ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

  • 29.12.2021
  • 0

Ош шаарынын №52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаевдин быйыл жылдызы жанды. Ал Ош шаардык “Жыл мугалими – 2021” сынагында жеңип, бир бөлмөлүү батирдин ээси болду. Республикалык “Жылдын мугалими – 2021” сынагында 1-орунга чыгып, “Мыкты мугалим — 2021” медалы, 1-даражадагы диплом, 100 миң сомго сертификат (компьютердик жана/же тиричилик техника алуу үчүн), Ысык-Көлгө эс алууга путевка жеңип алган.

Илгиз Шамырзаевдин мектепте иштегенине беш жылдын жүзү болду. Ал заманбап технологияны мыкты өздөштүргөн, жаш болсо дагы методикага байланыштуу үч китепти жазып койгон, облустук, шаардык деңгээлде ар кандай сынактарга катышып, дайыма байгелүү орундарды багынтып келатат.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

Мугалимдикке болгон анын кызыгуусу окуучулук партадан эле башталган экен. Ошол кызыгуусу аркылуу мугалимдик кесипке кадам таштаган. Эмгек жолундагы ийгиликтин башкы тепкичи кесипти туура тандоодон башталарын түшүнгөн. Кесипке болгон сүйүүсү студенттик чагында эле ийгилик жаратууга себеп болгон. Анын натыйжасында 2016-жылы студенттердин «Педагогикалык дебют – 2016» республикалык сынагында баш байгени жеңип алганын айтпай кетүүгө болбойт. Илгиз Шамырзаев мыкты мугалимдердин, кесиптештеринин сабактарына катышып, педагогикалык чеберчиликтин сырларын өздөштүргөнүн жашырбайт. Ошол эле учурда өзү өткөн сабактарга кесиптештеринин берген баалары аны жаңы идеяларга багыттап турду. Ар күнү сабакка иштелме жазуудан тажабасын билдик. Учурда айрым мугалимдер планды жазбай эле коюш керек дегенине Илгиз макул эмес. Анткени план-иштелме мугалимдин алдыдагы сабагына даярдыгы, жоопкерчилиги экенин түшүнөөрүн жаш мугалим баса белгиледи. План аркылуу ал мыкты сабактарды өтүп гана тим болбостон, мыкты план-иштелмелер сынактарында бир нече жолу жеңүүчү болгонун дагы кошумчалады.

– Тапшырмаларды бала аткаргандан кийин, анын өнүгүүсү бааланып турууга тийиш. Бул үчүн баалоо каражаттарын мезгил талабына ылайык түзүп, пайдаланып келем. Биздин ишибиздин натыйжасы окуучуларыбыздын жетишкендиги менен бааланат эмеспи. Алардын окуудагы, шаардык жана республикалык сынактардагы ийгиликтери изденип иштөөгө түртүп келет. Изденүүдөн ийгиликтер жаралат. Билим берүү боюнча атайын стандарттар иштелип чыккан. Ал стандарттарда окуучуга бир сабак ичинде эмнени беришибиз керек, күтүлүүчү натыйжага кантип жетип барышыбыз керек дегендер камтылган. Менин ар бир сабагым стандартка багытталган, — деди Илгиз Шамырзаев.

Жылдызы жанган жаш мугалимдин эмгектери мезгилдүү басылмаларда жарыяланып келатат. Илгиздин өзүнүн сайты, каналы да бар.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ

Быйыл уюштурулган республикалык “Санарип мугалим – Кыргызстан” долбооруна алыскы Лейлек районундагы Ак-Булак орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Айнура Абдырахманова катышып, байгелүү орунга жетишкен. Ал ”Санарип мугалим” төш белгиси жана I даражадагы диплом менен сыйланып, Түркия мамлекетине эс алуу үчүн эки кишилик тур пакетти белекке алган.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

Аталган долбоор 2019-жылы башталып беш айга созулган. Ар бир айда бирден китеп окуп, онлайн тест тапшырып турган.

– Булар жөнөкөй китептер эмес кесиптик деңгээлибизди көтөрүү менен бирге патриоттук сезимди ойготуп, Мекенге, кесипке болгон сүйүүнү, берилгендикти күчөткөн мыкты китептер болду. Андан сырткары көптөгөн тиркемелерде иштөөнү, аны сабакта эффективдүү колдонууну үйрөндүк. Бардык эмгектерибизди соц. тармакта фейсбукта хештег аркылуу атайын баракчада бөлүшүп турдук. Кызыгы бул конкурс пандемияга чейин болгон болчу. Андыктан бул жерде алган билимибиз бизге карантин мезгилинде аба менен суудай кереги тийди, — дейт элеттик мугалим.

Мындан сырткары Элдор Далиев, Бакыт Шооруков агайлардын онлайн курстарын окуу менен өз билимин дагы бир тепкичке өстүрө алды. Ал эмнени үйрөнгөн болсо, райондун башталгыч класс мугалимдеринин 800дөн ашуун чоң группасын түзүп, Телеграмм каналы аркылуу бир айлык бекер онлайн сабактарды өтүп турду.

Айнуранын эмгегинин акыбети кайтып, райондук билим берүү бөлүмү сунуштаган “2020-жылдын мыкты адамы” деген номинацияга татыктуу болгон. Ушул эле жылы республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын “Мугалим” төш белгиси менен сыйланды. Быйыл Айнура ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун улуттук тренери болуп, алыскы айылдардагы мектептерге барып, ар кандай семинар-тренингдерди өткөрүп жатат. Анын максаты – келечекте Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө салым кошуу. Биринчиден, окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн ар бир сабакта заманбап технологияны колдонууну, кесиптештери менен алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүүнү көздөйт.

