Б.Житков. «Өрт» аңгемеси, 3-класс

  • 17.07.2026
  • 0
Б.Житков. «Өрт» аңгемеси, 3-класс

 Акылай Асанбаева,

Усеин Адиков атындагы ЖББОМнин башталгыч классынын мугалими,

Ысык-Ата району, Буденовка айылы.

Адабий окуу, 3-класс

Сабактын темасы: Б. Житковдун “Өрт” аңгемеси

Негизги компетенттүүлүктөр:

  1. Маалыматтык
  2. Социалдык-коммуникативдик:
  3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү.

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: топто иштөө

Колдонулуучу ыкмалар: Түшүндүрүү, айтып берүү, аңгемелешүү, талкуулоо, суроо-жооп ж.б.

Керектелүүчү каражаттар: Темага байланыштуу таркатмалар, карточкалар, сүрөттөр, видео презентация ж.б.

Предмет аралык байланыш: мен жана дүйнө, кыргыз тили

Сабактын максаты:

Окурмандык компетенттүүлүк ПК1

Текстти окуп, угуп өз оюн айта билишет. Китеп менен иштөөдө билгичтикти жана көндүмдөрдү колдонушат. Окуп билгенин турмуш менен салыштырышат.

Баалуулук-дүйнө таанымдык компетенттүүлүк ПК2

Кеп маданиятын сактоого, бири-биринин оюн сыйлоого көнүгүшөт. Сөз байлыгын өркүндөтүшөт.

Чыгармачылык компетенттүүлүк ПК3

Чыгармачылык иштерди аткарышат. Суроолорго топтордо жооп беришет. Тексттен алган маалыматын кайра иштеп чыгышат жана ал тууралуу сүйлөп беришет.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, альбом, карандаш, батман, проектор жана компьютер.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү, чыгармачылык менен иштөө, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн жалпылоо.

Сабактын формасы: Жомок, жалпы класс менен иштөө, топто иштөө.

Сабактын методу: Класстер түзүү, синквейн, мээге чабуул, сүрөт тартуу ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу иши:

Саламдашуу.

Сабакка даярдоо.

Алтын эрежени окуучулар менен бирдикте түзүү.Б.Житков. "Өрт" аңгемеси, 3-классБалдар, келгиле биргеликте сабактын алтын эрежесин түзөлү. Сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар? Бул сүрөттөр силерге кандай     маалымат берет?  (Балдар сүрөттү карап өз ойлорун айтышат. Мугалим аларга багыт көрсөтүп, алтын эрежени экрандагы сүрөт менен жыйынтыктайт)

Жагымдуу маанай түзүү:

Электрондук тактага үч түстөгү тегерекчелер чыгат. Окуучулар өздөрү жактырган түстү тандап алышат. Мугалим окуучунун тандаган түсүнө жараша бейджиктерди моюндарына тагып берет. Ошол түстөргө жараша топторго бөлүнүшөт.

Мына балдар, биз топторго бөлүнүп алдык. Эми силер тандаган түстөр силер жөнүндө эмне айтарын билгиңер келеби? Эмесе угуп тургула.Б.Житков. "Өрт" аңгемеси, 3-классКарагылачы, ар бир топко мына ушундай мыкты окуучулар чогулду. Эмесе сабакты баштайбыз.

Үй тапшырмасын текшерүү:    

Тапшырма суроо-жооп аркылуу текшерилет. Окуучулар сүйлөп, айтып берүү менен кебин өстүрүшөт.

Жаңы тема:

Мээге чабуул: Мугалим сүрөттөрдү таратып берет. Окуучулар боёшот.

-Кана, балдар, силер эмненин сүрөтүн көрүп турасыңар?

-Өрт эмнеден келип чыгат?

-Өрт табигый кырсыктарга киреби?

-Өрт өчүрүүчүлөрдү кантип чакырабыз?

Окуучулар өз ойлору менен бөлүшөт.

Ар бир ой баалуу.

Демек, балдар, биз бүгүн Б.Житковдун “Өрт” аттуу чыгармасы менен таанышабыз. Алгач бизге тааныш эмес, жаңы сөздөр менен иштейли.Б.Житков. "Өрт" аңгемеси, 3-классСөздүк менен таанышкан соң мугалим чыгарманы окуп берет. Экрандан тиешелүү сүрөттөр чыгып турат.

Сабакты бышыктоо:

Атайын алдын ала “superkid” программасы менен даярдалган суроолорго ар бир топ жооп берет.

Мисалы:

  • Өрт эмне себептен чыкты?
  • Петянын ушул кылганы туурабы? Эмне үчүн?
  • “Оюндан от чыгат” дегендин маанисин кандай түшүнөсүң?
  • Өрттү болтурбоо үчүн кантип алдын алсак болот?
  • Эми окуя кандай уланат деп ойлойсуң?
  • Автор бул чыгарма менен кандай ойду айткысы келип жатат?
  • Чыгарманын автору ким экен?

https://superkid.online/task/b874722f-b0a5-4538-a25e-86d3a57da763/watch

Андан сырткары алдын ала даярдалган тексттен үзүндүлөр таркатылат. Ал таркатмада ортосунда калтырылган сөздөрдү табуу керек.Б.Житков. "Өрт" аңгемеси, 3-классОкуучулар топто иштөө менен берилген суроолорго толуктоо киргизип, чыгарманын маңызын терең түшүнүп, сынчыл ой пикирлерин эркин айта алышат.

Тыныгуу минутасы:

Кыймылдуу оюн. Мугалим экранга видеосун коюп берет. Балдар ойношот. Бул оюн мээдеги оң жана сол  жарым шарлардын бирдей иштешине көмөк көрсөтөт.Б.Житков. "Өрт" аңгемеси, 3-классСабакты жыйынтыктоо:

Бул чыгарманын мазмунун түшүнүү менен адамдардагы оң жана терс сапаттарды атап бере аласыңарбы?

(Жупта иштөө менен адамдардын оң жана терс сапаттарын айырмалап көрсөтүшөт.)

Үйгө тапшырма:   

Эгер силер автор болсоңор “Өрт” чыгармасынын аягын кантип бүтүрөт элеңер?

(Окуучулар өз чыгармачылыгына жараша көркөмдөп, кооздоп айтып беришет.)

Баалоо:        

Диагностикалык баалоо. Окуучулардын чыгармачылык менен иштөөсүнө, сынчыл ой жүгүртүүсүнө, суроолорго жооп берүүсүнө карата бааланат.      Топто иштөөдө окуучулар бири-бирин баалашат.Б.Житков. "Өрт" аңгемеси, 3-класс

Бөлүшүү

Комментарийлер