“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: “БҮТ ИЙГИЛИК БИЛИМ МЕНЕН АЛЫНАР. БИЛИМ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ САЛЫНАР!”

  • 24.09.2025
  • 0

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык  сынакка  региондон тандалып, электен өтүп келген мугалимдер чынында эле күчтүү экенин сынак учурунда көрсөтө алышты. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районундагы Бегималы Джамгырчинов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бегим Акматова тууралуу кеп кылалы.

Улуттук нарк-насилге сугарган сабак

Сынактын 3-турунда мугалим өзү тааныбаган борбор калаадагы №67 мектептин 4-классынын окуучуларына адабий окуу сабагынан улуттук тамак-аш темасында ачык сабак өттү. Бул мугалимдин сабак өтүүсү да өзгөчөлөнүп турду. Окуучулар класска кирери менен мугалим даярдап койгон баракчаны алып, кайсы топко отурарын билип алып, жайгашышты. Андан соң мугалим сабакты жылуу маанай тартуулоо менен баштады.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: “БҮТ ИЙГИЛИК БИЛИМ МЕНЕН АЛЫНАР. БИЛИМ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ САЛЫНАР!”

Мугалимдин башкы максаты — окуучулардын темага кызыгуусун жана кызыкчылыгын ойготуу, сабактын темасы менен тааныштырууну көздөдү. Сабак учурунда балдарга   кыргыз элинин улуттук тамак-ашын таанып билүү менен катар текстти окуп түшүнүү жагына да өзгөчө көңүл буруп жатты.   Өткөн тема боюнча окуучулардын ой жүгүртүү, окуган тексти боюнча өз оюн эркин сүйлөөнү өнүктүрүү жагын да унуткан жок.   Ошол эле кезде тарбия берүүчүлүккө да басым жасады. Алсак, дасторкон маданиятына үйрөттү, тамак ичүү адебине тарбиялады. Салт-санаага сый мамиле кылууга, улуттук баалуулукту даңазалоо боюнча суроо-жооп алып турду. Эң башкысы мугалим сабак учурунда окуучулардын өз алдынча изилдөө жүргүзүүсүнө, текст менен иштөөгө үйрөтүү жагы калыстар тобун кайдигер калтырган жок окшойт.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: “БҮТ ИЙГИЛИК БИЛИМ МЕНЕН АЛЫНАР. БИЛИМ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ САЛЫНАР!”

— Башка элдер сыяктуу кыргыз элинин да муундан муунга өтүп сакталып келген элдик тамак-аш өнөрү бар. Алар: бешбармак, казы-карта, чучук, куурдак, быжы, жөргөм, олобо, кымыз, курут, чалап, жарма, боорсок ж.б., — деп мугалим тизмектеп чыкты.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: “БҮТ ИЙГИЛИК БИЛИМ МЕНЕН АЛЫНАР. БИЛИМ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ САЛЫНАР!”

Андан соң окуучуларга улуттук тамак-аштын маанисин, даярдоо ыкмаларын жана маданий маанисин түшүндүрүп өттү. Балдарга суроо берсе, башталгыч класстын окуучулары биринен бири өтүп, жооп берип жатышты. Бул мектептин балдары өтө тың, күчтүү мугалимдер иштерин көрсөтүп коюшту.
Тамак-аштын мааниси тууралуу балдардын бири тамак-аш адамдын жашоосу үчүн эң негизги муктаждык болуп саналат десе, экинчиси — ал ден соолукту сактоого, энергия алууга жана өсүп-өнүгүүгө жардам берет деди. Үчүнчү окуучу ар кандай тамактар организмге ар түрдүү пайда алып келет:   эт – күч жана энергия берет,   сүт – сөөктү бекемдейт,  жашылча-жемиш – иммунитетти чыңдайт деп биринен бири сөз талашып, сабакка өтө кызыгуу менен катышышты.

Андан соң мугалим практикалык жагын көрсөтүү үчүн топторго тапшырма берди. Биринчиси бешбармак даярдашса, экинчиси — куурдак, үчүнчү топ — суусундук, төртүнчү топ – курут жасоо техникасы менен аз убакыттын ичинде презентациялап, улуттук тамак-аш менен шаардык балдар тааныш экенин айгинелешти. Кыскасы, бул сабакта мугалим тааныбаган балдар менен мурдатан эле чогуу жүргөндөй, бири биринен чоочуркабай, жуурулушуп, мыкты сабак болгонун калыстар тобу дагы белгилешти.

Дегеле сынакка катышып жаткан ар бир конкурсант өзүнчө феномен экенин тастыкташты. Ар биринин сабагы өзгөчө.

Мыкты мугалим өзү ким?

Бегим Акматова Ильяз Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжин 2017-2020-жж.,  ал эми И.Арабаев атындагы КМУнун  “Педагогика жана психология институту” 2021-2024-жж. окуган. Төрт жылдан бери Сокулук районундагы Күнтуу айылында жайгашкан Бегималы Джамгырчинов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенип келет. Бегим эжей «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун үчүнчү этабында гран-прини ээлеген.

Анын жашоодогу девизи: “Билим берүү аркылуу келечекти курабыз!”

— Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени балдардын билим алууга болгон кызыгуусу жана алардын өсүп-өнүгүүсүн көрүү мага чексиз канааттануу берет. Алардын көздөрүндөгү жарык жана ийгиликтерине болгон кубанычы мени ар дайым шыктандырат. Мугалим болуп мен балдарга жол көрсөтүп, алардын жашоосунда чоң өзгөрүүлөргө күбө болом. Бул мен үчүн чыныгы бакыт. Окуучуларымдан мен көп нерсени үйрөндүм. Алардын ар бири өзүнчө уникалдуу, ар кандай көз караштары, кыялдары жана мүмкүнчүлүктөрү менен мага жаңы ойлорду ачып берет. Алардын эмгекчилдиги табигый кызыгуусу жана аракеттенүү үчүн чексиз күчтөрү мага да мотивация берип, өз ишимде дагы жакшыртууларды жүргүзүүгө түрткү болот. Ошондой эле, алардан мен сабырдуулук, эмпатия жана адамдарды түшүнүү жөнүндө көп нерселерди үйрөндүм. Окуучулардын жаңы көз караштары жана алардын дүйнөнү кабыл алуусу мага да чоң сабак. Менин хоббим – балдар менен иштөө, китеп окуу, кол өнөрчүлүк, декоративдик-прикладдык өнөр, спорт менен машыгуу, өзгөчө сүйүп алып жүргөн волейбол оюну. Ал эми кесиптик амбициям – билим берүү тармагында өзүмдү чыңдап, өзгөчө, таасирдүү мугалим болуп калыптануу. Окуучуларыма терең билим берип, аларды келечекке даярдоо менен бирге аларга адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл болууга үйрөтүү, — дейт жаш мугалим.

Мындан тышкары, ал  өз кесибине жаңылыктарды киргизип, билим берүү процессин жакшыртуу үчүн ар кандай методикаларды, технологияларды колдонууга аракет кыларын, келечекте педагогикалык деңгээлде жогорку кесиптик чеберчиликке жетүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана билим берүү системасында таасирдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү анын эң башкы  максаты экенин айтты.

Сабактан кийин сынактын калыстар тобунун башталгыч класстар боюнча төрайымы Ж.Абдракунова мугалимдин сабагын өзгөчө баалап, өз пикирин билдирди.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: “БҮТ ИЙГИЛИК БИЛИМ МЕНЕН АЛЫНАР. БИЛИМ МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ САЛЫНАР!”

— Башталгыч класстын мугалимдеринин арасында 1-турдан үч конкурсант жеңип чыккан экен. Ар биринин мастер-класс жана ачык сабагына катыштык. Абдан мазмундуу, терең, окуучуларга пайдалуу сабактар болду. Мастер-класста 20 мүнөттүн ичинде 5 жылдык, 15 жылдык стажысы бар мугалимдер өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтө алышты. Үч конкурсанттын ичинен айырмаланып Сокулук районунан келген Акматова Бегим аттуу мугалим эки турда тең өтө жогорку деңгээлди көрсөтө алды. Окуучуларга берем деген билимин тийиштүү убакытта бергенге үлгүрдү. Ачык сабагында улуттук тамак-аш тууралуу кенен түшүндүрдү. Бүгүнкү күнгө керектүү тема экен, биз балдарыбызга улуттук нарк-насилди, баалуулуктарды, мурасыбызды сактоого тарбиялашыбыз керек. Мугалим сабакта улуттук тамак-ашты жасаганды үйрөтүп, баарыбызды үндөгөн жакшы сабак болду, — дейт башталгыч класстар боюнча калыстар тобунун төрайымы Жылдыз Абдракунова.

Конкурсант  үй-бүлөдө төрт баланын бактылуу апасы, жолдошунун жароокер жары.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер