«Ата-эне, мектеп бириксек – балдарда болот келечек»
- 11.07.2026
- 0

Элдин эртеңи – бүгүнкү баланын тарбиясы менен билиминен көз каранды. Коом канчалык өзгөрбөсүн, заман канчалык өнүкпөсүн, баланын инсан болуп калыптанышында эң негизги эки күч бар. Алар – үй-бүлө жана мектеп. Ушул эки тарбия очогу бир максатты көздөп, бир багытта иш алып барганда гана билимдүү, ыймандуу, мекенчил жана эмгекчил муун өсүп чыгат. Ошондуктан «Ата-эне, мектеп бириксек – балдарда болот келечек» деген ой бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ.
Кыргыз элинде: «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген накыл сөз бар. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгүп, балдардын көңүлүн алаксыткан факторлор көбөйдү. Мындай шартта бала тарбиялоо мурдагыдан да чоң жоопкерчиликти талап кылат. Айрым ата-энелер баласын мектепке тапшыруу менен тарбия берүү милдети толугу менен мугалимдерге өтөт деп ойлошот. Бирок турмуштук тажрыйба жана көрүнүктүү педагогдордун эмгектери көрсөткөндөй, ата-эне менен мектеп бир максатта кызматташканда гана бала толук кандуу инсан болуп калыптанат.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, белгилүү педагог Гапыр Мадаминовдун педагогикалык ишмердүүлүгү жана анын «Энелер мектеби» долбоору өзгөчө мааниге ээ. Ал ата-энелерге эң оболу балага убакыт бөлүүнү сунуштайт. Анын пикиринде, бала үчүн кымбат оюнчук же кооз кийимден да ата-энесинин көңүлү, жылуу сөзү жана жеке үлгүсү баалуу. Күн сайын баланын сабагына кызыгып, китеп окуусуна көңүл буруп, күнү кандай өткөнүн сурап туруу — чоң тарбиянын башаты. Анткени бала өзүнө ишеним көрсөтүлүп, көңүл бурулганын сезгенде гана жоопкерчиликти, эмгекти жана өзүн-өзү өнүктүрүүнү үйрөнөт.
Үй-бүлө – тарбиянын башаты, мектеп – билимдин чырагы
Баланын эң биринчи мугалими – ата-энеси, ал эми эң алгачкы мектеби – үй-бүлө. Мектеп канчалык заманбап болбосун, мугалимдер канчалык кесипкөй болбосун, эгерде үй-бүлөдө билимге, китепке жана окууга болгон кызыгуу колдоого алынбаса, мектептин берген билими толук натыйжа бербейт.
Мектеп менен үй-бүлө бир кайыктагы эки калак сыяктуу. Кайык түз багытта, ишенимдүү сүзүшү үчүн эки калак тең бирдей күч жана бир ыргак менен иштеши керек. Ошол сыяктуу эле мектеп билим берип, үй-бүлө ошол билимди бекемдеп, колдоп турганда гана бала толук кандуу өнүгөт. Болбосо ал эки анжы абалда калат.
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Гапыр Мадаминов бул тууралуу мындай дейт: «Кургак жерге үрөн сепсең өнбөйт. Адегенде жерди жумшартып, сугарып, даярдаш керек. Бала да дал ошондой. Мектепке чейинки жана мектептен кийинки үй-бүлөдөгү чөйрө – бул топурак. Эгер эне билимдүү, мээримдүү болуп, балага жагымдуу шарт түзүп берсе, мугалим сепкен үрөн бат эле бүчүр байлайт». Бул ой үй-бүлөнүн бала тарбиясындагы ордун терең ачып көрсөтөт.
Мугалимдин эмгеги да өзгөчө урматтоого татыктуу. Ал окуучуга билим гана бербестен, анын келечегине жол ачкан инсан. Педагогиканын залкар өкүлү Василий Сухомлинский «Мугалимге жүз насаат» эмгегинде мугалимдин эң негизги куралы билим эмес, жүрөк экенин баса белгилейт. Анын «Балдарды сүйбөгөн адам мугалим боло албайт» деген сөзү бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготкон жок.
Сухомлинскийдин пикиринде, ар бир окуучунун артында өзүнчө тагдыр, өзүнчө үй-бүлө жана өзүнчө дүйнө турат. Ошондуктан мугалим окуучуну жөн гана билим алуучу эмес, инсан катары таанып, анын кубанычын да, түйшүгүн да түшүнө билиши керек. Ал: «Баланын жүрөгүнө ачкыч күч менен эмес, ишеним жана мээрим аркылуу табылат», – деп белгилеген.
Окуучу мугалимге ишенгенде гана суроо берүүдөн, жаңылышуудан жана кайра үйрөнүүдөн коркпойт. Сухомлинскийдин дагы бир маанилүү насааты – баланы башкалар менен эмес, кечээги өзү менен салыштыруу. Ар бир окуучунун жөндөмү ар башка. Бирөө так илимдерге кызыкса, экинчиси чыгармачылыкта же спортто өзүн көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан мугалим ар бир баланын кичинекей ийгилигин көрүп, аны колдоп, дем берип турушу зарыл. Мактоо – тарбиянын эң күчтүү каражаттарынын бири. Өзүнө ишенген бала гана чоң ийгиликтерге жетет.
Сухомлинский: «Бала мектепке коркуп эмес, кубанып келиши керек» деген принципти карманган. Чындыгында, билим алган жер жылуулукка, ишенимге жана чыгармачылыкка бай чөйрө болгондо гана окутуу жемиштүү болот.
Бүгүнкү күндө мектеп менен ата-эненин кызматташуусу мурдагыдан да маанилүү. Айрым учурда ата-энелер бардык жоопкерчиликти мектепке жүктөсө, кээде мектеп бардык кемчиликти үй-бүлөгө оодарып коёт. Чындыгында болсо бала үчүн экөө тең бирдей жооптуу. Эгер ата-эне мугалимди урматтап, анын эмгегин бааласа, бала да мугалимге сый мамиле кылат. Ал эми мугалим ата-энени өнөктөш катары кабыл алып, баланын өнүгүүсү тууралуу үзгүлтүксүз пикир алышып турса, окуучунун билимге болгон кызыгуусу дагы күчөйт.
Үйдө балага китеп окууга шарт түзүү, телефонду туура пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү, бирге китеп окуу жана үй тапшырмасына кызыгуу – ата-эненин мектепке көрсөткөн эң чоң колдоосу. Өз кезегинде мектеп ата-энеге баланын жетишкендиктерин гана эмес, анын жөндөмүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдорун да сунуштай билиши керек.
Гапыр Мадаминов билимдин сапаты күнүмдүк эмгектен жараларын белгилесе, Сухомлинский ошол эмгек сөзсүз мээрим менен коштолууга тийиш экенин эскерткен. Бул эки улуу педагогдун көз карашындагы орток идея – баланы сүйүү, анын инсандык кадыр-баркын урматтоо жана ата-эне менен мугалимдин бир багытта иш алып баруусу.
Кыргыз элинде: «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген терең маанилүү макал бар. Чынында эле үйдө калыптанган тарбия мектепте бекемделет, ал эми мектепте берилген билим үйдө колдоого алынат. Ушул эки күч бири-бирин толуктап турганда гана коомго акылдуу, эмгекчил, жоопкерчиликтүү жана мекенин сүйгөн муун тарбияланат.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүшү жаңы имараттарды куруу же заманбап технологияларды сатып алуу менен гана өлчөнбөйт. Чыныгы өнүгүү – билимдүү, тарбиялуу жана жоопкерчиликтүү инсанды тарбиялоодон башталат. Ал эми мындай инсанды калыптандырууда ата-эне менен мектеп бир максатка кызмат кылууга тийиш.
Жыйынтыктап айтканда, бала – үй-бүлөнүн гана эмес, мамлекеттин эң баалуу байлыгы. Анын келечеги биздин бүгүнкү аракетибизге байланыштуу. Ата-эне баласына мээримин, ишенимин жана убактысын арнаса, мугалим билимди жүрөк менен берсе, мектеп менен үй-бүлө бири-бирин колдоп турса, келечекке ишенимдүү кадам таштаган муун өсүп чыгат. Гапыр Мадаминов белгилегендей, билимдин сапаты кызматташтык аркылуу жаралат. Ал эми Сухомлинский айткандай, баланын жүрөгүнө жол тапкан мугалим гана анын акылына жол ача алат. Демек, «Ата-эне, мектеп бириксек – балдарда болот келечек» деген сөз жөн гана ураан эмес, элибиздин келечегин аныктаган турмуштук чындык болуп саналат.
Насиридин кызы Акбермет, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жайнак Желденбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин география мугалими
Комментарийлер