“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АР БИР СЫНАК – ЖАҢЫ ТАЖРЫЙБА, ЖАҢЫ БИЙИКТИК

  • 21.09.2026

Мугалимдик — мен үчүн жөн гана кесип эмес

2017-жылы биринчи жолу «Мыкты мугалим» сынагына катышкан Канымайым Ысмайылова быйыл бул сынакка үчүнчү ирет аттанды. Ал үчүн бул жол — байгелүү орун үчүн гана жарыш эмес, өзүңдү кайрадан сынап, кесиптик бийиктигиңди өлчөп көрүүнүн мүмкүнчүлүгү. 11 жылдык мугалимдик тажрыйбасы, физиканы практика менен окутууну максат кылгандыгы жана билим берүүдөгү жаңыланууга умтулуусу Канымайымды өз кесибин жүрөгү менен тандаган мугалим катары таанытат.

Канымайымдын мугалимдик жолунун башаты үй-бүлөсүнө барып такалат. Атасы — мугалим. Ата-журтунда, тайлары тарапта да мугалимдер арбын.  Бирок үй-бүлөдөгү кесиптик салт мугалим болууга багыт бергени менен, аны чыныгы агартуучу кылган нерсе — өзүнүн тандоосу, изденүүсү жана кесипке болгон мамилеси. “ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: АР БИР СЫНАК – ЖАҢЫ ТАЖРЫЙБА, ЖАҢЫ БИЙИКТИК

Алгачкы устаттан башталган жол

Ар бир мугалимдин кесиптик дүйнөсүндө өзгөчө из калтырган устаттары болот. Канымайым үчүн да мындай адамдар аз эмес. Ал өзүн мектептеги биринчи мугалиминен тартып, жогорку окуу жайдагы окутуучуларына чейин, кийин мектепте чогуу иштеп, таасир жана тарбия берген кесиптештеринин ар бирин устатым деп эсептейт. Алардын Канымайымдын келечектеги кесиптик багытына кошкон салымы чоң. Айрыкча так илимдерди окуй алам деген ишениминин калыптанышында мугалимдеринин орду өзгөчө болгон.

“Так илимдерди тандоомо мектептеги мугалимдерим чоң түрткү берген. Алар мага жөн гана билим бербестен, өзүмө ишенүүгө үйрөтүшкөн. Мендеги «так илимдерди окуй алам» деген ишенимимди ошол мугалимдерим калыптандырган», — дейт ал.

11 жылдык жол: мугалим да күн сайын үйрөнөт

Канымайымдын мугалимдик кесипте эмгектенип келе жатканына 11 жыл болду. Бул аралыкта билим берүү системасы да, окуучулар да, мугалимге коюлган талаптар да өзгөрдү. Анын түшүнүгүндө мугалимдик — бул бир жолу үйрөнүп алып, өмүр бою ошол билим менен иштеп кетүү эмес. Мугалим күн сайын өзү да жаңыланып, жаңы нерсе үйрөнүп турууга тийиш.

«Мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгү күн сайын өзүңдү жаңыртып, үйрөнүп турууну талап кылат», — дейт ал. Кесиптеги эң татаал маселелердин бири катары окуучунун билимин баалоону белгилейт. Себеби баа — жөн гана сан же белги эмес, баланын өзүнө болгон ишенимин жарата турган маанилүү көрсөткүч.

Окуучунун азыркы билимин гана эске алып баа коюу менен анын жаңыдан ойгонуп келе жаткан аракетин, кызыгуусун басаңдатып алуу коркунучу бар. Ошондуктан Канымайым ар бир баага кылдат мамиле кылууга аракеттенет.

«Жөжөлөрүм» деп эркелеткен окуучулар

Канымайымдын мугалимдик образын анын окуучулары менен болгон мамилесинен да көрүүгө болот. Анын байкоосунда, сабакта кыймылдуу, мугалимди бир топ түйшөлткөн, тентек балдардын арасынан кийин жашоодо абдан кайрымдуу, боорукер адамдар көп чыгат. Ошондуктан ал ар бир окуучунун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн эске алып, жекече мамиле кылууга аракет кылат.

5-класска класс жетекчи болуп дайындалган жылдары окуучуларынын ызылдап, тентек кылганынан улам аларды эркелетип «жөжөлөрүм» деп атачу. Бир күнү окуучуларынын бири:

— Анда эмне, сиз тооксузбу? – деп суроо берип, классты күлдүргөн.

Мугалим менен окуучунун ортосундагы жылуу мамиле дал ушундай жөнөкөй көз ирмемдерден түзүлөт.

Ошол кездеги «жөжөлөрү» быйыл мектепти аяктап жатышканын айтат. Мугалим үчүн – бул бир жагынан сыймык болсо, экинчи жагынан ичти ачыштырат. Кечээ эле 5-класстын окуучулары болгон балдар бүгүн өз алдынча чоң турмушка кадам таштоого даяр турушат. А мугалимдин жүрөгүндө алардын балалык кезиндеги күлкүсү, суроолору, кылыктары калат. Кийин жолуккандагы алардын жылуу мамилеси, сый-урматы жана ишеними ага дагы да мыкты мугалим болууга дем берет.

