Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагы.
- 09.03.2026
- 0

Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагы.
Сабактын темасы: Жер энеге жардам беребиз.
Сабактын максаты: а) Балдарга жаратылышты коргоо, кам көрүүнүн жолдору жөнүндө түшүнүк берүү. б) Ой жүгүртүү, көңүл буруу жөндөмдүүлүктөрүн жана майда моторикаларын өнүктүрүү. в) Жаратылышка аяр мамиле жасоого, гүлдөрдү бактарды эгүүгө жана коргоого тарбиялоо.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Тарбиячы:- Саламатсыңарбы, балдар!
Маанайыңар жакшыбы?
Менин да маанайым эң сонун.
Кана балдар, терезе аркылуу сыртка көз чаптыралычы! Бүгүн аба-ырайы кандай болуп турат?
Анда эмесе балдар, сабагыбызды баштаардан алдын, силердин сабакты жакшы түшүнүшүңөр үчүн, оюбузду бир жерге топтоп алышыбыз үчүн ар дайым жасап жүргөн нейрокөнүгүү жасап алалы.
(кол чабуу 1, 2, 3. ж.б.)
-Азаматтар,анда эмесе ушундай көңулдүү маанайда АЧМТ сабагын баштайбыз!
(Тарбиячы балдарга жердин сүрөтүн көрсөтөт).
Тарбиячы: Балдар карагылачы, бул эмне?
Балдардын жообу: Жер!
-Жер бетинде эмнелер бар? Айланабыздан эмнелерди көрө алабыз?
(Доскадагы жаныбарлардын, гүлдөрдүн, токойлордун, күндүн, айдын, айыл-шаарлардын, булуттун ж.б. сүрөттөрүн алып келип жерге коюшат).
-Азаматсыңар, туура таптыңар.
(Сырттан бирөө кат алып кирет).

Жаңы тема.
— Балдар карагылачы, бизге Жер энебиз кат жөнөтүптүр: “Менин тоолорумда, көчөлөрүмдө таштанды көбөйдү, сууларым булганды, токойлорум кыйылды, аба булганып жатат. Мага жардам бергилечи!” дейт.
-Абалын көрдүңөрбү, балдар? Жерди эмнелер капа кылат экен?
(Сүрөткө карап жооп беришет).
-Кана балдар, жардам беребизби?
-Бир жагы биздин бүгүнкү өтө турган темабыз “Жер энени коргойбуз”деп аталат.
Биз жердин сакчылары болобуз ээ, балдар?
(Колдоруна кол кап кийгизип,төштөрүнө белги тагуу).
— Анда эмесе биринчи таштандыны сорттоп, чогултуудан баштайлы! Мына бул үч таштанды чакаларды көрдүңөрбү?
Көк чакага таштанды кагаздарды, сары чакага пластик бөтөлкө, салфеткаларды, күрөң чакага тамак-аш калдыктарын салабыз.
(Балдар чакаларга таштандыларды бөлүп салышат).
-Азаматсыңар! Эми бир аз эс алалы!
Физминутка: “Биз бак тигебиз”.
Биз жерди казабыз, (эңкейишет)
Көчөттөрдү тигебиз. (түзөлүшөт)
Сууну серпип куябыз, (суу куйган кыймыл)
Бак чоңойсо биз кубанабыз. (колдорун өйдө көтөрүп, кол чабышат).
-Балдар, эми жаратылышты батыраак калыбына келтирүү үчүн топко бөлүнүп иштейли! (Балдар тарбиячы берген кутудагы белгилерди алып, ошого карап бөлүнүшөт).
1-топ пластик идиштерге гүл отургузушат.
2-топ пластик капкактардан күн же гүл кураштыруу.
3-топ кумдун ичинен жаратылыш үчүн пайдалуу жана зыяндуу заттарды таап, бөлүп салышат.
Жыйынтыктоо: “Жердин жылмайганы”.
Тарбиячы: — Балдар, силер бүгүн чыныгы баатыр болдуңар! Таштандыны бөлүүнү, сууну унөмдөөнү, жаратылыш калдыктарын кайра иштетүүнү үйрөндүңөр. Көрдүңөрбү, Жер эне силерге ыраазы болуп жылмайып жатат. Жаратылыш дагы көркүнө чыгып калды.
Баалоо: кагаздан жасалган медалдар аркылуу бааланат.
АТАКАНОВА Нуржамал, Аксы районундагы “Алтынгүл” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы
Комментарийлер