12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КӨЧҮҮ

  • 26.06.2025
  • 0
12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КӨЧҮҮ

Эң маанилүү 100 суроого жооп

Жаңы окуу жылында 1–2-класстын окуучулары кайсы программа боюнча билим алышат? Ал мурунку программалардан эмнеси менен айырмаланат?

12 жылдык мектептик билим берүү системасынын алкагында 1-класс үчүн иштелип чыккан программа «Наристе» программасынын (480 сааттык мектепке даярдоо курсу) негизинде жана аны эске алуу менен түзүлгөн. Бул жаңы программа балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө, өнүгүү деңгээлине, окууга болгон даярдыгына ылайыкташтырылган.

Мисал катары, кыргыз тилинде билим алган 1-класстар үчүн түзүлгөн жаңы программа менен «Наристе» программасынын салыштырма талдоосу төмөндө берилет.

СААТТАРДЫН  САЛЫШТЫРМА АНАЛИЗИ 
«НАРИСТЕ» 1 КЛАСС
ОКУУ ЧӨЙРӨСҮПредметтик  

программалардын аталышы

Аптадагы сааттар

саны

 

Жыл ичиндеги сааттар саны

(32 апта)

 ОКУУ ЧӨЙРӨСҮСабактардын аталышыАптадагы

сааттар

саны

Жылдагы

сааттар

саны

(32 апта)

ФилологияКеп өстүрүү жана

көркөм эдабият

Сабат ачуу

2

3

64

96

 ФилологияКыргыз тили жана окуу4128 
 Орус тили — экинчи тил264 Орус тили жана окуу264 
МатематикаЖөнөкөй математикалык тушунүктөрдү

калыптандыруу

396МатематикаМатематика396 
Табигый-илимий

 

 

Социалдык

Айлана чөйрө менен тааныштыруу132Табигый-илимий

 

 

Социалдык

Мен жана дуйнө

(Адеп, Мекен таануу.

Турмуш-тиричилик

коопсуздугу,

Табият таануу)

4128 
Искусство жана  технологияКөркөм өнөр чыгармачылыгы (ИХТ:

Лепка/Аппликация)

2(1/1)64Искусство жана

технология

Көркөм өнөр жана технология264 
 Музыка*2*64* Музыка264 
Ден соолук

маданияты

Дене өстүрүү264Ден соолук

маданияты

Дене тарбия264 
  15480  19608 

 

Музыка «Наристе» программасында өзүнчө окуу программасы болуп каралган эмес

 

Кыргыз тилинде окутулган 1–2-класстар үчүн окуу жүктөмүнүн салыштырмалуу анализи (БУП мисалында):

1-класстын окуу жума жүктөмү мектепке чейинки программага салыштырмалуу 15 сааттан 19 саатка чейин жогорулаган. Бул төмөнкү себептерге байланыштуу:

  1. Музыка сабагы:
    Мектепке чейинки «Наристе» программасында музыка өзүнчө сабак катары киргизилген эмес, ал «музыкалык тыныгуу» түрүндө гана өтүлгөн. Ал эми мектеп программасында «Музыка» — жума сайын 2 сааттык өзүнчө сабак катары окутулат.
  2. «Айлана-чөйрө менен тааныштыруу» сабагы:
    Мектепке чейинки программадан бул сабак трансформацияланып, 1-класста «Мен жана дүйнө» деген интеграцияланган сабакка айланган. Анын курамына этика, мекен таануу, коопсуздук (ОБЖ), жаратылыш таануу сабактары кошулган. Ар бир интеграцияланган компонентке 3 саат кошулган.
  3. Кыргыз тили жана окуу:
    Жалпы окуу жүгүн тең салмактап, балдарга ашыкча күч келбеши үчүн бул предметтин сааты 5 сааттан 4 саатка кыскартылган.

2-класстын окуу жума жүктөмү болсо 1-класска салыштырмалуу 19 сааттан 21 саатка чейин жогорулаган.
Бул төмөнкү өзгөрүүлөргө байланыштуу:

  • Математика сабагына кошумча 1 саат,
  • Кыргыз тили жана окуу сабагына кошумча 1 саат берилип, жүктөм жогорулады.

Жыйынтык: жаңы программалар мурункуга салыштырмалуу мазмуну жактан байытылды, сабактар интеграцияланды жана жаш куракка ылайык оптималдаштырылды. Окуу жүктөмү да ошого жараша туура балансталган.

2- класс
Кыргыз тилде окуткан класстарда

Окула турган сабактар

1-класс
Кыргыз тилде окуткан класстарда
БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮОКУУ ПРЕДМЕТИ
ФилологияКыргыз тили жана окуу
Орус тили жана окуу
МатематикаМатематика
Табигый-илимийМен жана дүйнө

(Адеп, Мекен таануу,

Турмуш-тиричилик коопсуздугу, Табият таануу

Искусство жана

технология

Көркөм өнөр жана технология
Музыка
Ден соолук

маданияты

Дене тарбия
БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮОКУУ ПРЕДМЕТИ
ФилологияКыргыз тили жана окуу
Орус тили жана окуу
МатематикаМатематика
Табигый-илимийМен жана дүйнө

(Адеп, Мекен таануу,

Турмуш-тиричилик коопсуздугу, Табият таануу

Искусство жана

технология

Көркөм өнөр жана технология
Музыка
Ден соолук

маданияты

Дене тарбия

 

693 саат.

(окуу жылынын узактыгы.

— 33 апта

1 акад. саат –40 мин.

21 саат аптасына.

 

608 саат

(окуу жылынын узактыгы

32 апта

1 акад. саат – 35 мин.

19 с. аптасына

 

1–2-класстын окуучулары күнүнө канча саат окушат?

