ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ АНЫКТАЛДЫ

  • 24.09.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосуна республиканын аймактарынан 122 мектеп катышты. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү  уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аныкталды. 2024-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде билим берүү марафону жана тандоого катышкан жалпы мектептерди сыйлоо аземи өткөрүлөт.  

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ АНЫКТАЛДЫ

Башкы максат – мыкты тажрыйбаны жайылтуу

Быйылкы тандоого республика боюнча 120дан ашык мектеп катышты. Министрликтин буйругунда белгиленген бардык критерийлер боюнча катышуучулар өздөрү тарткан  видеопрезентациясы менен социалдык тармактарда бөлүштү.

— Сынактын максаты – республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган. Калыстар тобунун сунушу менен эң мыкты деп табылган   мектептин бир кабинети  заманбап үлгүдөгү технологияларды колдонулуп, жасалгаланат. Катышкан мектептер мектеп системасына кандай жаңылык киргизген, окуучулардын ийгиликтери, долбоорлор аркылуу мектепке кошумча каражат тартуу, өзүн презентациялоо, окуучулардын олимпиадаларга жана ЖРТга катышуусу, жаш адистердин саны, ийримдердин иштери, коомчулук жана ата-энелер менен иштөө, семинарларды уюштуруу, мугалимдердин билимин жогорулатуу, ачык эшиктер, койгон максаттары билим берүү программасына шайкеш келеби деген критерийлердин баарына жооп бериши керек болчу. Алардын жасаган иш-аракеттерин калыстар тобу карап чыгып, балл коюп, жыйынтыгында жалпы балл чыгарылды, — дейт министрликтин жетектөөчү адиси Салтанат Өмүракунова.

Мыкты көрсөткүч – мектептин сыймыгы, сыйлыгы

Тандоого катышкан мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары новатордук ыкмаларын, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар, профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багытталган окутууну өздөштүргөндүктөрү тууралуу маалымат алмашууга багытталган.

Taндоонун негизги принциптери жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы, ага катышкан бардык мектептердин бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу болуп саналат.

Тандоо беш этаптан турат. Биринчи этапта  — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктар мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон бештен ашпаган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин камдап, уюштуруучу тарапка 1-мартка чейин жөнөтүлгөн. Экинчи этапта уюштуруучу тарабынан мыкты мектептердин тизмеси  жана темасы буйрук менен бекитилип, кайрадан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, башкармалыктарына 10-мартка чейин түшүрүлдү. Үчүнчү этап – ар бир катышуучу тарап тандоонун форматына ылайык видеопрезентацияларын социалдык тармактарга 10-апрелге чейин жүктөштү. Төртүнчү этапта социалдык тармактарга жүктөлгөн видеопрезентациялардын мыкты комментарийлерге жана эң жогорку сүймөнчүлүккө ээ болгон он мыкты мектептердин тимзмеси уюштуруучу тарабынан калыстар тобуна 15-майга чейин өткөрүлүп берилип, бешинчи финалдык этапта калыстар тобу баалоо критерийлерине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин 25-майга аныктады.

Бул тандоого катышкан бир топ мектептер иргелип отуруп, бардык жактан күчтүү, креативдүү жактарын көрсөтө алган, мыкты экенин далилдеп, алдыга бир нече мектеп суурулуп чыкты. Албетте, ар бир  мектептин көркүн мугалим жана окуучу ачат. Ал эми мыкты мугалим жана мыкты окуучу билим уясын алдыга чыгарат эмеспи. Негизинен 15 мүнөттүк роликтин ичинде мектептин бардык ийгиликтери, жетишкендиктери толук камтылган. Бул деген мектептин көп жылдык үзүрлүү эмгеги.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ АНЫКТАЛДЫ

Ошентип, тандоонун Жобосундагы бардык талаптарга жооп берген, эң көп баллга татыктуу болгон Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү  уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аныкталды.

— Республика боюнча 1-орунду камсыз кылып “Жылдын мыкты мектеби — 2024” наамына ээ болдук. Министрлик  тарабынан бериле турган 300 миң сомдук сыйлыгыбызга,  буюрса төрт класска эмеректерди алганы турабыз, — дейт №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби директору Н.Атамкулова.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ АНЫКТАЛДЫ

Тандоого татыктуу болгон мектептин 38 жылдык тарыхы бар, район ичинде да  алдыңкы орунда турат. Анда иштеген педагогикалык жамаат өз күчүн, билимин сыноо максатында сынакка катышкан эле.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИ АНЫКТАЛДЫ

— 10-класстын мыкты окуучусу Эдилбекова Айтунук видеомонтаж жасады. Конкурска катышуу максатыбыз – мектептин ийгиликтерин, заманбап технологияларды колдонуу менен билим берүүдөгү жетишкендиктерин тааныштыруу болчу. Азыркы мезгилде биздин мектеп жамааты кубанып, сүйүнүп турган чагыбыз. Буга чейин дагы мектеп райондук, облустук “Жылдын мектеби -2023” сынактарына катышып, 1-орунду ээлеп, диплом менен сыйланганбыз, — дейт жетекчи.

Үмүт байлаган мектептер

Жеңишке жетпей калган мектеп жетекчилери мындан ары дагы билим берүүгө өз салымын кошуп, буга чейин кандай иштеп келишсе, мындан кийин андан дагы жакшы иштегенге умтулуп, аракет кылып, жылдан-жылга жакшы жыйынтыктарды беребиз деген үмүттөрүн билдиришти. Анткени, бул сыйлык — мектепке, мектеп администрациясына, эмгек жамаатына абдан чоң стимул берет.

— Конкурстун негизги критерийлери мектептин жалпы ишмердүүлүгүн чагылдырган видеопрезентация жасоо болчу, ошол тапшырмада биз мектептин ишмердүүлүгүн, материалдык абалын, мугалимдердин иштерин чагылдырдык. Мектеп жамааты менен биргеликте болгон күч-аракетибизди жумшап, видеопрезентацияны жөнөткөнбүз. Бул сынакка жалпы 122 мектеп катышкан. Бизге бул конкурс аябай чоң ийгилик алып келди. Бүгүнкү күнгө чейин иш жүрүп жатат. Актовый зал түп отунан оңдолуп жатат.

Мен ойлойм, ар бир жасалып жаткан жумуштан жаңы идея ойлоп таап, мектепти ар тараптан оңдосо болот. Орун албасак да, мектепте чоң жумуш бүтүрдүк! Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясында учурда 130 бүтүрүүчү болду, кийинки жылга 150гө толуктайбыз. Комиссиянын ар биринин койгон баасын карап, кемчиликтерибизди үч  жылдык стратегиялык планга коштук. Биздеги кемчиликти так көрсөтүшүптүр, — дейт Кара-Кулжа районундагы Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин директору Жылдыз Маметова.

“Өз мектебиңди колдо!”

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын өнүгүүсүнө кайдыгер болбогон жана салым кошууга умтулган чыгаан уулдарды жана жарандарды “Өз мектебиңди колдо!”/”Поддержи свою школу!” хештеги менен челленджге катышууга чакырат.

Ар бир бүтүрүүчү  өзү окуган мектебине же 2024-жылы уюштурулган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосуна республиканын аймактарынан катышкан мектептерге колдоо көрсөткүсү келсе, материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтсө болот.

Билим берүүнүн 100 жылдыгынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты мектепти таңдоонун жыйынтыгын чыгаруу менен бирге өнүктүрүү жана билим берүү тармагында кызыкдар тараптардын тажрыйба алмашуусуна аянтча болгон билим берүү марафону өткөрүлөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер