Балага бөлүнгөн убакыт — анын бактылуу келечегинин кепилдиги
- 12.06.2026
- 0

Максаты: Баланы «урушуу» же «жамандоо» эмес, анын ийгиликке жетишине тоскоол болгон көйгөйлөрдү биргелешип чечүү. Үй-бүлөдө баланын пикирин, сезимдерин урматтоону жана туура колдоо көрсөтүүнү үйрөнүү.
Колдонулган каражаттар: компьютер, проектор, презентация (Ата энелер чогулушу), А4 форматында даярдалган сүрөттөр, кайчы, клей, БУК методун колдонуп тартылган окуучулардын эмгектери.
Уюштуруу (3–5 мүнөт). Ата-энелерди тосуп алуу жагымдуу маанай түзүү.
Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер. Биздин мектепке кош келдиңиздер. Баарыңыздарды бүгүнкү чогулушубузда көрүп жатканыма абдан кубанычтамын. Убактыңыздарды бөлүп, балдарыңыздын мектептеги жашоосуна, келечегине кайдыгер карабай келгениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Биздин ар бир жолугушуубуз — бул балдарыбыздын ийгилигине карай бирге таштаган кадамыбыз.
Бүгүнкү чогулушубуздун негизги максаты — жөн гана сабактардан алган бааларын, тартибин талкуулоо же кемчиликтерди издөө эмес. Башкы максатыбыз — балдарыбыздын билим алуусуна, инсан катары калыптанышына биргелешип кандай жардам бере алабыз, мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы көпүрөнү кантип бекемдейбиз деген маселени ортого салуу. Сиздердин колдооңуздарсыз жана катышууңуздарсыз биз каалаган бийик натыйжаларга жетишүү мүмкүн эмес. Балага билим жана тарбия берүү — бул биздин биргелешкен чоң эмгегибиз.
Бүгүн биз чейректик баалардын жыйынтыктарын карап, балдардын жетишкендиктерин белгилейбиз, ошондой эле алдыдагы пландарыбыз, уюштуруу иштерибиз жана балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу маанилүү маселелерди талкуулайбыз.
Чогулушубуз ачык маектешүү, өз ара ишеним жана конструктивдүү сунуштар менен өтөт деп ишенем. Сиздердин пикириңиздер, суроолоруңуздар жана сунуштарыңыздар биз үчүн абдан маанилүү.
Топтордо иштөө (7–10 мүнөт)
Максаты: Ата-энелердин ортосунда жагымдуу жагдай түзүү, топтошуп иштөө аркылуу кызматташтыкты жана бир туугандык маанайды бекемдөө.
Керектүү материалдар: бөлүктөргө кесилген сүрөттүү баракчалар (пазл сыяктуу), А4 форматындагы ак барактар, кайчы, клей.
Иштин жүрүшү: 1) Топторго бөлүү: Ата-энелерди 3-4 топко бөлүү (парталардын жайгашуусуна же атайын түстүү карточкалар аркылуу). 2) Шартты түшүндүрүү: Мугалим ар бир топко кесилген сүрөттөрдү таратат. Ата-энелерге өздөрүнүн оң колдору менен гана, биргелешип иштөө сунушталат (бул тапшырманы кызыктуураак жана бири-бирине жардам берүүгө мажбурлай турган шарт түзүү).
Аткаруу: Топтор кесилген сүрөттөрдү кайчы менен кесип алып, курап, негизги баракка клей менен чапташат.
Жыйынтык чыгаруу: Мугалим ата энелерге суроо берет: Топтордо сүрөт менен иштөөдө кандай кыйынчылыктар болду? Ата энелерден бир нече жооптор: Биргелешип иштөө, ынтымакташып иштөө менен ар топ ийгиликке жетишти. Бирок биз эки кол менен иштесек мындан да жогору жетишкендикке жетет эле,- дешти.
Мугалим: Көрдүңүздөрбү, бир гана кол менен бул жумушту жасоо кыйын болду, ал эми баарыбыз биргелешип, оң жана сол колдорубуз менен жумуш тез жана ийгиликтүү болду. Бала тарбиялоо да дал ушундай — мектеп менен ата-эне биргелешкенде гана жыйынтык болот. Мектеп – окуучу — ата эне. Окуучу оң жана сол колу менен иштеп, алдыга жылып, көптөгөн ийгиликтерди багындырат. Балага ар тараптан үйдөн, мектептен колдоо көрсөтөлү.
Аналитикалык бөлүм: баланын мүнөзү жана позитивдүү колдоо (10 мүнөт)
Максаты: Ата-энелерге балдардын өспүрүм курактагы мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү, сындоо эмес, позитивдүү колдоо көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүү.
Баланын мүнөзүн талдоо (Аналитика – 4 мүнөт):Мугалим өспүрүм курактагы (же ушул класстагы) балдардын мүнөзүндөгү негизги өзгөрүүлөрдү кыскача талдап берет. Ата-энелерге балдардын жүрүм-турумундагы эки тарапты түшүнүү сунушталат:
Сырткы көрүнүшү (көйгөйлөр): Өжөрлүк, тез ачуулануу, мугалимдердин же ата-энелердин сөзүн укпоо, түнт(көп сүйлөбөө).
Ички себеби (психология): Өзүн көрсөтүү каалоосу, чоңдордой болууга умтулуу, курбу-курдаштарынын пикирине көбүрөөк маани берүү, ички кооптонуулар жана стресс.
Класстык саат учурунда БУКА(сүрөттөр сүйлөйт) методун колдонуп “үй-дарак-адам” темасындагы окуучулардын сүрөттөрүн талдап, баланын атасына, энесине жакын экендигин жана үйдөгү атмосфераны кандай кабыл алып жаткандыгы тууралуу анализдин жыйынтыгын чыгарып берүү. Ата энелер балдарынын тарткан эмгектерин көрүп тарбилооого болгон көз караштарын өзгөртүп, балага болгон сүйүүсүн бекемдешет.
«Негативден Позитивге» – Салыштыруу таблицасы (3 мүнөт):
Мугалим доскага же экранга күнүмдүк турмушта ата-энелер көп кетирген каталар менен алардын ордуна колдонула турган позитивдүү ыкмаларды көрсөтөт:
| Негативдүү мамиле (Каталар) | Позитивдүү колдоо (Туура жол) |
| Сындоо жана салыштыруу: «Тигинин баласын карачы, сен эмнеге андай эмессиң?» | Өзүн гана салыштыруу: «Сен кечээкиге караганда бүгүн абдан жакшы натыйжа көрсөттүң, сени менен сыймыктанам!» |
| Буйрук берүү жана коркутуу: «Азыр окубасаң, телефонду биротоло алам!» | Тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү: «Сен алгач үй тапшырмасын бүтүрүп, андан кийин телефонуңду убактысы менен колдонсоң туура болот го.» |
| Катасын гана көрүү: «Эмнеге математикадан дагы 3 алдың?!» | Аракетти баалоо: «Бул ирет ката кетиптир, бирок сенин аракет кылганыңды көрдүм. Кийинкиде биргелешип оңдойбуз.» |
Позитивдүү колдоонун 3 негизги эрежеси (Корутунду – 3 мүнөт):
Мугалим ата-энелерге үйгө барганда Позитивдүү колдоонун 3 негизги эрежеси сунуштайт:
1)«Уга билүү»: Баланы бөлбөй, анын сезимдерин жана көйгөйлөрүн аягына чейин угуу.
2)«Ишеним көрсөтүү»: Баланын колунан иш келерине ишенүү жана ага жоопкерчилик берүү.
3)«Эрежелерди бирге түзүү»: Үйдөгү чектөөлөрдү же талаптарды балага күчкө салып таңуулабай, аны менен тең укуктуу кеңешип, бирге келишимге келүү.
Мугалим: Урматтуу ата-энелер, баланын мүнөзү — бул күзгү. Биз ага канчалык позитивдүү маанай, ишеним жана колдоо көрсөтсөк, бала да бизге ошондой ачык, ишенимдүү жана жайдары мүнөзү менен жооп берет.
Жыйынтыктоо жана рефлексия (5–7 мүнөт)
Чогулуштун чечими: Ата-энелер менен биргеликте баланын оюна кулак төшөө, үйдө позитивдүү чөйрө түзүү жана күнүмдүк турмушта балага сапаттуу убакыт бөлүү.
Кайтарым байланыш: Ата-энелердин бүгүнкү чогулуштан алган таасирлери, сунуштарын угуу.
Мугалим: Балага убакыт бөлүп, анын келечегине кайдыгер карабай келгендиги үчүн бардык ата-энелерге ыраазычылык билдиремин! Тарбия үйдөн башталат!
Ашыралиева Саадат, Бишкек шаарындагы № 117 Ч.Айтматов атындагы
жалпы билим берүү мектебинин
математика мугалими
Комментарийлер