Конкурс  жеңиш үчүн гана эмес, өсүү үчүн да керек

Канымайым кесиптик өсүүнү өзгөчө баалаган мугалимдердин бири. «Мыкты мугалим» сынагына 2017-жылы биринчи жолу катышкан. 2022-жылы кайрадан күчүн сынап көргөн. Быйыл, 2026-жылы, үчүнчү ирет бул сынакка катышууда.

Үч жолку катышууда ал бир нерсени айкын түшүнгөн: сынактардын баалуулугу байгелүү орун менен гана өлчөнбөйт. Конкурстун жүрүшүндө мугалим өзүнүн билимин, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүгүн кайрадан таразага салып, кемчил жагын башка кесиптештерден үйрөнөт. Ошол эле учурда өзүндө бар мүмкүнчүлүктөрдү дагы бир ирет ачат.

«Конкурс — жеңиш үчүн гана эмес, өсүү үчүн да керек», — дейт ал. Ошондуктан кесиптештерин да мындай сынактардан коркпой, өзүн сынап көрүүгө чакырат.

«Алтын казык» жана өзгөрүп жаткан мугалим

Канымайым билим берүү тармагындагы азыркы өзгөрүүлөрдү зарыл жана мезгил талабына ылайык кадам катары кабыл алат. Айрыкча 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жана «Алтын казык» улуттук программасы мугалимдин ишине жаңы талаптарды коюп жатканын белгилейт. Анын түшүнүгүндө «Алтын казык» — жөн гана окуу мөөнөтүн узартуу эмес. Анын өзөгү — баланы даяр маалыматты жаттоого эмес, ойлонууга, изденүүгө, алган билимин турмушта колдонууга үйрөтүү. Мурда «эмнени окутам?» деген суроо маанилүү болсо, бүгүн «баланы кантип ойлонууга үйрөтөм?» деген суроо алда канча маанилүү болуп калды.

Ал азыркы Z муунунун жана Альфа муунунун өкүлдөрү даяр маалыматты угуп отургандан көрө, өздөрү изденип, ойлонуп, жасап көрүүгө көбүрөөк кызыгарын белгилейт. Ошондуктан бүгүнкү мугалимдин ролу да өзгөрүп жатат. Ал маалымат берүүчү гана эмес, окуучунун кызыгуусун ойготкон, багыт берген, чыгармачыл жана жаратман адис болууга тийиш. Бул түшүнүктөрдүн калыптанышына Канымайым үчүн Г.Мадаминов, Т.Сияев, А.Токтомаметов сыяктуу агартуучулардын таасири чоң болгон.

Физика — формула эмес, тажрыйба

Канымайым үчүн алдыда турган эң чоң максаттардын бири — мектепте заманбап лаборатория түзүү.

Канымайым физика сабагын мүмкүн болушунча практикалык жана изилдөөчүлүк багытта окутууну каалайт. Бул үчүн жеткиликтүү жана коопсуз каражаттар менен жабдылган лабораториялык кабинет керек экенин айтат. Окуучулар физикалык кубулуш тууралуу китептен окуп гана тим болбостон, аны өз көзү менен көрүп, өз колу менен тажрыйба жасап окушса дейт.

Күндөй жылуулук, Айдай багыт

Канымайымдын мугалимдик философиясын анын төмөнкү саптары таамай сүрөттөйт:

«Күндөй бол, мээрим чачып окуучуңа,
Мээримиң, билимиң — нур болсун бүт баарына!
Айдай бол, караңгыда жарык чачкан,
Билимиң, тарбияң — жол көрсөтсүн ар бир жанга!»

Бул жөн гана ыр саптары эмес. Анын мугалимдик кесипке болгон көз карашынын өзөгү. Ал окуучуда өзүнө болгон ишенимин ойготууну маанилүү деп эсептейт. Балдардын көзүндөгү билимге болгон куштарлыкты көрүү, алардын ар бир кичинекей жетишкендигине орток болуу — Канымайым үчүн бакыт. Анын хоббилери да ушул изденүүчүлүк мүнөзүнөн кабар берет: жаратылышта сейилдөө, китеп окуу, жаңы өнөр үйрөнүү жана үйрөнгөнүн башкаларга үйрөтүү.

«Мен аларга билим берсем, алар мага адам болуунун чыныгы маңызын үйрөтүштү», —дейт ал окуучулары жөнүндө.

Канымайымдын максаты — окуучуларынын эсинде билим берген, ишеним жараткан, жол көрсөткөн адам болуп калуу. Чыныгы мугалимдин эң чоң жеңиши —  окуучусунун келечектеги ийгилиги эмеспи.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү