МЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМ

  • 19.09.2022
  • 0
МЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМ

Чынаркуль Белегенова  жетектеген Бишкек шаарынын №64 мектебинин 1-11-класстарынын окуучулары Республикалык  «Аза күнүндө» сабактарды бир минуталык эскерүү менен башташты.

МЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙММЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМ

Сабактар тарбиялык сааттар менен коштолуп, балдарды мекенчилдикке тарбиялоо, ынтымак, биримдүүлүк, намыстуулук темасы терең ачылды.

МЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙММЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМ

Мектептин окуу-тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басарлары Эльмира Омурова, Зейнегүл Абдыманаповалар класс жетекчилердин тарбиялык сааттарына катышып, эң жакшы өтүлгөн сабактарды белгилөө менен, төмөндөгү класс жетекчилердин ишин жогору баалады, алар: Гулнара Садырова, Асыл Толобекова, Жаркын Дуйшеналиева, Асыл Мукарапова, Жаңыл Нарынбаева жана Сапаркул кызы Назира болду.

А Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер