кайталоо деп аталат.
М: Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат.
Орунсуз кайталоо – сөз байлыгынын жардылыгынан, ой-жүгүртө албагандыктан пайда болгон кайталоо.
Көнүгүү жана машыктыруу: Мына, балдар, силер текст кандай түзүлөөрүн, эмнелерге көңүл бурушубуз керектигин билдиңер ээ? Азыр силер менен чуркоо жат жазуусун ойнойбуз (эки топко текст берилет, топ башчылары текстти окуп, өзүнүн тобуна жаздырат. Кайсы топ биринчи жазып бүтсө, каталары текшерилип, ошол топко упай берилет).
Эки топко тең 2 көнүгүү берилет, окуп чыгып текстке анализ берет.
1-көнүгүү. Наркы өйүздө казактын боз адыр белесинде от жагылган тандырдын оозундай алоолонгон, билинер-билинбес мелт-калт ылдый чөккөн, жерге күүгүм чакырган, асмандагы борпоң булутчаларды кызыл-сур түскө боёгон, талыкпай албырган Жамийла алаканын көзүнө калкалай, ошол жактан кандайдыр бир сонун көрк ачылып келе жаткандай муңайым, күлүмсүрөп карап турду. (Ч.А.) (Бул сүйлөм — бүткөн ойду билдирген сүйлөм, бирок текст эмес)
2-көнүгүү. Данияр унчукпай келе берди. Мен обонду дагы улантса экен деп чыдамсыздык менен күттүм. Данияр мурдагыдай эле обонун акырын баштады. Бирок бара-бара үнү күч алды. Капчыгай ичи жаңырды. Алыскы аскалар анын обонун эки-үч кайтара улантып жатты. (Ч.А.) (Бул – текст, себеби сүйлөмдөр туруктуу мүчөлөнүп, маанилик жактан бир бүтүндү түздү. Ар бир сүйлөм өз ара байланыштуу айтылды жана өз алдынча турган бир нече сүйлөмдөрдүн түзүлдү)
— Мына, балдар, силер менен текст тууралуу көп нерсени билип алдык. Азыр силерге мен эки сүрөт берем, ошол сүрөткө карап тема коюп, текст түзөсүңөр. Текст түзүүдө ар бир окуучу бирден сүйлөм маанисине карап улап жазып кетесиңер. Бири-бирибизге жардам беребиз. Кайсы топтун текстти темасы, мааниси, грамматикасы жагынан туура түзүлгөн болсо, ошол топко упай берет.
Окуучуларга логикалык суроолор берилет, туура жоопторго упайлар таркатылат.
Үйгө тапшырма тест берилет.
Бактыкан Салтанова, №27 Топ-Терек негизги мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер