9-МАЙ – ЖЕҢИШ КҮНҮ

  • 31.03.2026
  • 0
9-МАЙ – ЖЕҢИШ КҮНҮ

Сабак: Адабий окуу 2- класс

Сабактын темасы: 9-май – жеңиш күнү

Сабактын максаты: Жеңиш  күндүн тарыхый  маанисин түшүнүп ,баатырлардын эрдигин баалап,мекенчил, эл-жерди коргоого багыт алышат.

Сабактын ыкмасы : 5E модели

  1. Кызыктыруу
  2. Изилдөө
  3. Түшүндүрүү
  4. Кеңейтүү
  5. Баалоо

Сабактын формасы:Топто ,жупта, жеке иштөө

Сабактын жабдылышы:Согуш темасын чагылдырган слайд ,  “ Жеңиш ыры” ,Текст  9-Май Жеңиш күнү , окуу куралдары

Предмет аралык байланыш:Мен жана дүйнө,сүрөт ,музыка

 Сабактын узактыгы  45 мүнөт

 Сабактын жүрүшү

  1. Кызыктыруу (5–7 мүнөт)

Мугалим:

Согуш жылдарындагы слайдды көрсөтөт.

Суроолорду  берет:

1.Эмне үчүн 9-май маанилүү күн?

2.«Жеңиш деген сөз силерге эмнени билдирет?»  (Окуучулар өз ойлорун бөлүшөт.)

  1. Изилдөө (10 мүнөт)

1.Окуучуларга Жеңиш  күнү  жөнүндө  адабий  текст  берилет.

9-Май -Жеңиш күнү

9-Май -Жеңиш майрамы.Бул күнү кары- жашы дебей баары майрамдашат.

Ал кандай майрам экенин билесиңерби?

Бир миң тогуз жүз кырк биринчи жыл эле.22-июнь күнү немецтик фашисттер биздин өлкөгө кол салды.Анда биз совет өлкөсү деген чоң  мамлекеттин курамында болчубуз.Фашисттер  көптөгөн завод- фабрикаларыбызды  жана шахталарыбызды  басып алган. Советтик Армия  душмандарга  каршы баатырдык менен күрөш жүргүздү.Бүткүл элибиз  душманды жеңиш үчүн бардык күчтөрүн жумшашты.Армия менен  элибиздинбиргелешип жүргүзгөн күрөшү зор ийгиликке алып келди.Бир миң тогуз жүз кырк бешинчи жылы 9-Майда душман биротоло жеңилди. Ошондон  тартып  биздин эл  ар жылы  бул күндү Жеңиш катары майрамдашат.

2.Топторго бөлүнүп окушат.

Тапшырма:

1.Тексттен баатырдыкты көрсөткөн саптарды табуу.

2.Автор эмнени айткысы келгенин талкуулоо.

3.Түшүндүрүү (10 мүнөт)

Ар бир топ:

1.Тексттин маанисин түшүндүрөт.

2.Каармандардын эрдигин айтып берет.

Мугалим:

1.Жеңиш  күнү   тууралуу  кыскача  маалымат  берет.

2.Жеңиш  күнү  эмне  үчүн  белгиленерин  түшүндүрөт.

4.Тереңдетүү (10–12 мүнөт)

Кызыктуу тапшырмалар:

  1. Ролдук оюн
    Окуучулар согуштан келген жоокер менен үй-бүлөнүн жолугушуусун сахналаштырышат.
  2. Чыгармачылык иш
    «Эгер мен ошол убакта жашасам…» деген темада кыскача ой жазышат.
  3. Постер түзүү
    Топтор «Жеңиш – тынчтыктын символу» деген постер жасашат.
  4. Баалоо (5–8 мүнөт)

Баалоо критерийлери   1.текстти түшүнүүсү  (мугалим баалайт)

2.талкууга катышуусу (өзүн-өзү баалайт)

3.чыгармачылык иши (топ башчысы баалайт)

Жыйынтык: Дүйнөдө  тынчтык  болсун!!! (Окуучулар улап ,тынчтыктын баалуулугун айтышат.) “Жеңиш ырын” ырдашат.

https://youtu.be/e_QmkiIXczo?si=nMecfFrOsK8YBRvw (ырдын ссылкасы)

Үйгө    тапшырма : Согуш,Тынчтык   сөздөрүн    салыштыруу,  таблица  түзүп  келүү.

Бөлөкова Кымбат Турсунбековна

№16 Т. Сыдыкбеков атындагы

Кең-Суу жалпы орто билим берүү мектебинин

башталгыч классынын мугалими,

Түп району, Кең-суу айылы

Бөлүшүү

Комментарийлер