“ЖЫЛ МУГАЛИМИ”: “АР БИР БАЛА — МҮМКҮНЧҮЛҮК. МЫКТЫ МУГАЛИМ — АЧКЫЧ!”
- 24.09.2025
- 0
Талас облусундагы Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин англис тили мугалими Раушан Карабекова да республикалык сынакка катышып, эки турунан тең жогорку балл алган мугалимдердин бири. Тилекке каршы, 3-турду багындыра албай калды. Кандай болгон күнү дагы Раушан Карабекова мыкты мугалим экени айдан ачык.

Биздин каарманыбыз 2009-жылы Талас мамлекеттик университетинин англис тили бөлүмүн аяктаган соң, дароо эле Покровка мектебинен эмгек жолун баштаган. Ал мектепте 16 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келатат.
Ушу жылдар аралыгында ал FLEX, Access Program, Next (STEM) GenEd эл аралык программалар менен тыгыз байланышта иштеп келет.
Өтө жаркылдаган, кесибин сүйгөн, окуучуларга мээримин төккөн мугалим экен. Сабакка кирери менен балдарды өзүнө тартып алган күчтүү касиетке ээ экени байкалды. Анын девизи: “Ар бир бала — мүмкүнчүлүк. Мыкты мугалим — ачкыч!”
— Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени балдар менен иштегенден ырахат алам. Окуучуларымдан аруулукту, чынчылдыкты, жоопкерчиликти, сүйүнүүнү, тазалыкты үйрөндүм. Өзүм тамак бышырганды, китеп окуганды, ырдаганды өтө жакшы көрөм, — дейт жаркылдаган мугалим эжей.

Ал окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун ойготуп, алардын тилде эркин жана өзүнө ишенген денгээлде сүйлөөсүнө көмөктөшүп келатканы мастер-класста жана берген ачык сабагында айкын көрүндү.
Раушан Карабекова 2015-жылдан баштап Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларына тил жана маданият үйрөтүүчү фасилитатор.
Бааланган эмгектери
Элеттик мугалимдин ар бир жасаган иши жерде калбай, жергиликтүү бийлик, эл аралык уюмдар аркылуу бааланып келатат. Алсак, “Жылдын мыкты мугалими — 2010” кароо-сынагынын облустук турунда “Эң акылгөй мугалим” номинациясынын жеңүүчүсү (2010); Кыргызстандагы “Күчтүү Айымдар” долбоорунун тренери (2019); сертификат победителя в номинации “Воспитание сердца” в рамках международного конкурса “Лучшие практики в области образования в интересах устойчивого развития” (2022); Anglia Examinations долбооруна катышып, балдарды англис тилине окуткандыгы үчүн Ыраазычылык кат (2024); “Англис тилинин мыкты мугалими” грамотасы менен (Билимкана администрациясы, 2025) сыйланган. Ошондой эле көптөгөн эл аралык уюмдардын ар кандай долбоорлорго, программаларга катышкандыгы боюнча сертификаттары бар.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер