Аралаш сандарды кошуу

  • 28.10.2026

Математика, 7-класс

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү жана бышыктоо

Сабактын модели: 5E модели

Окутуу ыкмалары: СЭО, суроо-жооп, мээ чабуулу, топтук жана жуптук иш, өз алдынча иштөө

Сабактын формасы: Жекече, жупта жана топто иштөө

Керектүү каражаттар: компьютер, проектор, презентация, түстүү карточкалар, бөлчөктөрдүн сүрөттөрү, доска, маркер, жумушчу баракчалар жана баалоо баракчалары.

  1. Сабактын максаттары

Билим берүүчүлүк максат:

  • Аралаш сандар жөнүндө алган билимдерин эске түшүрүү.
  • Аралаш сандарды кошуунун эрежесин түшүндүрүү.
  • Бөлчөктөрдүн бөлүмдөрү бирдей жана ар башка болгон учурларда аралаш сандарды кошууга үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк максат:

  • Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, эсептөө жөндөмүн жана математикалык тилде сүйлөөсүн өнүктүрүү.
  • Маселени талдоо, салыштыруу жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

Тарбия берүүчүлүк максат:

  • Тактыкка, жоопкерчиликке жана өз алдынча иштөөгө тарбиялоо.
  • Топто кызматташууга, бири-бирин угууга жана өз ара жардамдашууга үйрөтүү.
  1. Күтүлүүчү натыйжалар

Сабактын аягында окуучулар:

  1. Аралаш сандын бүтүн жана бөлчөк бөлүктөрүн айырмалай алышат.
  2. Аралаш сандарды кошуунун эрежесин айтып беришет.
  3. Бөлүмдөрү бирдей жана ар башка болгон бөлчөктөрдү кошо алышат.
  4. Натыйжаны туура эмес бөлчөктөн кайра аралаш санга айландырышат.
  5. Топто иштеп, өз чечимдерин түшүндүрүп бере алышат.

Негизги компетенттүүлүктөр: маалыматтык, социалдык-коммуникативдик жана өз ишин уюштуруу компетенттүүлүктөрү.

  1. Сабактын жүрүшү — 5E модели
  2. Engage — Кызыктыруу (5–6 мүнөт)

Мугалим сүрөт же турмуштук кырдаал аркылуу темага кызыгуу жаратат.

  1. Explore — Изилдөө(8мүнөт)

Окуучулар жупта жана топто бөлчөктөрдүн сүрөттөрүн колдонуп, кошуунун жолдорун табышат.

  1. Explain — Түшүндүрүү(10 мин)

Мугалим эрежени жана чыгарылыштын үлгүлөрүн түшүндүрөт. Окуучулар өз жыйынтыктарын айтышат.

  1. Elaborate — Колдонуу жана бышыктоо (13 мин)

Окуучулар топтук, жуптук жана турмуштук тапшырмаларды аткарып, билимдерин бекемдешет.

  1. Evaluate — Баалоо жана рефлексия(8мин)

Өз алдынча тапшырма, өзүн-өзү баалоо, сабак боюнча жыйынтык жана үй тапшырмасы.

Сабактын этаптары боюнча кеңири план

I этап. Engage — Кызыктыруу (5–6 мүнөт)

Мугалимдин иш-аракети: Окуучулар менен саламдашат, класстын даярдыгын текшерет жана сабакка жагымдуу маанай түзөт.

Доскага төмөнкү мисалдарды жазат: Аралаш сандарды кошуу

Мугалим суроо берет:

  1. Бул сандар кандай сандар деп аталат?
  2. Аралаш сандын канча бөлүгү бар?
  3. Бүтүн бөлүктөрү эмнени билдирет?
  4. Эки аралаш санды кантип кошууга болот?

Турмуштук кырдаал:Аралаш сандарды кошуу

Суроо: Экөө жалпы канча километр жол басып өтүштү?

Окуучулар жоопту болжолдошот. Мугалим дароо жоопту айтпай, сабактын темасын өздөрүнө таптырат.

Күтүлүүчү жооп: Эки аралаш санды кошуу керек.

Сабактын темасы: «Аралаш сандарды кошуу».

II этап. Explore — Изилдөө (8 мүнөт)

Иштин формасы: жупта жана чакан топтордо иштөө.