Окуучулардын жүктөмүн аныктоочу базистик окуу планы азыркы учурда иштелип чыгууда. Сабактын узактыгы санитардык талаптарга жана эрежелерге ылайык, базистик окуу планында көрсөтүлөт. Сабактар оюндун элементтери менен өткөрүлөт.

1-класстын негизги окуу жүктөмү «Наристе» программасынын ченемдерине ылайык аныкталган.

2025–2026-окуу жылында:

  • 1-класстын апталык окуу жүктөмү – 19 саат. Бир сабактын узактыгы – 35 мүнөт.
  • 2-класстын апталык окуу жүктөмү – 21 саат. Бир сабактын узактыгы – 45 мүнөт.
  • Жаңы моделге көчкөндө мектеп программасында кайсы предметтер интеграцияланат?

Жаңы предметтерди киргизүү жана учурдагы предметтерди өзгөртүү же интеграциялоо үчүн мугалимдерди даярдоо жана керектүү окуу материалдары менен камсыз кылуу керек. Окуу планына конкреттүү өзгөртүүлөр Кыргыз билим берүү академиясынын расмий корутундусунан кийин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коомдун керектөөлөрүн талдоонун негизинде кабыл алынат.

12 жылдык билим берүүдө мектепте окутула турган сабактардын  көлөмү да өзгөрөбү? Кээ бир сабактар кыскарып же жоюлуп  кетепейби?

Предметти толук алып салуу болбойт. Жаңы предметтер үчүн убакыт бөлүп берүүгө же башка предметтерди тереңирээк окутуу үчүн белгилүү бир дисциплиналарды окутууга чектелген сааттар кыскарышы мүмкүн.  Окутулуп жаткан предметтердеги  эскирген жана актуалдуу эмес маалыматтарды  алып салуу максатында мазмуну кайра каралып чыгат. Бул өзгөрүүлөр бардык предметтер боюнча дароо эмес, акырындык менен болушу мүмкүн экенин белгилей кетүү керек.

1-6-класс башталгыч билим берүү болгондо, азыркы 4-классты бүтүргөн мугалимдер 5-6-классты дагы окутабы же 4-класста башка мугалим жана класс жетекчи болобу?

1–6-класстар — бул мектептеги билим берүүнүн биринчи баскычы, башкача айтканда, башталгыч билим берүүнүн этабы. 1–4-класстарда мурдагыдай эле бир эле мугалим сабак берет. Ал эми 5–6-класстарда айрым сабактарды жогорку класстардын мугалимдери окутушу мүмкүн. Себеби жогорку класстарда математика алгебра жана геометрия болуп бөлүнөт, жана бул сабактарды башталгыч класстын мугалими эмес, предметтик адис – математика мугалими өткөрөт. Башка сабактар да ошондой болушу мүмкүн. 1–4-класстарда класс жетекчи – бир эле мугалим болот, ал эми 5–6-класстарда класс жетекчи катары предметтик мугалим дайындалышы мүмкүн.

  1–4-класстарда иштеген башталгыч класстын мугалимдери 5–6-класстарда да сабак өтө алышабы?

Кайра даярдоодон (квалификацияны жогорулатуу курсунан) өткөндөн кийин, башталгыч класстын мугалимдери келечекте, мисалы, математика сабагын 6-класска чейин окутууга мүмкүнчүлүк алышат.

12 жылдык билим берүүдө кесипке багыт берүү, технология жана көркөм өнөр сабактарынын тагдыры кандай болот?

12 жылдык билим берүүдө кесипке багыт берүү багытында технология жана көркөм өнөр предметтери интеграцияланып, жаңыча “Көркөм өнөр жана технология” деп аталып, башталгыч 1-6-класстарда жумасына эки сааттык жүктөм менен окутулары такталды. Учурда аталган сабактын предметтик стандарты жазылууда. Мурда 2011-жылга чейин көркөм өнөр, технология предметтеринин окуу китептери жана методикалык колдонмолор жазылбай, жетишсиз болуп келгендиги ачуу чындык. 2011-2025-жылдардын аралыгында мектептер көркөм өнөр предметинин 1-2-3-4-5-6-класстары, технология предметинин 5-6-класстарынын окуучулар үчүн окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жазылып, ийгиликтүү колдонулууда.

Окуучулардын окуу жүктөмүндө кандай өзгөрүүлөр болот?

БОП башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү боюнча окуу предметтеринин тизмесин жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуу жүктөмүнүн көлөмүн белгилейт, бирдиктүү педагогикалык процессти уюштурууга жана жүргүзүүгө карата талаптарды ишке ашырат.

Жаңы муундагы окуу китептеринин көлөмүнө жараша ар бир класска окуу жүктөмү аныкталат. Базистик окуу планында сааттардын көлөмү олуттуу өзгөрүүгө учурабайт. Сааттардын жүктөмүндөгү өзгөрүүлөр негизинен жогорку класстарда болот,  анткени профилдик окутуу киргизилет. Аларда милдеттүү сааттар азаят. Мисалы, мурун окуучу 30 саатты кааласа, каалабаса да окуган болсо, эми 10-11-12-класска келгенде, бул 20, 18 саатка түшөт да, калган 10 саат, 8 саат ошол окуучу тандаган профилге ылайык, мисалы, инженерияны тандаса, анда физика, математикага, эгер медицинаны тандаса — химия, биологияга, ал эми гуманитардык багытты тандаса, социалдык предметтерге көбүрөөк саат берилет.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КӨЧҮҮ

1-класстын жүктөмү канча саат болот?

Кыргыз Республикасынын Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык 1-класстар үчүн окуу жүктөмү жумасына 21 саатты түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер