А. Осмонов: “КИМ БОЛДУ ЭКЕН?”
- 29.01.2025
- 0

Бурулкан СЫДЫКОВА, Бишкек шаарындагы №68 ЖББО мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы
Сабактын тиби: ЖАҢЫ ТЕМАНЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ
Сабактын жабдылышы: Канва менен түзүлгөн презентация, видео материалдар, сүрөттөр, кроссворд.
Сабактын усулу: Окуу жана түшүнүү, оюн технологиялары платформасы
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, география, тарых, музыка
Негизги компетенттүүлүктөр:
Маалыматтык: алган маалыматтарын кабылдап, негизги ойду аныктоо менен алынган маалыматтарын так баяндайт;
Социалдык-коммуникативдик: оозеки жана жазуу жүзүндө берилген маалыматтарды кабылдоо менен өз ара аракеттенүүнү калыптандырат;
Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү аныктоо: маалыматтан карама-каршылыктарды таап, маселени чечүүнүн жолдорун айтуу менен өз пикирин далилдейт.
Предметтик компетенттүүлүктөр:
ПК-1. Окурмандык компетенттүүлүк – адабий чыгарманы эстетикалык өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүк, искусствонун башка түрлөрүнүн катарында адабияттын өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу;
ПК-2. Баалуулук – дүйнө таанымдык компетенттүүлүк – адабиятта чагылдырылган адеп-ахлактык баалуулуктарды жана дүйнө тааным категорияларды түшүнүү, ушул баалуулуктарга өзүнүн мамилесин аныктоо жана негиздөө, гуманисттик адеп-ахлактык позицияларга бек туруу;
ПК-3. Адабий чыгармачылык компетенттүүлүк – ар түрдүү типтеги дилбаяндарды жана түрдүү жанрдагы жана формадагы адабий чыгармачыл иштерди жазууга жөндөмдүүлүк.
Сабактын жүрүшү:
- Уюштуруу: саламдашуу, электрондук күндөлүккө окуучуларды сабакка окуучуларды жоктоо, сабакка даярдоо. Жагымдуу маанай түзүү.
- Үй тапшырмасын текшерүү:
“Ата-Журт” ырын хор менен ырдашат. А. Осмоновдун өтүлгөн ырларын көркөм айттыруу. “Мен кыргыздын акыны”, “Өзүмдү өзүм“, “Мен тансам…”
Өтүлгөн темаларды кайталоо:
- Ушул эле ырларга ырды талдоону, анализдөөнү кандай жүргүздүңөр?
- Ырды муундук түзүлүшкө кандай ажыраттыңар, грамматикалык түзүлүшүнө карай кандай бөлдүңөр, троптун түрлөрү боюнча кандай иштедиңер?
- Ырларынын тарбиялык мааниси эмнеде?
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Жери асыл, ар жыл сайын түшүмдүү жыл,
Түз ою текши буудай, баары бир кыл.
Тагдырдын кырсыгынан сактап калчу,
Суусу бар, тынбай аккан шылдыр-шылдыр…
Кечке жуук май жыттанган тамдар менен,
Орногон тоо алдында биздин айыл.
Окуучулар тест менен таанышып чыгышат. Поэманын мазмуну сүрөттөр аркылуу түшүндүрүлөт.
Чыгармадагы жер-суунун аттарын жана сан атоочтор боюнча текст менен иштөө. Ысык-Көл, Чүй, Кайыңды, Көк-Бел, Арчалы, Кой-Сары.
Фразеологизмдерди чечмелөө: Кой оозунан чөп албаган (жоош, момун) ж.б.
Сырдык сөздөрдү табуу: Ах, кандай. Баке, сенин жүрөгүң ак.
Карта менен иштөө: Фрунзе, Москва, Варшава ж.б.
Сабакты бышыктоо: https://www.educaplay.com/resource-editor/21674980/
- А. Осмоновдун “Ким болду экен” помасы кайсы жылдарды камтыган?
- Поэмада негизги темалардын бири эмнеде?
- Поэмада кимдин образы сүрөттөлгөн?
- Поэманын стили кандай?
- Поэмада кандай эмоциялар басымдуу?
- ”Ким болду экен?” поэмасында кандай символдор бар?
- Негизги каарман ким?
- Поэманын аягында кандай сезимдер калат?
- Поэманын негизги идеясы эмне?
- Кайсы айыл сүрөттөлөт?
- Белектердин арасында кандай белек бар эле?
- Бактыбек согуштан кандай жаракат алып келди?
- Согушта канча жыл болгон?
- Асанова Сонун ким?
Кроссворд толтуруу: https://learningapps.org/display?v=p3hnggzf324
Үйгө тапшырма: “Ким болду экен?” поэмасын толук окуп келүү, фразеологизмдерди таап жазуу.
Баалоо:
Комментарийлер