Мугалим окуучуларга бөлчөктөрдү көрсөтүүчү сүрөттөрдү же карточкаларды берет. Окуучулар бүтүн бөлүктөрдү жана бөлчөк бөлүктөрдү өз-өзүнчө карап, кошуунун жолун изилдешет.

Аралаш сандарды кошуу Аралаш сандарды кошуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлчөктүн бөлүгү                                                        Бөлчөктүн беш бөлүгү

Аралаш сандарды кошуу

Окуучулар өз алдынча чыгарып, чечүү жолдорун салыштырышат.

Мугалимдин багыттоочу суроолору:

  • Бүтүн бөлүктөрдү өз-өзүнчө кошууга болобу?
  • Бөлчөктөрдүн бөлүмдөрү ар башка болсо эмне кылабыз?
  • Эгер бөлчөк бөлүктөрдүн суммасы бирден чоң болсо, эмне кылуу керек?

Күтүлүүчү натыйжа: окуучулар бүтүн бөлүктөрдү жана бөлчөк бөлүктөрдү өз-өзүнчө кошуу керек экенин аныкташат.

III этап. Explain — Түшүндүрүү (10 мүнөт)

Мугалим окуучулардын жоопторун жалпылап, аралаш сандарды кошуунун эрежесин түшүндүрөт.

Эреже. Аралаш сандарды кошуу үчүн:

  1. Бүтүн бөлүктөрү өз-өзүнчө кошулат.
  2. Бөлчөк бөлүктөрү өз-өзүнчө кошулат.
  3. Бөлүмдөрү ар башка болсо, жалпы бөлүмгө келтирилет.
  4. Эгер бөлчөк бөлүктөрдүн суммасы туура эмес бөлчөк болсо, аны аралаш санга айландырып, бүтүн бөлүккө кошобуз.
  5. Жооп мүмкүн болушунча кыскартылат.

Аралаш сандарды кошуу

Жыйынтык: бөлчөктөрдү кошууда алардын бөлүмдөрү бирдей болушу керек.

IV этап. Elaborate — Колдонуу жана бышыктоо (13 мүнөт)

Бул этапта СЭО ыкмалары колдонулат: топто кызматташуу, бири-бирине түшүндүрүү, чечимдерди салыштыруу жана өз ара текшерүү.

Аралаш сандарды кошуу

Топтордун милдеттери:

  • Мисалды биргелешип чыгаруу.
  • Чыгарылыштын кадамдарын түшүндүрүү.
  • Бир окуучу топтун атынан жооп берүү.
  • Башка топтордун чыгарылыштарын текшерүү.

Аралаш сандарды кошуу Аралаш сандарды кошуу

V этап. Evaluate — Баалоо жана рефлексия (8 мүнөт)

Окуучулар өз алдынча төмөнкү тапшырмаларды аткарышат.

Аралаш сандарды кошуу

Баалоо критерийлери

КритерийУпай
Аралаш сандарды туура кошот2
Бөлчөктөрдү жалпы бөлүмгө туура келтирет2
Туура эмес бөлчөктү аралаш санга айландырат1
Чыгарылышын түшүндүрөт1
Жалпы6

Мугалим окуучуларды жеке иши, топтогу катышуусу жана өз чечимин түшүндүрө алышы боюнча баалайт. Упайларды баага айландырууда мектептин кабыл алынган критерийлери колдонулат.

Рефлексия. Окуучулар төмөнкү сүйлөмдөрдү толукташат:

  • Бүгүн мен __________ үйрөндүм.
  • Мага эң кызыктуу болгон тапшырма __________.
  • Мен үчүн кыйын болгон нерсе __________.
  • Кийинки сабакта мен __________ билгим келет.

Үй тапшырмасы. Чыгармачылык тапшырма: аралаш сандарды кошууга байланыштуу турмуштук бир маселе түзүп, аны чыгаргыла. Мугалим кийинки сабакта үй тапшырмасын текшерип, кыйынчылык жаралган учурларды кайра түшүндүрөт.

Аралаш сандарды кошуу

Сабактын жыйынтыгы: Окуучулар аралаш сандарды кошуунун эрежесин өздөштүрүп, бөлүмдөрү бирдей жана ар башка болгон бөлчөктөрдү кошууга машыгышат. 5E модели окуучуларды кызыктыруудан баштап өз алдынча билимди колдонууга чейин жетелейт, ал эми СЭО ыкмасы кызматташуу жана бири-биринен үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Анабаева Г., Д. Иманов атындагы орто мектептин математика мугалими 

Бөлүшүү