АЛАЙДЫН АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМИ

Ар бир аймактын жалпы эл жакшы билген, ата-энелер текши урматтаган, окуучулар жүрөктөн кадырлаган мугалими болот.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

Алайдын ардактуу агайы Сыдык Мамыров мына ушундай мугалим. Ал бул сый-урматка агартууга кылган ак дил кызматы аркылуу жетти. Алай районундагы Күн-Элек орто мектебинде тыным билбей, чарчадым-чаалыктым дебей жаш муундарга кыргыз тили жана адабиятынан сабак берди. Ушу тапта да кылым карыткан Манастын тилин жаңы дем, жаңы күч менен окутуп жатат. Бир сабагы экинчисине окшобойт. Анткени “Кутбилим сабактын” активдүү авторлору менен  көп жерге барды. Далай мугалимдин сабагына катышты. Ар биринен үйрөндү. Билгенин башкалардан аябады. Быйылкы жылы өзү эмгектенген Күн-Элек мектебинде жана коңшулаш эки мектепте калемгер мугалимдердин катышуусунда республикалык деңгээлде семинар өткөрүүнү демилгеледи. Семинардан алган таасирлерин катышуучулар ушу азыр да айтып бүтө албай турат. Сыдык Мамыровдун бул семинардагы ачык сабагы бөтөнчө кызыктуу болду.

МЫКТЫ УЮШТУРГУЧ, ДЕМИЛГЕЛҮҮ ЖЕТЕКЧИ

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Мырзалиева Алымкан Бопоновнаны энергетиктер шаарчасынын жалпы эли жакшы билет.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

Мыкты жетекчи Алымкан Мырзалиева  шаардык билим берүү тармагын 2017-жылдан бери жетектеп келет. Бул мезгилдин аралыгында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Эң башкысы, агартуучуларды, ата-энелерди, окуучуларды бир максатка – билим жолуна багыттай алды. Өлкөбүздө биринчилерден болуп санарип билимге өтүштү. Пандемия тушундагы онлайн окутууда да алдыда болушту. Чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди алыскы Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияга чейин алып барып Гапыр Мадаминовдун табылгасы менен тааныштырды, улуу устаттын өзүн, анан Нур-Султан шаарынан профессор Дүйшөн Шаматовду чакырып, шаар мектептеринде “Энелер мектебин”, “акыл эмгегинин маданиятын” жайылтты. Кыргыз билим берүү академиясынын билим кербенин тосуп, мугалимдердин тажрыйбасын байытты. Өзү да илимий иштерин токтотпой, бир топ эл аралык, республикалык илимий-практикалык конференцияларга онлайн режимде катышып, практика жүзүндөгү байкоолорунун негизинде мыкты докладдарды окуганга жетишти. ”Кутбилимчилердин”  быйылкы жылдын октябрындагы Кара-Көл шаарына жасаган билим сапары да ары байсалдуу, ары майнаптуу болду.

САЛАМАТ ЖАШОО ЫКМАСЫН ЖАЙЫЛТКАН БАЛА БАКЧА

Маргарита Нагаева Ош шаарындагы №61 “Ак-Каркыра” бала бакчасында тарбиячы болуп иштейт. Ушул жылы биринчи жолу өткөрүлгөн “Мыкты тарбиячы-2021” республикалык сынагында баш байгени жеңип алган.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

Маргарита Юрьевна эмгектенген ал бала бакча жалпы өнүгүү программасынан тышкары, бөбөктөр менен “Валеология” программасы боюнча иш алып барат.

– Валеология – ден соолук жана саламат жашоо жөнүндөгү илим. Саламат жашоо образы – бул туура тамактануу, чөп чайларды ичүү жана жеке тазалык эрежелерин сактоо. Бул эрежелерди бөбөктөр үйлөрүндө ата-энелеринен байма-бай угушуп, бала бакчада да иш жүзүндө аткарууга кенедейинен көнсө, келечеги үчүн пайдалуу болоору анык. Эң негизгиси, ушул процессти аткарууда баланын маанайы көтөрүңкү тартып, кызыгуусу артып, жагымдуу сезимдерге чулганганы кубандырат. Биз балдарды кичинесинен тарта өздөрүнүн ден соолугуна олуттуу мамиле жасоого, өзүн жана айланасындагы адамдарды жана ошондой эле жаратылышты сүйүүгө тарбиялайбыз. Балдар жылдын кайсы мезгили болбосун, кандай аба ырайы болбосун, муздак суу менен чайканганга көнүшөт. Дене тарбия сабагын спорттук көнүгүүлөр жана релаксакция элементтерин пайдаланып өтөбүз. Денебизди чыңдоо үчүн укалоонун түрлөрүн колдонобуз, — дейт Маргарита Юрьевна.

“Мыкты тарбиячы – 2021” республикалык сынагынын баш байгесинин ээси Маргарита Нагаева мугалимдердин август кеңешмесинде “Сапаттуу билим берүү жана руханий-адептик тарбия өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” деген доклад даярдаган.

МЫКТЫ МУГАЛИМ-МАШЫКТЫРУУЧУ

Ушул жылы Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсунда «Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Медер Осмонов аталган олимпиадага катышып, бардык маселелерди чечип, I орунду ээледи. Бул олимпиадага 220дан ашуун математика мугалими, 70тен ашуун физика мугалими, 50дөн ашуун информатика мугалими катышкан.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ – 2021

АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАР

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында кыргызстандык окуучулар алдыга суурулуп чыгышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында Бишкектеги №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медалды жеңип алды. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон: Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т.Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова; Бишкек шаарынын №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш жана Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, Алимжан АЛИБЕКОВ, Гүлнара Алыбаева,  “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер